Кирүү

Он эки миллион

Адеп караганда көрүнгөндөй байлар ар дайым эле бактылуу боло беришпейт. Айрымдары түндөсү киного барышат. Бир даары акындардын, жазуучулардын көрүнүктүү чыгармаларын кооз салондордо угушат, мармар устундуу кенен балкондордо музыканттар топтолуп, пианино чалып, көңүл ачышат. Айрым бай кишилер болсо, дүйнөнү кыдырып, саякат жасашат, дүйнөнүн көрүүгө татыган санат эстеликтерин, сарайларды, сепилдерди, табият көрүнүштөрүн көрүшөт. Байлардын жашоосу көңүлдүү, молчулук ичинде өтүп жаткандай көрүнөт. Жактырган бардык нерсесин дүкөнгө барып эле сатып ала алышат. Муну тыштан көргөндөр: "Байлар каалаганын жасашат жана бактылуу да боло алышат" деп ойлошот. Бирок мен антип ойлобойм. Колунда жок кишилер байларга караганда бактылуу да, капарсыз да жашарына ишенем. Бир отунчу да болсо, эгер чыныгы адам болуп, рухунда кооздук, сулуулук туйгусу бар болсо, жолдун четиңде жайнап турган бир гүлкайырды көргөңдө көңүлү эргийт. Мандай тери менен табылган бир тилим нандын даамы эч нерсеге тең келбейт. Өмүрдөгү эң ыйык нерсе-иштеп, абийир менен нан таап жемек. Жакыр дыйкандын оозунан чын дилинен чыккан дубаларын периштелер Аллаага жеткиришет. Иштеген киши эриккенди билбейт. Зеригүү, бекерликтен тажоо дегендер ага жат. Буларды байлар гана билет. Зарара конту, Бай Арно өзү жашаган шаардын эң бай кишилеринен бири болчу. Жаш болгонуна карабастан, жашоонун бүтүн даамдарын таткан, тажап, чарчап бүткөн. Бул жашоодо жасай турган эч нерсеси калган эмес. Байлык адамга тартуулаган бүтүн сулуулуктар, жеңилдиктер колуңца болчу. Узун саякаттар жасап, ырдап-бийлеп, көңүл ачып, кумар ойноп жүрүп, жылдар өткөн соң атасынын очогуна кайткан. Шаардын дөбөчө жериндеги көркөмдүү чарбагы жибек, пилдин тиши, сансыз кызматчыларга толо болчу. Бирок бай Арно баары бир зериге берчү. Бардык жерде, бардык учурда эле анын кош көңүл, кайдигер отурганын көрүүгө болор эле. Чарбакты курчаган токойдун сыйкырдуу кооздугуна, том-том китептерге, көз тайгылткан баллдарга, кечелерге карабастан, анда ар дайым бир санаа бар боло турган. Адам баласына бакыт жана беймаралдык тартуулаган бир иши жок эле бай Арнонун... Эригүүсү да ушундан улам боло турган. Бир күнү эртең менен токойду жалгыз башына кыдырып чыгууну ойлоду. Ичи камыгып, өзүнчө эле бушайман болуп, эч нерсе анын сезимдерине кымындай да таасир бере алчу эмес. Назик, аппак колдорун желкесине таяп, башындагы жаман ойлорду алып салууга аракеттенгендей болду. Тажатып, жардам сураган бирөөлөрдүн болбошу аны бир аз тынчытты... Шиберге үстөмөндөп жатып алып, көздөрүн жумду. Бир канча саат бою тынч уктап эс алгысы келди. Бул тажатма, ажарсыз дүйнөдө жасай ала турган жалгыз иши бу болчу. Так башынын үстүндө куштар топтолуп, чыйрыттап сайрап жатышты. Капысынан эле куштардын жапырт учуп калганын көрдү. Аркасынан эле жакындап келе жаткан табыштарды жана балдардын сүйлөшкөндөрүн укту. Ичтеринен бирөө кубанычтуу үнү менен кыйкырды: Он эки миллион... Башка бирөө ага каршы болуп: Бул өтө көп. Бир миллиондон ашык акчам болушун каалабайм. Он эки миллиоңцу эмне кылмак элем. Кел, Франс. Бул жерде тактай отургучтар бар экен. Отуруп бир аз эс алалы... Франс жолдошунун аркасынан жөнөдү. Анан капысынан эле: Рудолф! деп бакырды, карасаң. Тактайга бирөө ыр жазып коюптур. Укчу, мен окуюн. Ар бир күн башка бир азап Ар түнү башка бир жатак Эй, баарынан улуу Кудайым Ишсиздиктен бүттүм тажап. Франс кайгылуу көздөрү менен досуна карап: Ушуну жазган байкуш баланы көрсөм, колуна бир канча алтын тыйын берип: барып бир жакшынакай көйнөк, өтүк ал. Жуунуп таранып, чачы-башыңы ал. Курсагыңды тойгуз. Анан барып, бир мыкты устанын жанынан иш изде, дейт элем. Албетте, мындай албырап-салбыраган кийим кийип алып, иш издесең, эч ким ишке албайт. Арнонун көздөрү умачтай ачылды. Эриккени-зериккени жок болду. Балдардын шандуу, шайыр үндөрү ичиндеги бир жылуу сезимдерди козгоп койду. Уксаң, мени, Рудольф. Мен он эки миллионду эмне кылам дебейсиңби? Өзүң билесиң. Биздин кичинекей шаарчабызда саңдаган колунда жок, кедейлер бар. Кичинекей, кароосуз үйлөрдө жашашат. Кышкы сууктун каарына чыдабай, көбү өлүп калат. Мен таптаза, ичинде ар түрдүү саламаттык кызматтары болгон, жаркыраган имараттар курдурмакмын. Буга эки миллионум кетмек. Анан да жалпы эл үчүн, өзгөчө ноокастар, майыптар үчүн чоң бир мончо салдырмакмын. Каалагаңдар барып, бе кер эле жууна алсын деп. Ага да эки миллион чыгымдамакмын. Миндеген балдар жакшы тамак-аш ичпейт, жакшы тарбия албайт. Алардын багылышы, туура чоңоюшу үчүн дагы эки миллион зарптап, чоң бир жай курдурмакмын. Ойлоп көрсөң, Рудольф. Оорукчан, кары-картаң, дармансыз канча киши бар. Алар өмүрүнүн соңунда ысык тамак, жайлуу төшөк, жылуу-жумшак мамилеге туш болушу үчүн бул кандай сонун иш болмок. Дуба окушуп, ырахаттанышмак. Бул үчүн төрт миллион бермекмин. Биз жашаган шаарда бир да китепкана жок... Ичинде миндеген китеби бар, бир китепкана салдырам. Кенен, жылуу жана жарык чачкан бир имарат. Карылар, жаштар, балдар бош убакыттарын ошол жерде өткөрө алышат. Канча нерсе үйрөнүшөт, баштары билимге, көкүрөгү сүйүүгө толот. Эч ойлонбой туруп, бул үчүн төрт миллион берем. Баарыданда, Рудольф... Ошол кезге чейин жолдошунун сөзүн сабырдуулук менен угуп турган Рудольф күлүп: Болду эми, деп жолдошунун сөзүн бөлдү: Франс, бүттү акча... Он эки миллионду арыдан бери бүтүрдүң. Койчу! Мынчалык тез түгөнөрүн билген эмесмин. Саамга үндөбөй калышты.

