Кирүү

Кошунанын бакчасы

Эски кичинекей шаарчанын кире бериш жеринде бир бай адамдын заңгыраган үйү бар эле. Үйдүн бакчасында түрдүү-түрдүү гүлдөр өсчү. Жайыңца бакчанын гүлдөрү баш айланта тургаңцай жыпар жыттуу жыттанып, бакча бейишке айланар эле. Бакчанын аяк жагында карагайлар өсүп турчу. Карагайлардын арасында колго үйрөтүлгөн эликтер бар эле. Бакчада көркү көз тайгылткан көгүчкөндөр да жашашчу. Бактарга куштарга арнап жасалган атайын уялар асылып коюлган. Куштар бутактан бутакка секирип безелене сайрашчу. Бакча таң каларлыктай кооз эле. Кошуна үйдө жашаган Альфред менен Роса бул бакчага абдан суктанышчу. Заңгыраган бул үйдүн ээси карыган карыя жаңгак дарагынын түбүндө бакчасын маашырлана карап отура турган. Балдардын бакчаны көз айырбай суктана караганын байкачу да эмес.

Ал карыянын телмирген, маанайы пас жүзүн көргөн Альфред Росага: Ушул кийиктер, кожогаттар, көгүчкөндөр биздики болсо, эч качан минтип түнөрүп отурбас элем, кубанычтан алып-учуп жүрмөкпүн, деди. Роса да башын ийкегилеп, бир тууганынын сөзүн кубаттады. Анан экөө өз бакчасыңца топ ойной башташты. Карыя кошуналары, анын көрктүү бакчасы эстеринен чыгып кетти. Капысынан Альфреддин ыргыткан тобу коңшунун бакчасын көздөй учуп барып, кызыл атыр гүл ачкан борозго барып түшүп калса болобу. Балдар коркконунан бири-бирине карап туруп калышты. Карыя чарпаядагы кооз креслосундажок экен. Үйүнө кирип кетсе керек. Альфред дубалга тырмышып, бакчаны карады. Топ гүл тилкесинин так орто жеринде жатат... Гүлдөрдү тебелөөгө даабай турду. Топту алуунун башка жолу да жок болчу. Ал жерден Росага кыйкырды: Менин узун чыбыгымды алып кел... Короодо жатса керек. Бир тууганы дубалдын үстүнөн узун чыбыкты сунду. Альфред чыбык менен топту түртүп чыгарууга аракеттенди, бирок гүлдүн арасыңда калган топту чыгаруу оңой-олтоң иш эмес эле. Тырышып жатып, акыры топту чыгарды.

Дубалдын үстүнө чыгып, бир тууганына: Роса, бакчага киргиң келеби? деп кыйкырды. Роса чыдамсыздык менен: Колумдан тартып койчу, мен да көргүм келип атат, деди. Мени жакшылап карма. Абайла, жыгылып кетпе. Карачы! Бул жер биздии бактан да кооз экен. Билем. Ковбой болуп ойнойлубу. Сен шериф бол. Сарайдын ээси болсо, индеецтердин башчысы болсун. Башчы көрүнгөндө бизди уурдап кетпесин деп жашынып калалы. Кандайдыр бир коркунучту сезсең дароо жерге жата кал. Бул жердин жашоочуларындай болуп, дем албай жөрмөлөй башта. Өйдө жактагыга караганда жашына тургандай жерлер бар. Келсең эми! Сүйлөшүп жатышып, дубалдан ашып түшүп, жашынып, сарайдын бакчасына киришти. Альфред: Эми юбканды мага бер-деди. Мен андан бир чатыр жасайм. Андан кийин эки жараңкатабуум керек. Бир-бирине сүртүп от жагуу үчүн.

Роса: Ал эми мен болсо, бир тамак жасап жиберейин. Азыр даяр болот-деп, бир канча жашыл жалбырактарды тизип, үстүнө ак таштарды коюп койду. Альфред: Мен аң уулаганы кетип жатам -деди. Бул жердин ээси келе турган болсо, үкүнүн үнүнө салып, мага кабар бер. Альфред коргондун жыш балатыларынын арасына кирип кетти. Карындашы болсо түшүп калган роза жалбырактарын топтоп, кичинекей үймөк жасап, ойной баштады. Узун өргөн чачтары далысына түшүп, татынакай жүзү гүлгүн бир шабдалыга окшошуп турду. Гүлдөрдүн арасында жана жашыл балатылардын алдындагы кичинекей таш балага окшошуп турду Күтүлбөгөн жерден үйдөн кары бир адам чыгып колуңдагы китеби менен Роса тарапка келе жатты. Наристеге узактан сүйкүмдүү жылмаюу менен салам берди. Роса коркуп кетти. Үкүгө окшоп сайраганды да унутуп калды. Жүзү кыпкызыл болуп кетсе.да: Кутмандуу күнүңүз менен! -дегенге жарады. Кары адам: Атың ким сенин, кичинекей? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?

