Кирүү

Дыйкан жана төлгөчү

Бир жалганчы бир кыштакка барып, элди чогултуп алып, акча берсеңер, келечегиңерди айтып берем дейт. Жанына далай киши топтолуптур... Бир дыйкан да төлгөчүнүн келгенин угуп, тагдырын билгиси келип, эл чогулган жерге барат. Төлгөчү төлгөсүн ачып, дыйканды сонун келечек күтүп турганын узун-узун айтат. Тамшанып уккан дыйкан аягында тумагын алып, чыга турган болгондо, төлгөчү: Ой, токто, досум, акчаңы төлө да, анан кет... Эмненин акчасы? деп сураптыр дыйкан. Сен менин өткөнүмдү билесиң. Келечегимди да билесиң. Чөнтөгүмдө бир тыйыным жок экенин андан да жакшы билет болушуң керек. Айткандарың туура чыкса, акчаңды ошондо аласың. Анда эмесе жакшы кал, дейт да, чыгып жөнөйт.

Ой-пикирлер