Кирүү

Чоң энемдин айдыңы

Тилек эртең менен эрте тура калып, үйдөн атып чыгып эле "КөкОй" делген жашыл мейкинди карап ал май адаты бар. Вир жолу да ошол талаадагылардан мурда ойгоно албаганына арданды. Улуукичүү дебей жабалактап иштеп жаткан экен. Ушул бүгүн ичи ая бай күйдү. Ал жерде Өмүрбек, Жибек, анан дайыма эле кычыктап сүйлөп тийишип туруучу Жумабек иштеп жүрүшөт. Шашкан бойдон үйгө кайра кирип ки йине салды да, наар албай балдар менен чоң энеси жүргон талаага жөнөдү. Алар иштеген жерге жеткенде оозунан сөз чыкпай чоң энесинин этегине оролуп алып, эртең мененкидей солуктагандай ыйлады. Дайым кеч калганына ыза болгону бул. Бел кырчоосуна чейин шүүдүрүм суу болгон байбиче кетменине таяна калып, артындагы уйгактай жабышкан небересине кылчая карады:
—Сага эмне болду? Тура эле турбайсыңбы. Мен эми үйгө барат элем да. Чогуу келмекбиз.
—Эмнеге ойготпой кеттиң? — Өпкөөпкөсүнө бат пайт бакыра албай.
—Сен кичинекейсиң да. Түштөн кийинки жумуш ка келет деп, уктай турганыңы туура көрдүм балам.
—Өмүрбекчи?
—Ал чоң бала. Он экиге чыккандарды илгери жи гит деп, жоого аттандырчу. Сендей кичинекейлердин жилигин какшатпайлы деп жүрбөйбүзбү.
—Мен да чоңмун.
—Дымагыңдан айланайын. Чоң эле боло кой. Мен макулмун. Эртең эрте ойготуп өзүм менен кошо ала келем. Болду эми ыйлаба. Балдар көрүп калышса, шылдың болосуң,— чоң энеси небересинин башынан сылап эркелетип, тыйып койгонун балдардын бири да көргөн жок.
Тилек да тып басылып, картошканын түбүнө отура калып, отоо чөптөрүн жула баштады. Чоң энеси болсо табактай болгон кетменге кара топуракты сузуп алып, ар бир түп картөшкөнү опуйтуп түптөйт.
—Бул акыркы жолкусу — дейт, небересин кадыре се жооткото. — Күзүндө көрөсүң го иттин башындай болгонун. "Музоочук муңдурбайт" деген эле ушул. Жа лаң эле бул айылдын кыздарбалдары отоптүптөп жайлыжайлата багып өстүрүп алышты.
—Жер сеники да чоң эне? — балдарды мактаганы на ичи тырыша түшкөн Тилек бурк этип койду, башын көтөрбөй.tx
—Меники деген эмнең? Колхоздун жери да. Биз дин звеного гана бөлүнгөн жер дебесең. Бүгүндөн баш тап сени да өзүбүзгө кошподукпу, Тилебай.
—Ии,— небере мулуюп күлүп, ичинен кубанып кетти.
—Анда эмнеге балдар сенин чоң энеңдин айдыңы деп атышат?
—Айылдагылар ошентип коюшат тура. Балдардын эмне менен иши бар. Чоңдорду туураи жүрүшөт да.
—Алар эмнеге антишет? Өзүң колхоздуку деп жатпайсыңбы?
—Колхоздуку кулунум, колхоздуку эмей.
—Мен ошентсем балдар күлүп "кайра чон, энем дин айдыңы" деп кубанбайсыңбы дешет. Алар түшү нүшпөйт ээ, чоң эне?
—Алар атаэнелерин туурап жатышпайбы? Бул айдыңдын өзүнчо таржымалы бар балам. Сен кайдан билет элең. Илгериилгери колхоздошуп. калдык. Илге ри эмей эмне, андан бери көп жыл өттү. Анда чоң атаң экөөбүз жүзүбүздөн кырообуз түшө элек жапжаш бол чубуз.
Тилектин чоң энеси бирде картешкө түптөп топу рак үйүп, бирде эңкейип көрүнө калган отоону колу менен жулуп солдун башына чыгып баратты.
