Кирүү

Чыныгы боорукердик

Шаардын эң бай адамдарынын биринин кечесине чакырылган элек. Коноктордун ичинде жаш, университетте окуган бир жигит бар экен. Үстөлгө шаарда боорукердиги, кичипейилдиги жана кылган жакшылыктары менен атагы чыккан фабриканын ээси менен чогуу отуруп калдык. Бир маалда жаш жигит жанында отурган кишиге: Бүгүн жүрөк сыздаткан бир окуя көрдүм.

Тамакка көөнүм келбей турат, деп калды. Аны угуп калган фабриканын ээси, эмне болгонун сурады. Анын суроосуна жооп катары жаш жигит буларды айтты: Мен азыр убактылуу жашап жаткан үйдүн ээсинин беш баласы бар. Атасы абдан адилеттүү, намыстуу бир киши. Үй-бүлөсүн бир жерде кыш куюп багат эле. Бир канча күн мурун иштеп жатып, тамдан учуп кетип, эки буту тең сынып калды. Үйдүн бардык иши аялынын мойнунда калган болчу.

Эми ал да ооруп, денеси ысып, онтоп жатат. Балдары каралбай калды. Коноктордун бардыгы жаш жигиттин айтып бергенин угуп, боору оорушуп, бири-бирине шыбырашып "Ай-ий, жаман болгон экен... кап, дүйнөдө кандай жаман нерселер болот", дешип кейишти. Анан башка нерселер, театр, өз иштери жөнүндө сүйлөшө кетишти.

Фабриканын ээси өйдө болуп, бычагын табагына акырын ургулап: Урматтуу мырзалар! Мен ал байкуш, колуңца жок кишилерге күйгөнүмдү 1000 лира менен билдирем деп, чөнтөгүнөн акчасын алып чыгып, үстөлдүн үстүнө койду да: Сиздер да канчалык бооруңар ооруганын, акча менен билдирсеңиздер, дегенде, үстөлдүн үстүнө миңдеген акчалар жаай баштады. Конокко келген ар бир киши байкуш үй-бүлөгө болгон кейишин жалгыз гана сөз менен эмес, үстөлгө ташталган акчалары менен далилдеп жатышты. Бир аздан кийин фабрикачы үй-бүлөөнүн ээсине алып барып бергин деп, чогулган акчаиы жигитке берди. Балдар, сөз менен боорукер болуунун мааниси жана баркы жок. Боорукер болгонубузду аларга жасаган кызматыбыз, жардамыбыз менен көргөзүүбүз керек. Ошондо гана биз чындап боорукер боло алабыз.

Ой-пикирлер