Кирүү

Токмок

Түндүк Германиянын бир соода шаарыңца Мюллер аттуу бир киши жашоочу. Мюллер дүкөнүнө бара жатып көп жолу өзүнө жылуу салам берген жаш, келишимдүү кийинген жигитке кезигип калчу болду. Мюллер жигиттин саламын алик алып жатып, бул баланы кайдан көрдүм эле деп канча эстөөгө аракет кылса да, эч эстей алган жок. Ошоңцуктан жаш жигитти өзүн бирөөгө окшоштуруп алса керек деп ойлоочу болду. Күндөрдүн биринде Мюллер бир досунун үйүнө конокко чакырылып калды. Убактысында досунукуна барса, алиги күңцө өзүнө салам берип жүргөн жигит да ал жерде экен. Экөөнү тааныштырууга камынган үй ээсине тиги жигит: Кереги жок. Биз бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз, дегенде Мюллер: Чынын айтсам, көптөн бери сиздин жылуу саламыңызды алып жүрөм, бирок... сиздин ким экениңизди, сөздүн ачыгы, биле албай жүрөм. Мен сизди көптөн бери тааныйм. Сизге ыраазычылыгымды билдириш үчүн ыңгайлуу учур тапканыма бүгүн аябай кубанычтуумун. Ал эмне болгон ыраазычылык, түшүнбөдүм. Бул өтө узун окуя, эгер мен баштан-аяк айтып берсем, мени таанырыңызга ишенем. Бир топ жыл мурун окууга кетип бара жаткан элем.

Тогуз жашка жаңы эле чыккам. Базардын жанынан өтүп бара жатканымда кыпкызыл алмалар толтурулган себеттер көзүмө чалдыкты. Ал кезде өтө жарды жашачубуз. Жер-жемишти аңда-санда гана жечүбүз. Ошондуктан ошол кызыл алмалардан көзүмү ала албай, сугум түшүп карап тургам. Бир маалда сатуучу аял бир кардары менен сүйлөшүп калды. Алма себеттерине аркасын салып турган. Акырын колуму создум. Алманы алып чөнтөгүмө салмакмын. Дал ушул кезде бирөө жаактан ары берип калды. Коркконуман алманы жерге түшүрүп жибердим. Мени жаакка бир койгон киши: "Эй, балакай! Бирөөнүн дүнүйөсүн уурдоонун күнөө экенин билбейсиңби? Бул сенин биринчи уурулугуң болсо керек. Акыркысы да болсун, макулбу?" Уялганымдан жерге кирип кете жаздадым. Көздөрүмдү ачып эки жагымды карай алганым жок. Кишинин айткандарын эч унутпадым. Окуумду да жакшы окуй баштадым. "Бул акыркысы болсун!" деген сөздөр ар дайым кулагымда жаңырып турчу. Ооба, биринчи жана акыркы болушу керек болчу. Оюма бир жаман пикир келгенде, дароо ошол сөздөр эсиме түшүп, жүрөгүм лакылдап кетер эле. Бир канча жыл мурун окуумду бүтүрдүм. Бремен шаарында бир соодагердин жаньшда иштей баштадым. Кийинчерээк Түштүк Америкага кеттим. Соодада башкаларды алдап, көп акча табуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө же оюма бир арам ой келгенде, кайрадан жаакка бир жегендей боло түшүп, кулагыма: "Бул биринчи жана акыркысы болсун!" деген үн угулар эле. Бүтүн өмүрүм боюнча ак ниет жашадым. Тапкан байлыгымын ичинде бир тыйын да арам акча жок. Кудайым мага ар дайым жардамчы болду. Жигит сөздөрүн бүтүргөн соң, Мюллердин колдорун кармап: Мени жакшы жолго түрткөн, мага өмүрүмдөгү эң чоң жардамды жасаган бул азиз колдорго өмүр бою милдеткер калсам аздыр, туурабы, мырзам?!

Ой-пикирлер