—Айылдын улуукичүүсү болуп ушул сен экеөбүз турган жандоого чогулушту. Баарыбыз кыркаар тар тып уй мүйүз болуп отурабыз. Алабата деген кудай бетин салбасын, ошол жылы укмуш чыккан. Анын тү бүнүн жоондугу калп айткан кишиге менин билегимдей бар. Жалбырагын айтпай эле кой, тири шумдук. Ара сына кирип кетсең, төбөң да көрүнө турган эмес. Чо гулгандын баарысы карсылдата жыгып алып үстүнө олтурдук.
Баягы заман болсо кайдан. Адамдын изи түшпөй, чычкан гана жойлоп мелтиреп турмак да.
— Кайсы заман, чоң эне?
—Кеңешке чейинкисин айтам, Анда тигил бай, бул бек болуп жерсууну да бөлүп алышчу. Ууз кы мызга көпкөн кызыл чоктор эч нерсеге жарабай кур сагын сылап жатса да, өз жерине из тийгизбей ээн тур чу. Мен айтчу күнү ушул тараптагылар бирибизден би рибиз уламыштап отуруп бүткүлүбүз менен келиппиз. Чогулган элдин ортосуна туруп алып кыска кайыш бешмант кийген шыңга бойлуу, кара торусунан келген адам көпкө сүйлөдү, отургандарга ардеме, бирдемени кайракайра чечмелеп түшүндүрүп жатты. Анын айт кандарынын бири акылыбызды араласа, бирине жете бербей делдейип отурганыбыз көп. Ал киши "заман жаңы. Ал сеники, сеники" деп ар кимибизге ээлик кы ла сүйлөп жатты. Ансайын мурда заманга ээлик бол мок тургай чычкак улак менчиктебеген биздин куба нычты айтпа. Айтаарга сөз, дээрге алкыш оозго кир сечи.
Улам бир жерге барып, чоц энеси түптвп жаткан жерге отура калган Тилек сөзгө Кулагин тошогонү менен эки колдоп картөшкөнүн сабактарынын ичине өс көн отоолорун жулуп ыргытып жатты.
Аңгыча ойдун аягында жүргои Жибок чыйылдап калды:
—Чоң эне, Өмүрбек картөшкөнүн түбүн чукуп жатат. Чоң энеээ? — анын үнү оозун биреө баса кал гандай, андан ары думуга чыкты. Ал эми чоң энеси болсо атайын баш көтөрбөй кетмен менен кара топу ракты аичыи сузуи алып, бажырайыи турган жашыл сабактын ортосуна үйүп таштайт. Тигил ЖЕККЯ башын да көтөргөн жок. Небересине да үн катпады. Анын Өмүрбектин түндөгү энесинин жанында отурган түспө лү көз алдына келе түшкөндө жүрөгү бир опколжуп алды.
—Тек, койчу жарабаган кепти. — Бакей байкушту кага сүйлөгөн. — Жоо жакадан алып турганда жок де генде үйдөгүлөрүбүз жаныбызды бек кармайлы. Күз мына күркүрөп кирип келбедиби. Картөшкоң деле даа мына кирип калыптыр. Өмүрбекке айтайынчы, эч бол босо күндө үчтөрт тоголоктон ала келип жүрсүн.
—Кой байбиче, Өмүрбек экөөбүз элден артык белек. Азыр айылдагынын баары эле үзүлүпсүзүлүп күзгө илине албай турбайбы.
—Ошентсе да тоголок картөшкө калтырбай жазда үрөнгө берип койбодуңбу. Деги жанда жок берешен байкушсуң го!
—Кантейин. Жетпей жатат дебедиңерби. Жалгыз мен короому толтуруп айдап алып жеп отурсам жал алат белем. Ортонун жери кысыр калбасын дебедимби.
—Аның ырас. Болбосо КөкОй кысыр калмак. Көп түкүрсө көл болот турбайбы. Элден айланайын. Кыста лышса да, кьщырылбай берип жатып үрөн текши баа рына жетпедиби. Капырай кээде балдардын эмгегин баалабайбыз. КөкОйдо иштегендердин эң эле улуусу ушу сенин уулуң. Кетмен көтөрө албаганы да бош то пуракты этектеп ташып жүрүшсө ичиң эзилет.
