Кирүү

Долоно

Дөнөндүн атасы шоопур. А шоопур кишинин иши жайы-кышы бүтпөйт го?! Кээде таң ата кетип, эл жатаарда ке­лет. Мына, азыр жыйым-терим кызып турган кези, түн бою кырманга кызыл ташыйт. Ошон үчүн, атасы он күндөн бери уулун машинесине салып ойнотолек. А кичинекей Дө-нөндүн күз күрөшү менен эмне жумушу бар, мурдагыдай машинесине салбаганына атасына катуу капа болуп жүрөт…

Береги кошуна Жапек чал кечээтен бери те этектен үйүнө чөп ташып атат. Мындан жарым ай мурда чапкан экен, кургаганда ар кай жерге чемелеп коюптур. Бардыгы үч чон чемело болгон экен, кечээ эки чөмөлөсүн ташыш-кан. Бүгүн бир чөмөлөсүн жүктөп келет. Эгер, ат араба болгондо, үч чөмөлөнү бир эле жүктөп, ташып алмак, би­рок Жапектики эшек араба го?!

— А-а, келдиңби, Дөнөн?! — деди айры менен аркан-ды арабага салып аткан кара чал какырынып.

— Келдим! — Тиги кек эшекти арабага чегип койгон экен, бала катуу кубанды.

Айылдан чыккандан кийин алар алышты жээктеп кет­кен жолго түштү.

Күн аркан бою көтөрүлө түшкөн. Асман апачык.

Күз кемелине келип, тоо-талаанын баары алтынданып жатат. Айыл дарактарынын жалбырактары да жездей сар-гая баштаган. А береги алыш боюндагы бадалдардын жал-бырагы эндиктей кызарып чыккан. Ошо бадал арасында карагаттар бар, бирок анын жемиши небак бышып, кез келгени терип бүтүргөн. Азыр баланын ою такыр башка-да — этектеги долонолордо…

Арабага чегилген кок эшек кыдыңдап тың. Жол улам ор талашса да, арабаны жеңил тартып баратат.

Денен эшек арабага мурда түшүп көргөн эмес, эси-дартынын баары атасынын машинесинде болгондуктан, кошунанын арабасын карап да койчу эмес. А бу жолу…

Жапек чал эшек жайлай калганда "Чу!" деп, кок эшек-ке камчы жазгамыш болот. Ошондо эшек атырандап берет дейсиң!

"Ой, жыргал-ай!"—деп ойлоду Денон зымырылып ба­раткан арабанын үстүндө баратып. Ал да Жапекчилеп

бутун арабадан салаңдатып койгон. Мурда кол кылаасы куздун куну ушунчалык кооздукка батарын ал дегеле бай-каган эмес. Кечоотон бери гана, ушул эшек арабага туш-кондон бери гана, ал табият сулуулугуна алгач ирет орток болуп отурат. Ана, азыр да тоону, долонолуу этекти, ан-дан берки дың талааны, жээкти, кө-өпкөк тартып дымып жаткан кол бетине элжирей тиктеп баратат.

— Донон, ырдачы!—деди Жапек чал жол ортолоп калганда.

— Кечээ эле ырдабадымбы?

— Ырдасаң тез жетебиз.

Бала жөтөлүп, үнүн жасады да, ичке уну менен ырдай баштады:

Ала бакай тайымды Сууга салсам бойлобойт. Түгөнгүрдүн кыз;: ары, Меня менен ойнобойт…

— Бали!—Жапек баланы шердентип салды.—Дагы!..

Дөнөндүн ырлары деле анча коп эмес.

Тоодон элик бакырат, Байдын кызы чакырат’. Барайын десем ит урөт, Барбайын десем ич күйөт…

— Азамат! Дагы…

Донон үчүнчү — акыркы ырын ырдап, анан кайра ба­шынан кирип. Анын оюнча, береги.чал ырдалган ырларга тим эле эрип калганбы, кандай?..

— Др-р-р!

Келер жерине жетишкен экен. Жапек чал арабаны чо-моло жакка тартты. А Донон секирип түштү да, жакын эле жерлердеги топ долонону коздой безип жоноду.

— Бакай бутакка чыкпа, жыгыласың!—деди чал.— Колун жеткен гана жердеги мөмөлөрдү терип жей тур. Азыр чопту арабага басып коюп, анан барып, саа момо теришем.

— Макул!

Бала мурда долононун ашын жеген эмес, кечээтен бе­ри гана… Чиркин, кы-ыпкызыл тартып бышкан экен! Ко­лун тийгенде эзилип, кы-ыпкызыл чыгы салаалардан агып, оозуңа салсаң өзү эле эрип кетет! А даамычы?!

