Дыйкан жана деңизчи
Бир дыйкан деңизчилердин мелмилдеген ачык деңиздерге чыгышып, өмүрлөрүн асман менен деңиз арасындагы өжөр толкундарга аманат кылгаңдарына абдан таң калчу болот. Кемечилерди "акылсыздар" дечү экен. Бир күнү жээктен бир кемеге жолугуп калып, атасынын кайда өлгөнүн сурайт. Кемечи: Кайда өлмөк эле, деңизде, деп жооп берет. Чоң атаңын атасычы? Ал да деңизде өлдү. Макул, атаң деңизде өлүптүр. Чоң атаң да, анын атасы да дсңизде өлсө, сен ушул тактайлар менен деңизге чыгып, өжөр толкундар арасына кирип, өлөм деп коркпойсуңбу? Деңизчи анда күлүп: Сенин атаң менен чоң атаң кайда өлгөн? Кайда өлсүн, төшөктө жатып эле өлүшкөн. Андай болсо, атаң менен чоң атаң төшөктө өлсө, сен ар күнү төшөккө киргенде өлөм деп коркпойсуңбу? Эй дос! Өлүмдүн кайсы жерде келгени маанилүү эмес, адамдар жакшы, намыстуу жашап өтүп, ишеним ичинде көз жумса болду, дептир кемечи.