—Иэ байбиче, сенин айдыңыңда ырас эле өзүңөн башка карыкартаң жокпу? Түгөл эле балабакырабы?
—Ким болот? Он эки бала менен бир кыз бар. Ал ды алтынчы окуса, арты биринчи классты бүткөндөр.
—Аа! Баса карын, мен болсом. — Бакей очорулуп оодарыла албай тиштенди. — Жамбашыма коргошун уютуп койгондой болуп зылдай, эмнеси экенин бил бейм. Оорунун аты табылбай оңолбоочудай. Бири та мырыңда го десе, бири сөөгүң, бири кара этке суук тийген дешип, койчу деги жасабаганым калбады. Ысы тып кор бассам да жылыш болбоду.
—Кой, Бакей мүңкүрөй бербечи. Кудай де. Оору онтотуп барып чыгып кетет дечи. Анчамынча тарткы лыгың бардыр, чыда. Түбү түз болсун. Мен Өмүрбекке айтайын. Балдарга да билдирип кеңешип коёюн. Кун до анчамынча картошке кармай келсе, ибеп жебе. Балдар жиберген тура деп ачык айтып, уулуңду да кеке типмокото бербей жеп тур — деп, үлпүлдөп жүзүнөн нуру качып турган байбичени сооротуп сыртка чыгып кетти.
Ошондон кийин ал уулуна кемпирдин сөзүн айтса картошке казып алганы жаткандыр. Солдун экинчи түбүн түптөй баштаганда Жибектин үзүлүпсозулган үнүн дагы укту.
—Чоң эне Өмүрбек...
Эми баш көторүп, кирилдеп карыгып бара жаткан үнүн бийик чыгара кыйкырды:
—Балдар баарьщар мага келгилечи. Тамак ичебиз, бери баскыла эс алабыз...
Картөшконүн нак эле түбүнөн чыккансыган балдар туштуштан баш көтөрүп, чоң энени көздөй жоноштү. Баамдап, тунарып бара жаткан көздөрүн серепчилеп карап турса, алардын арасында эмнегедир Өмүрбек жүрбөгөнсүйт. "Уялып турган экен го. Кантсин балдардан тартынып жатпайбы!..." Өаү ллпрды утурлай басып үнүн дагы созду:
—Өмүрбек, ай Өмүрбееек, балдардын баарын жыйначы.
Эч нерсе туйбагандай жай гана таншмрма бсре ча кырды.
Өмүрбек эми гана ордунан өйдө болуп, оозун эки колу менен калкалап жаап алып кыйкырды:
—Балдааар баарыңар чоң энеме келгиле. Жөнөгү лө! — өзү солду секирип аттап, аттап жетип келди.
Ансайын Жибек мурчуңдап ээрди ээрдине тийбей Өмүрбектин эми элеки кылганын чоң энесине айтмак болду. Балдар да аны уксун дегенсип турду, оюнда. Чоң энеси аны дароо сезе коюп, башкаларга көргөзбөй тыйган болуп, өзүнүн алаканын оозуна басып, көзүн кысты:
—Аны чогуу сүйлөшөлү, акырын айталы. Өмүрбек тин энеси ооруп жатпайбы. Баласын да, энесин да капа кылып албайлы — деди.
Балдар туштуштан жыйналып келип, эки солдун ортосуна кыркаар тартып отурушту. Чоң эне баш болуп, баары ала келишкен кичинекей баштыктарынан кимиси талкан, кимиси күйшөлгон арпа, дагы бири куурулган маш буурчак алып чыгышып, алдындагы жайылган кездемеден жасалган тасмалга коё башташ ты. Чоң эненин жүрөгү сыздап турган менен балдардын бирине да сездирген жок. Бакбак этии алардын тама гынан алымыш болуп өзүлөрүнө шыкап отурду. Балдар да кезек күтө бирбирине карап кичинеден жеп отурушту. Чоң эне өзүнүн небересин карап анан бал дарга бурулду:
—Жанагы сурооңо эми жооп берейин. Отурганы ңардын баарыңар уккула, билип алганьщар жакшы,— балдардын баары эч нерсеге түшүнбөй ооздорун ачып карап калышты. — Силер тамактана бергиле. Кулагы ңар менде болсун. Тилегимбир суроо берип кал ды. Балдардын баары эле сенин "Чоң энеңдин айды ңы" дешет, ал эмнеси десе чын эле өзүм да ойлонуп калыптырмын. Ошондон бери өтүп кеткен өмүрүмдү кайтадан дагы бир ирет жашап чыкпадымбы. Ошол окуяларды силерге айтып берейин деп отурамын. Билип алгыла. Биздин да көз өтөт. Ушул силердин киндик кан тамган жерде болгон кичинекей тарых алдакими ңердин эсиңерде сакталып калганы түзүк.
