Кирүү

Белек

Айылдык бир киши бир күнү падышага белек тартуулагысы келип, бакчасындагы алмуруттан чогултуп алып, жолго чыгат. Сарайдын оозуна келгеңце бекчи аны ичкери такыр киргизбей: Эгер, сен алпарган белегинди падыша алып, ордуна сага берген белегинин жарымын мага берсең, киргизем, дейт. Байкуш киши айласыздыктан бекчинин айткандарына макул болот.

Падыша абдан ыраазы болуп: Кымбаттум, сенин белегиндин ордуна сага эмне берип, сени ыраазы кыла алам, десе, айылдык: Жонумдан чыбык менен 50 жолу балак алыңыз, дейт. Падыша чочуп: Ал эмне дегениң?дегенде, айылдык киши падышага болгонун болгондой, бекчинин айтканын айткаңцай айтып берет. Аңца падыша бекчини чакыртып алып, чыбык менен 25 жолу урдуруп, айылдыкты болсо катуу сыйлап, кучагына толтура белек карматып, үйүнө узатыптыр.

Ой-пикирлер