Кирүү

Бир кесим нан

"Тропикалык өлкөлөрдө нан оскон дарак бар. Ал жердин элине жер айдап, малалап, сээп, оруунун зарылдыгы деле жок. Түшүмдү алар жон эле, дарактагы даяр нан-дардан кесип жыйнап алышат. Бирок ал чийки. Аны ысы-тылган таштарга коюп бышырышат, ошо менен нан даяр болот".
Тенирберди окуп аткан китебин жаап, ойго батты. Анын коз алдына каардуу согуш күндөрү, ошондо откон бечара балалыгы тартыла калды.
Атасы майданда набыт болуп, апасы тумоодон өлүп, томолой жетим калган эле. Кол арага жарап калгандык-тан, түшкө чейин заводдон иштөөчү. "Карточка" тартиби болгондуктан, ага күнүнө бир гана кесим — жүз жыйыр"ма беш гана мыскал нан берилчү. Кычыраган кыш эле. Күн-дөрдүн биринде ал ошол нан ала турган "карточкасын" жоготуп алды. Кезеги жеткенде эле, аны чөнтөгүнөн тап-1 пай калды. Канча тинтсе да, жок. Бозала болду. "Эмне, эми ачка калабы?" Айласы түгөндү. Буркурап ыйлап да жиберди...
Тешиктен өз үлүштөрүн алып кетип аткан эл аны теге-ректеп калды. "Бала карточкасын жоготуп ийиптир..." деген боор ооруган ун чыкты арадан. Анан, эл азга тым-тырс боло калды да, бир учурда бирөөнүн мээримдүү үнү чыкты.
— Me, алагой...— Баланын колуна оз кешигинин чети-нен кичинекей сындырып .карматты. Анан экинчиси, үчүн-чүсү...
Тенирберди үйүнө келгенде анын тумагы майда сынды-рым нандарга толтура эле...
Мына ушул окуяны ал күнү бүгүн эсинсн чыгара ал-байт. Азыр эстесе азыр, анан эстесе, анан жашып кетет.
Былтыр жайда небереси менен айылдагы туугандарына барды. Айыл четтериндеги эгинжай дүмбүл тартып калган кези экен.
— Бали!—деп кубанды Тенирберди кылкылдай оскон эгинди жетине албай тиктеп. — Баш алып калган тур-байбы?!
— Башы дейсизби? —Шаарда оскон небереси анкаят.— Башы кайсы, чоң ата? Айтсаң...
Тенирберди небересин элжирей көкүрөгүнө кысып, ай-доо четине келди да, думбүл тарткан буудайдын башын көрсөттү:
— Мына башы! — Анан ал ошол буудайдын башын сылай кетти.
— Буудайдын башы ушулбу? — Небере дагы таңгалды.
— Ооба, айланайын!
Небере анан буудайдын кылкандарын коро койду да, кубана кетти:
— А чачы тигиби?
— Ооба чачы ошол.
Эми небере да өзүнүн быйтыйган колу менен жанында сенселип турган буудайдын башын чоң атасын туурап, сылай баштады. Эми чон атасы энкейип, буудайдын башын кумарлана жыттап-жыттап алды. Небере да жыттады.
— Жыты жакшы бекен? Небере баш ийкеди.
— Эмне жыттанат экен?
Небере жыттап-жыттап, эмне жыттанаарын айталбады. Чон ата буудайды чон сагыныч менен дагы искеди.
— Өмүр! Өмүр жыттанат, уулум! Небереси да дагы жыттады:
— Өмүй! Өмүй жыттанат!
Чон ата кайрадан жашыды. Небересин, сеңселе бийик оскон бир топ буудайдын башын көкүрөгүнө кысып алды.
— Өмүр! Өмүр жыттанат, уулум! Бул жер — куттуу жер! Адам баласынын өмүрү ушул жерден башталат!..

Ой-пикирлер