Кирүү

Эшек жана анын үч ээси

Бир дыйкан өлөөрүнө аз калганын билип, керебетинин башына үч уулун чакырып, керээзин айтат: Айланайын балдарым. Силерге мурас калтыргыдай бир эшегимден башка эч Нерсем жок. Ушул эшек үчөөңөрдүкү тең болсун. Кезектешип мингиле, бир күнү бирөөң, экинчи күнү бирөөң жемин, суусун берип тургула деп, дыйкан өлүп калат. Уулдарынын эң улуусу эшекти алып, эртеден-кечке тындырбай иштетип, такыр чөп-жем бербей коёт. Жаман оюнда эртеси ансыз деле иним алат да, ал жемин берсе, мен ошентип пайда таап калам деп оилойт.

Эртеси эшекти экинчи бир тууган алып, үстүнө үйүп кап жүктөйт. Эшек күнү бою оор жүктөн араң басып жүрүп, кечинде буттары титиреп, акырга араң жетет. Экинчи бир тууган да "эмнеси болсо, эртең жем,чөп жейт да, бүгүн бирдеме жебесе эчтеке болбойт "деп, байкуш эшекти ачка коёт. Үчүнчү күнү эшекти алган эң кичүү бир тууган да ага үйүпжыйып отун жүктөптүр. Эшек кыбырап жолго чыгат. Ачкалыктан тизелери бүгүлүп, кулап түшөт да, экинчи кайра аякка тура албаптыр. Үч бир туугандын эшектин терисин бөлүшкөндөн башка аргасы калбаптыр.

Ой-пикирлер