Кирүү

Жыгачтан жасалган кесе

Илгери-илгери өткөн заманда бир чал жашаган экен. Карылыктан көзү көрбөй, кулагы укпай, тизелери калчылдап, анча баса албай калыптыр. Тамак ичээрде колдору калтырап, кашыкты түз кармаганга алы келбей, шорпону дасторконго же өзүнүн үстүнө төгүп алчу экен. Ага уулу менен келининин абдан жиндери келип, урушуп, көңүлүн абдан оорутушчу болот. Акыры тажашканда дастаркондон бөлүп, мештин артындагы бурчту көрсөтүп, колуна чоподон жасалган кесе карматып, ошол жерде тамагын ичип отура берсин дешет. Карыя адам балдары көргөзгөн бурчтан такыр чыкпай отура берет.

Дастарконду карап, балдары менен чогуу отурганды самап, жакшы көрө албаган көздөрүнөн жаш кетет. Бир күнү калтыраган колдорунан кесесин түшүрүп жиберип, сыңдырып алат. Келини көнүлгө катуу тие турган сөздөр менен урушат. Эртеси баласы дүкөндөн ырайы келишкен, эптеп-септеп жасалган жыгач кесе сатып келет да, атасына берет. Келини ашканада отурса, төрт жаштагы баласы бир канча жыгач көтөрүп, кирет. Аны көргөн атасы: Ал жыгачтарды эмне кыласың?деп сурайт. Бул жыгачтардан кесе жасайм. Сиздер карыганда мен жасаган кеселерден тамак ичесиздер да, дейт. Уулунун айткан сөздөрү ата-энесине абдан катуу тийип, өз жасагандарынан уялып кетишет. Атасын дасторконго кайра чакырышып, тамакты төгүп-чачса да катуу айтпай, бапестеп бага башташат.

Ой-пикирлер