—Айтып бериңиз, чоң эне? — Балдар чуулдашып орундарынан эргиди.
—Мен анчамьщча уккан элем. — Өмүрбек орду нан обдулса Жибек аны чыканагы менен зекип койду:
—Чоң энем өзү айтып берет. Сен жен бол.
—Чоң энемдикин угабыз,— калгандары бир ооздон чурулдашты.
—Эмесе мындай балдар. — Чоң эне оңдонуп оту руп, бир нерсени эсине түшүрө албагандай көзүн үлүң дөтүп алыскаалыска карады. — Анда ушул тегеректе ар кай жерде боз үйүбүз барыбыз боз үйдө, кээ бири биз эптеп чүргөп алган кара алачыкта жашайбыз. Жержерлерде колхоздошуу жүрүп жаткан кез. Биздин тоо тарапка бул жаңылык кечигибирээк келгенсиди. Ал учурда Тилектин чоң атасы бетинен каны тамган жапжаш жигит кези. Мен да колум колума, бутум бу тума тийбеген шыпылдаган тьщ келинмин. Кантип эле азыркыдай олчоюп калайын. Экөебүз жаңы эле баш кошконбуз. Бир күнү баарыбызды кимдир бироолор чабаган болуп айыл ортосуна чогултушту. Анда эмне, бир баланы аттантып жиберсе алакандай айыл замат та чогулчубуз. Келеек биз көрбөгөн бир эки адам күтүп турушкан экен. Уй мүйүз тартып отуруп, тигилерге үмүттүү да, чочугансып да карап турдук.
—Бул жердеги кожолук бүтүн бойдон коллектив ДҮҮ бир чарбага баш кошобуз,— деп баштады жакадан келген өкүл. — Жапырт аракет жасап иштесек түшүм мол болот. "Көп түкүрсө кол" дегенди жакшы түшүнө т
сүңөр. Анын үстүнө ез жериңерди оз колуңар менен иштетсеңер, ак ниет эмгек жумшасаңар, жакшы жа шайсьщар — деп айтып болуп отургандардан бир нерсе күткондой дымыды. Тилектин чоң атасы экөобүз бири бирибизди түрткүлөшүн, сен жазыл, мен жазыл болуп кужулдаштык. Ал байкуш кой оозунан чөп албаган лсоош эле үн дебеди. Бир маалда өзүм ордуман туруп, тигил жакадан келген өкүлгө суроо узаттым:
—Баарыбыз эле бет алды иштей беребизби же туугантуушкан болуп бөлүнөбүзбү?
—Жок. Туугандарды ылгыйлап оз өзүнчө бирик тирип бөлбөйбүз. Ушул силердин кожолуктун бир белугу мал бакса, калганы жер иштетет. Алардын ар ки мисинин топ башчысы болот,— деп калды.
—Топ башы деген эмнеси, чоң эне? — Жибек ко лундагы бадырагын алаканына салган боюнча суроо сунун жообун күттү.
—Азыркы звеновой. Мына силер бардыгыңар би ригип, менин звеномдо иштеп жатпайсьщарбы. Ал учурда топ башы дешчү. Эми деле биз карыкартаңдар ошентип жүрбөйбүзбү.
Балдар кайрадан дымырап чоң эненин созүнө кулак тешөштү. — Ушул айдыңды баягы жыйындан кийин Тилектин чоң атасы экөөбүз бөлдүрүп алдык. Мен кок башы болуп жүрдүм. Эркекти койбой эмнеге мага жүк тошкөнүно озүм да таңмын.
