Кирүү

Кыраан

Июнь айы эле. Мүнүшкөр өзүнчө тигилген боз үйдө багылып аткан Темирчеңгел деген бүркүтүнө жаңы ле союлган кызылала эт сугунтуп атты. Ушул кеченун бал-дары боз үйдүн оозун сагалап, бүркүттүн эт сугунганына кызыга карап, топурап турат.
Бүркүт кандуу этке аябай тойгондон кийин силкине кетти эле, боюндагы майда тыбыт канаттары бырпырап күбүлө берди.
— Ата, карасаңыз, бүркүт жапжаңы болуп калды! — деп танданат балдар.
— Муну — түлөтүү дейт, балдарым! — Мүнүшкөр бүр-күт жайынан шашпай кеп салат.— Бүркүттүн майда канат-тарын жылыга, а канат-куйругун эки-уч жылда бир түлө-түш керек. Майда тыбыт канаттарын түлөтүу үчүн бур-кутке кандуу эт берип, аябай семиртиш керек. А эскирген канат-куйругу учурунда бирдеи-экиден билинбей түшүп, ордуна жаңы канат-куйрук чыга берет...
Ошентип, бүркүт түлөп, ордуна жылтылдаган жаңы тыбыт канаттар чыгып болгон кезде мүнүшкөр бүркүткө сууга салынып, каны кеткен эт бере баштады. Аны жон бербестен этке улам-улам түкүрүп отурат.
— Этке эмне үчүн түкүросүз? — деп сурайт балдар.
— Адам шилекейи,— дейт мүнүшкөр,— бүркүткө эң таттуу болот.
— Ата, бүркүтко кандай учурда кандай эт бересиз?
— Өзүңор көрдүңөр го, бүркүттү түлотүү үчүн каны шорголоп турган жапжаңы эт берилет, ал жем "кансокту" деп аталат. Ал эми түнеп калган катуу эт "кызыл" деп аталат. Экөо тең күчтүү, бүркүттү тез эле семиртип ийет. Бүркүт түлогондон кийин аны таптоо үчүн кайра арыкта-тыш керек. Анүчүн этти туурап, сууга аябай жууп, канын кетирип, анан берет. Ал жем "сарыбөртмө" деп аталат. Ал эми сууга эки-үч күн салынып, бүт ширеси чыккан этти "акжем" деп коёт. Мындан сырткары, бүркүттү этинен аз-дыруу үчүн сууга аябай жуулган боз опко да беришет. Бул үчөө тең бүркүттү этинен тез аздырат. Мына ошондон кийин бүркүттү бир калыпта кармоо керек болот, ал үчүн аңдын толорсук эттери пайдаланылат. Ал жем "тартма" деп аталат. А качан гана бүркүт илбээсинди же аңды ал-ганда, анын чеңгээлинен олжону бошотуп алып, ага чон кесим эт беришет. Ал жем "тоют" деп аталат. Бүркүткө туздалбаган эттин баары табы жана учуру менен берилет. Бүркүткө таттуу да, ачуу да жем бериш туура эмес...
— А бүркүттү кантип кармап, колго түшүросүз?
— Бүркүт куштардын ичинен эң кубаттуусу, кайрат-туусу, жүроктүүсү жана кекчили. Ал ото сезимтал келет. Бүркүттүн эки туру бар: бири тоо бүркүтү. Булардын ичинен тоо бүркүтү талаа бүркүтүно Караганда ото зор, караандуу, алгыр, кубаттуу, билеги жоон, түсү каралжын-коңур, эки ыйыгы менен куйрук канаттарынын алдында майда ак канаттары мол, саңоор канаттары агыш келет. Ал кышкы чилдеде бир, же эки жумуртка тууйт. Жумурт-ка кышкы аязга чыныккан сон баса баштайт, жазында чыгарат. Ак үрпөк балапандар майдын орто ченинде те-мир канат болот да, июнь айынын башында учушат. Бүр-күттүн балапандарын ушул учурдан кечиктирбей, энеси алыскы чабытта жүргөндө уясынан алып кеткен жен. Кы-раан чыкчу балапандардын буттары узун, текөерлөрү курч болот. Анан ал мүнүшкөрдүн колунда, боз үйдүн капшы-тында, тугурда багыла баштайт. Тугур деген балапан отурчу секи. Ал куштун куйругу жерге тийбегендей бийик-тикте болуш керек. Бу кезде, ал биринчиден адамга үйүр
