Кирүү

Картөшкө

Алтынчы класста жаңы сабак өтүлүп бүткөндөн кийин агай:

— Кана, жаны тема боюнча кандай сурооңор бар? Жокпу? Жакшы. … Анда китептериңерди жапкыла. Кечээ өтүлгөндөрдү сурайм,— деди. Анан окуучуларды бир сый-ра сыдыра тиктеп, журналды өзүнө жакындата жылдырып, кийинки кундору кимдер баа алалек, ошону байкады. Соз-суз суралчу окуучулардын тушуна белги койду да, класска серп салды. Окуучулар кандай суроо берилер экен деген кыязда демдерин ичине тартып, күтүп калды.

— Кана, балдар, сюжет деген эмне? — Адабият муга-лими бирөөнү эркелетип аткансып, жумшак сүйлөдү.

Туш-туштан кол көтөрүлдү. Кээси чыдабай: "Агай-агай, мен айтам! Мен айтам, агай! Агай-агай… Мен-мен…" деп, биринен бири озунуп, шаша баштады. Ошо тапта арт-та отурган бироо колун бирде которо коюп, бирде тушуро салып, арсарсып жатты. Анан бир маалда: "Эмне болсон, ошо бол!" дегендей, ал да көпчүлүктөн калышпай кол көтөрүп калды. Себеби, "окубай келдим эле…" — деп кол көтөрбөй койсо, ал бу жапырт кол которуп турган балдар-дын арасынан кашкайып билинип калмак. Бул оюн десе жантыгынан жата калган Мурат эле…

Кыраа мугалим тиги окуучу билбесе деле кол которуп турганын жаземдебей байкады да, дал ошону доскага чы-гарды:

— Кана, сен айт.

Мурат капканга тушкон калтардан бетер алдастай түштү да, соңунан чийкил иреңи анардай кызарып чыкты.

— Тиги… сужет болсо… ал…— Акырында биротоло жооп бере албай шылкыйып туруп берди.

Муну коргон балдар: "Мен айтам… Мен айтам…" — деп чуру-чуу түштү. А агай Мураттын куулугун кармаганына ууртунан жымыйды. Анан баланы тамашалагысы келип:

— Сюжет желеби, же желбейби? — деп сурап калды. Муну укканда Мураттын көздөрү кыбыңдап, саал жан-

дана калды: "Ал… ал… сүжет болсо…" — деди кекечтенип. Эми тобокелге салып "желет", же "желбейт" деши керек эле. А балким туура чыгып калар. Туура чыгып калса жакшы баа алып калышы да ажеп эмес. А жаңылып кал­са — "бая ала жүргөн эки" эч кайда качпайт.

— Желет,— деди кыйды Мурат тобокелге салып. Анан агайын кантээр экен дегендей элейип карап калды.

— Ту-ура-а.— Агайы мостоюп туруп кадимки олуттуу-лугу менен баш ийкеди.

Балдар буга аң-таң калды. Бирде Муратты, бирде агайды карашты.

— Туура, жейбиз! — деди агай тигинин жообун ого бе­тер ырастап. Муну коргон Муратта "туура айткан экемин" деген сокур ишеним пайда боло калды.

— Аза-ма-ат, Мурат.— Агай тигинин алиги жообуна ыраазы болгондой түр көрсөттү.— Кана, эмнеге кошуп жейбиз?

Мурат бир аз ойлоно калып дагы тобокелге ооду:

— Картошкого…

Жанатан бери күлкүсүн зорго тыйып араң турган агай таре жарылды. Иштин жайын түшүнгөн балдар боорун тытып күлдү…

Ошондон кийин жалкоо Мурат "картөшкө" атка конуп кетти…

Ой-пикирлер