—Ал эмне деген иш эле, чоң эне? — деди таң калган Сапар.
—Кок башы суу бөлүштүрөт. Өзү да суу сугара турган адам. Суу жерге жайылса талаа когорот. Ошо нусуна карап кок чыгат деген мааниде кок башы де шет го дейм. Кийин мурап деп да жүрүшпөйбү. Силер аны уксаңар керек.
Айыл арасындагы кой терисин жамынган байма наптар, алардын бузуку кулаккуйруктары бирин эки леп жашырынып алышып, жаңы турмушту коре алыш пай, котур ташын койнуна катышты. Кеңеш өкмөттүн шарапаты күчтүү экен, алар бат эле эл көзүнө суук болушуп, дымып калышты. Ушул КөкОйду буурусун га өгүз кошуп он күн дегенде айдап, эгин сээп бүттүк. Мезгил жайга тартканда талаанын бети бир суйсалыи чыкты дейсиң, жонго чыгып алып арпанын шуудура ганына кулак тосуп, карап эле отура бергиң келчү.
Бир күнү ай жарык. Тилектин чоң атасы айылда гылардын бир тобу менен районго биздин кемсемолдук ячейканын окүлү катары жыйынга кетти. Үйдо жалгыз отургуча "КокОйго" суу жайып коёюн менен жондогу арыкка бардым. Суунун бетинде ай калкып, айлана сүттой жарык. Кулакты ачып коюп, азоо тайдай ал кына талаага жоногон сууну карап отурганымда кай данжайдан биздин кабак тараптан аттын дүбүртү чыгып, эмнегедир жон эле жүрогүм оозума тыгыла түштү.
—Эмне үчүн чоң эне? — деди баятан аңырайып оозун ачып угуп отурган Тилек.
—Өзүм да сезбей калдым. Жалгыз болуп талаада отурганыманбы, эмнеси болсо да ошондогу коркконум. Бир маалда эки атчан ээрден ыргып түшүп, эки жа гыма келгенде үчүнчүсү аттарды коштоп кабакка тү шүп кетти. Берки экоо жанымда жаткан кетменди алып башыман алые ыргытты. Олбурлуу элем, экөөнү эки жакка түртүп жиберип, кетменди ала коюп жабышты ра чабайын деген ойго келдим. Жулкунуп экөөнү Итере салып кетменге жонодүм. Канткен менен эркектер эмеспи, менден күчтүүлүк кылышты. Экоо мени кол дон, буттан алып көтөрүп келди да суу жаткан арыкка комкоромдон жаткырып, үстүмо таш бастырып, сууну чоң арыкка менин үстүмө буруп жиберишти. Жинде нишип, тиштерин кычыратып сүйлоп жатышты.
—Кок башы эми көгөрүп жат,— узун бойлуусу көзүнө түшүргөн кара чүпүроктү которбой сүйлодү киңкилдеп. Мурдунун мандеми барбы, же үнүмү таа ныбасын дедиби түшүнбодүм. Экинчиси да тигиге ок шоп эки көзүн жаап койгону менен ырсацдаса тиште ри агарып, айдын жарыгына чагылат. Ансайын жүрө гүм муздап, анын түрү ач карышкырга окшоп, азыр эле кабыргамды качырата чайначудай денем титиреп корком. Бирде жаагым тырышып катыи калгансып, оозум ачылбайт. Кыйкырайын десем үнүм жок. Ушул азыр колуман келсе экөөнү каттап качыратып бурдап алып, суу ылдый бүркүп салсам кана. Ал менин арга сыз эле кыйнап турган. жан этимдеги кыжынуум эле. Кимге, эмне кылганда жалгыз алым келмек эле.
— Мени көгөртсөң башкасы бар. Баарын жоготуу сендей түн каракчысынын колунан келбейт! —дедим, какапчакап, суудан башымды которо калып.