алат, экинчиден күн тийбеген салкында өсөт, үчүнчүдөн, жем берген ээсин аябай таанып, достошуп кетет. Мүнүш-көр балапанга жем берерде: "По-по-олоп" үн салып, жем жедирип атканда да "пополоп" турат. Акыры балапандын кулагына бул ун аябай сиңип калат да, ээси ага көрүн-бөгөн жерге туруп алып үн салса, бүркүтү ошо дабышты кууп, өзү таап келчу кырдаалга жетет... Ошентип, жай бою жакшы асыралат. Күз ортолоп, чалгын канаттары аябай жетилгенде, балапанды бүркүтчү кайырууга алат. Кайыруу деген — балапанды аңга салууга үйрөтүү. Буга бир ай, кээде эки ай кетет. Атайы туюк сыйрылган түлкү-нүн терисинин ичине саман тыгылып, чырга салат. Ал эми түлкүнүн башына эки козүнон көрүнүп тургудай эт тыгы-лат. Качан гана бүркүт чырганы алганда бир текөөрү менен дал ошол башты мыкчып, ошо көздүн ордун чокуй баштайт. А кадимки аңга салынганда бүркүт анын башына тырмак салары менен көзүн чокууга ашыгат. Бүркүттү аң алдырууга үйрөтүүнүн үч түрү болот: биринчиси — тептир-ме. Бүркүт асманга коё берилгенде жерде чырга сүйрөп бараткан адам токтоп калса, бүркүт бир орунда турган чырганы асмандан шукшурулуп келип, тээп алат. Бүркүт-тү буга үйрөтүү өтө коркунучтуу. Кээ бир бүркүттөр асмандан шукшурулуп келип астындагы түлкүнү тебээринде, түкөң мант берип кетсе, бүркүт жазып, жерди же ташты, казыкты же дүмүрдү тээп алып өлгөн учурлар болот. Экинчиси — бастырма. Чырга сүйрөп бараткан адам бүр-күт асмандан шукшурулуп келип чырганы алганда аны сүйрөөсүн шак токтото коёт. Бул да кооптуу. Себеби, бүр-күт түлкүнү, же башка бир ирдүү аңды алганда сүйрөп жөнөшү мүмкүн. Ошондо бүркүт аны токтотом деп экинчи текөөрү менен кез келген бутакты же Караганды мыкчый калып, ошонун кесепетинен бир саны үзүлүп кеткен учурлар болот. Үчүнчүсү — сыйпатма же серптирме. Мында бүркүт чырганы алгандан кийин анын көзүн чокуп, олжону асманды көздөй илип учууга же токтотууга канаттары менен аракет кылат. Ошондо чырга сүйрөп бараткан адам атынын оозун тартышы керек. Бүркүттү аң алдырууга үй-рөтүүнүн эң жакшы түрү дал ушул серптирме...
Балапан бүркүтко томого ушул учурдан тартып салы-нат. Ар нерсеге талпынып бөедо убара болбоосу үчүн күн-дүз кийгизилет, а түн ичинде алынып коюлат. Антпесе башы биттеп, кийин таз болуп калышы мүмкүн. Аны колго кондуруу үчүн төонүн моюн терисинен тигилген мээлей кийиш керек. Анткени ага бүркүттүн тырмактары өтпөйт. Ушул учурда анын эки шыйрагына балак боо тагылат.
Узундугу бир кулач келген жем боо дал ошол балак боо-нун кош чыгырчыгынан өткөзүлөт. Бүркүттү колго отур-гузганда кол талып кетпес үчүн ага ача таяк зарыл болот. Анын түбү тизе жаккы ээрге тирелип, оодо караган ача жагына мүнүшкөр бүркүт кондурган колун коёт.
Бүркүт тапка келгенден кийин коёндун эти менен ба-гылат. Ал буркүт үчүн эң жагымдуу жем.
Күз келген кезде бүркүтчү таптаган балапан бүркүтүн алып аңга ар дайым туш оой чыга берет. Бул кез илбээ-синдер менен аңдардын оттоп чыккан учуру. Бүркүтчүнүн алдында какмачы жүрөт. Ал бадал аралап, анда жүргөн аңдарды үркүтөт. А бүркүтчү ошол аң качканда бүркүэ-түн томогосун алып учурат. Балапан бүркүт адегенде коён-дорго, кекилик-чилдерге салынат. Кантүбөт болгон кезинде андан чоңураак аңдарга, а таштүлөк болгон кезинде түлкү өңдүү аңдарга, аккуу өңдүү илбээсиндерге чейин алат. Жакшы тапталган бүркүт көзүнө көрүнгөнүн сая кетир-бейт. А кышкысын кар түшкөндө мыкты бүркүтчүлөр из кууп, чыгаан кыраандарына карышкырларды алдырат.
Жашына карай бүркүттөр да түрдүүчө аталат. Бир жаш — балапан, эки жаш — кантүбөт, үч жаш — тирнек, торт жаш — таштүлөк, беш жаш — музбалак, алты жаш— кана, сегиз жаш —жана, тогуз жаш —майтүбөт, он жаш— барчын, он бир жаш — чөгөл, он эки жаш — баркын... болуп кете берет. Too бүркүтсүз болбойт, балдарым! — деп кебин аяктады Мергенбай мүнүшкөр. — Too бүркүттөрү-нүн ото чыгаандарын эл кыраан деп коёт. Кыргыз эли илгерки жоокерчилик заманда өзүнүн баатыр уулдарын да кыраан деп атаган. Силер, балдар, ата-баба жолун жол-догон кыраан болуп оскуло! Эл керегине жараган азамат болгула!..

Ой-пикирлер