Рудольф, ушунчалык ачка болдум. Оозума кара суу келе баштады. Кыштакка кире бериште бир наабайчы бар. Жакындап калдык. Ошоңцон эки нан ал... Жеп алалы. Франс чөнтөктөрүн аңтарып, анан муңайым үнү менен: Рудольф мага жыйырма тыйын бересиңби? Жанымда эч акча жок. Бир тилемчи балага берип койдум. Эмдиги аптада менин туулган күнүм болот, ошондо сага жыйырма тыйыныңы кайтарып берем, деди эле, Рудольф: Албетте, албетте, деп акча сунду. Франс дароо жолго түштү. Зарара конту Бай Арно жаткан жеринен сүйүнүчтүү бир сезим менен шак турду. Токойдон чыккан кезде эң сонун сезимдер бийлеп алган. Дүйнөдө аны жашоого байлаган бир нерселер жаралды. Ичиндеги тажатма, кайгы, капа калган эмес эле. Башка адамдарга жакшылык кылуу чабасы бүтүн ой-дүйнөсүн бийлеп алган болчу. Кээде чайыттай ачык күндөрдө, аны жалгыздыктан, боштуктан куткарган балдардын таттуу тилдерин эстеп калчу. Жылдар бою кулагында ошо он эки миллиоңду адамдардын бактысы үчүн зарптаган, өзүнүн чөнтөгүндө бир кесим нан ала турган акчасы жок баланын үнү жаңырып турду.

Ой-пикирлер