Донон колуна тийгенин үзүп жеп да атат, кьщылдап ырдап да атат. Не деген жыргал?!

Коп отпой чал да келип, шапкеси толгуча долонб мо-мөсүн терип берди. Анан, булар кетмей болушту. Балага бул ото оор тийди, не дегенде, Жапек чал эми буерге кел­мек эмес, акыркы чөмөлө эшек арабага басылып, аркан менен тыкыйта таңылып, кок эшек томен баштанып тур­ган. А буерде момолору мончоктой быжыраган долонолор калып аткаш Донон аны кыйбай кетти.

— Чоң ата, эртең эле кетеличи…

— Ий, эмне болду? — Алдыдагы чал кайрыла калды.

— Тиги долонолорду… биз жокто… бироолор… Чал баланын оюна күлүп ийди.

— Ушу жерге конуп алып, эртең кетели.

— А, айланайын, түнкүсүн буер суук болот,— деди абышка эми олуттуу түрдө.— Үйдөн жууркан-төшөк алып келип түнөбөсөк…

Бала буга пшене калды. "Ырас эле,— деди ал оюнда.— Үйдөн төшөнчү алып келиш керек, анан түнөш…"

Алар арабага келгенден кийин чал баланы үстүнө отургузду да, озу эшектин алдына түшүп, жетелеп жо­ноду. Жол энкейиш болгондуктан, кок эшек эми чурка-гысы келгендей эдиреңдейт, бирок алдыда бараткан Жа­пек анын оозун тартып, антүүгө мүмкүндүк бербейт.

Жүктөлгөн чөптүн үстүнө отурганда Дөнөнгө айлана­йын баары көрүндү. Ал долононун мөмөлөрүн уучу менен жеп да келатат, тегерегин суктана карап кьщылдап да келатат: "Ой, жыргал-ай!"

Араба эңкейиштен түздүккө жеткенде абышка да ара­бага түштү. Эми экоо катар отуруп калды.

Бала, шапкесиндеги мөмөлөрдүн баарын жеп болуп башына кийип алды. Мөмөнүн ширесинен улам колдору, ооздору кызылала, бирок ал ага карабайт, кыдыңдап ба­раткан кок эшекти элжирей тиктеп, араба үстүндө теле-гени тегиз!

Кеп отпей тээ жээк жактан эгин чаап жүргөн ком-байндар, аякка каттап аткан машинелер көрүндү. Ал атасын эстеди, бирок ага он күндөн бери таарынып калган эле, андыктан ал жакты такыр карагысы келген жок.

Жарым саат етпей булар кара жолго чыгышты. Эми кызыл тарткан машинелер алардын түбүнөн ете баштады.

— Ана, атан, келатат! — Чал жолдун алдын керсете берди. I

Чын эле атасынын машинеси экен, кере сала тааны-ды. Корубу толтура ак буудай. Мында, баланын таңгал-ганы — атасынын машинасынын кырына тагылган кызыл желекче болду.

— Дөнөн, атак кызыл ташыгандардын ичинен биринчи орунда экен!—Чал катуу кубанды.— Карачы, те Өтмө Кызыл желекти!

Денен ошол желекти азга карап турду да, анан буру-луп башка жакты карап калды, ал атасына абдан катуу таарынып калган болучу.

Машине жакындап келип, кара жолго чыгып, айыл тарапка бурулду да, булардын түбүнөн эле өттү. Албет-те, ал чеп басылган арабанын үстүндөгү уулун көрдү, бирок токтободу.

— Азыр мелдеш курчуп атпайбы,— деди чал.— Ар му-нет алтынга тете! Кечикпеш керек, башкаларга биринчи-ликти уттурбаш керек…

Буга Дөнөн анча түшүнө бербеди, тек гана токтобой кеткен атасына ого бетер таарынып калды. Анан ойго кетти: "Мейли, кетсе кете берсин, өзүнө жаман… Эгер, токтогондо, ага долоно’лордун кай жерде экенин айтат элем… Ал да барып жейт эле… Эми ага долоно да жок.— Анан күрсүнө кетти.— Э, мейли, ошол долоно жеп көрдү дейсиңби?.. Анын даамын билет дейсиңби?..— Эми ал атасына биротоло таарынды.— Ошонун шалдыраган ма-шинесинен кере, ушул эшек араба сонун эмеспи… Кара­чы, чоп жүктөлгөндө кандай жумшак… Ал чеп жүктөлгөн эшек арабанын үстү кандай олпок экенин билет дейсиң-би?.. Эшек арабага түшүп көрдү дейсиңби?.."

Ой-пикирлер