Роса атын айтып, үйү тарапты көргөздү. Адам кызды сүйкүмдүү карап турду. Роса эми коркпой калды. Кары кишиге ковбой болуп ойноп жатышканын айтты. Байкем Альфред токойго ууга кетти, чакырайынбы? Бул убакта Альфред келип, бир тууганын коргой тургансып жанына туруп калды. Тактайдан жасалган кылычын колунан чыгарбай, кармап турду. Жүзү кызарып кетти. Кары адам күлүп: Ковбой болуп ойноп жатасыңарбы? Мен болсо, бир уруунун башчысы болом. Менин кийигим силерге аң болот турбайбы. Бакчамдын силерге жакканы мени аябай суйүндүрдү. Мени менен калгыла! Силерге бакчаны көргөзөйүн. Бүлдүркөндөрдөн да каалаганча жей бергиле. Сүйкүмдүү карыя алдыга басты. Бакчанын ар бир жерин балдарга көргөздү. Бардык гүлдөрдүн атын, аарылар, куштар, бактар жөнүндө кызыктуу окуяларды айтып берип, балдар менен кубанып сүйлөшүп жатты.

Балдар болсо, карыяны жакшы көрүп калышты. Ушул убакта үйдөн энелери чакырып, балдар кетүүгө аргасыз болушту. Ак ниет адамга колдорун сунушуп: Жакшы калыңыз, дешти. Карыя аларды дубалга чейин узатып келип, оңой өтүп кетишине жардам берди. Кетип жатып: Мага кайра келгиле, болобу? -деди. Эски отурган жерине барып, калың бир китептин барактарын ача баштады. Бир аздан кийин китепти жерге коюп, оңго солго чуркап желесин өрөйүн деген жөргөмүштү кызыгуу манен карай баштады. Ойлонуп кеткени көрүнүп турду. Чөнтөгүнөн эски бир капчык чыгарып, ичинен бир сүрөт алып чыкты. Жаш бир аял менен сүйкүмдүү бир баланын сүрөтү болчу. Сүрөттөгүлөр карыянын аялы менен баласы эле. Мурун эле өлүп, атасын жер жүзүнө жалгыз, кайгыртып таштап, тигил дүйнөгө сапар тартышкан.

Ал киши кайгысын унутуп, канаган жарасынын бир аз да болсо карттанышын каалап, узун жолчулуктарга чыккан болчу. Узак жерлерде көп кыйынчылыктарга туш болуп, адамдардын аны кандайдыр бир жолун таап алдаганын көрдү. Үмүтсүз жылдар өтүп өзүнүн туулуп-өскөн жерине кайтып келет. Жападан жалгыз досу китеп болот. Көп окуп, көп нерселерди үйрөнөт. Бирок эч качан бактысын таба албайт. Үйрөнгөн сайын кишилердин каталарын, жетишпеген жактарын жакшы түшүнө баштайт. Балдарды такыр көргүсү келчү эмес. Бадцар ага өлүп калган сүйүктүү баласын эстетип, жүрөгүңдөгү жарасын кайрадан козгор эле. Бирок бүгүн бакчасына жашынып кирген эки кичинекей баланы көргөндө сүйүнүп, ичинде кандайдыр бир жьшуу сезим пайда болду. Балдардын колунан кармап, гүлдөрдүн арасында басып жүргөндө, жылдар мурун болуп өткөн окуялар эсине түштү. Балдар чурулдашып сүйлөшүп жаткаңца, ал өзү да бала кыялданып, үнү титиреп кетти. Көз жумган аялы кайрадан бет мандайында тургандай сезилди. Альфред өзүнө аябай окшош болчу. Мурун ал дагы ушундай оюңдарды ойночу беле? Балалыктын алтын күндөрү.

Ой-пикирлер