Кайрадан башымды сууга чумкута тыгып туруп, жонумдагы ташты өйдөлөттү. Анысы аз келгенсип желкемден экоолоп басып тумчуктуруп турушту. Бир маалда баягы райондон кайткандар келе жатышканбы, арабанын дөңгөлөктөрүнүн чыйкылдаганы жакын эле жерден угулуп калды. Экоо тең дыр коюп, кабакта турган аттарына жетишип томон карай качып кеткен дей болушту.
Мен ойлогондой эле районго кетксн кемсемолдор экен. Алар мени суудан алышты. Бирэкоо үстүмдөгү ташты алып ыргытышса, бир тобу качкан экөөнүн ар тынан түшүштү. Мени ойдо кылганда эч нерсе айта албай жаагым карышып, сүйлөй албадым. Болгон окуянын жонүн түшүндүрүүгө чамам келбеди. Атчан дардын артынан кеткендер бат эле кайра келишти. Түн жамынгандарды кайдан издешет эле.
Ошол түнү кемсемолдор айылга кетишпей таң ат канча жонго алоолонтуп, улуу от жагып, мени жаны на отургузуп коющуп, КөкОйду" сугарып чыгышты. Ал ошол жылкы эгиндин акыркы сугаты эле. Арпа башын которо албай чыгып, "Сонундун айдьщынын арпасы ай!" деп жүрүшүп, ошондон тарта меники болуп аталып калды.
—Чоң эне сизди сууга көмгөн ким экен?
—Коңшу айылдагы өлүмтүктөр — Мааразык мол донун иниси менен уулу дешти. Кийин алар дагы да лай иш жасабадыбы. Мийзам койчубу. Уруяттын уку ругу узун болбойбу. Канчалык изин жашырганына ка рабай кармап күнөөсүн мойнуна коюшуп, айдап ке тишти. Ушул күнгө чейин өлүүжитүүсүн билген киши жок.
Мына кулундарым ошондон тарта ушул "КекОй" меники. Ар жылы улам которуп данэгин, жашылча айдалат. Жыл сайын көп түшүм берет. Байкушум качан чарчап, качан мүргүп калаарын билбейм. Муну менен келе жаткан мен минтип кары дым. Быйыл да силер меиен биригип түшүмдү батыра албай куруйбуз го деп турам. Картөшкөнүн жумушу аз деп силерге, ки чинекей экендигиңерге карабай башчы болуп албадым бы. Эми эки күндөн кийин үстүндөгү кок сабагын оро буз го. Антпесек, түбүндөгү картошконү кошо жулуп алып соолутуп коёсуңар. Үстүңкү когүн жыйнап кой сок колхоздун кишилери тартып кетишет. Ушинтип сүйлөшкөн элек. Саан уйлар батылдатып жешсе, аябай сүттү коп берет экен. Куурап калганча сарайга ташы сак пайдасы тийбейби. Кеңседегилер араба айдаганга киши табылбаса өзүңөргө бир араба берели деген эле. Анысын да сурап корөмүн го.
—Арабаны ким айдайт чоң эне? — Тилек койкоң доп отургандарга мактана суроо берди. Өз оюнда өзү нен башка эч кимге ыйгарган жок.
—Арабаны? — чоң эне ойлонуп отургандарды бир кыркаар карап чыкты.
—Өмүрбекке айдатабыз го. Өзү да атка жакшы олтурат. Күздөгү ат чабышта бул баладан башка би риң да моройго чыккан жоксуңар.
Балдар макул болушкансып, Өмүрбекке ичтери та рып турушса да билгизбей баштарын ийкешти. Кимиси эле ат минип талаатүздү жаңырта шапалак үйүрүп,
If
мактангылары келбесин дейсиң. Баарынын оюнда ушул.
—Анын үстүнө — деп чоң эне маңдайында отур ган балдарды кыдырата карады,— жайлыжайлата мени менен кошо жүрүп, суу сугарды. Мунун энеси Бакей чоң энеңер сыркоолоп төшөк тартып жатып калга нына карабай силер менен чогуу иштеп жүрөт. Өмүр бек жакшы бала болбодубу. Үй оокатын, короожайын, малсалын койчу, баарына өзү жетишет. Мен кечинде Өмүрбектердикинде болдум. Апасы мойноп болбой кой гонуна карабай "балдар менен сүйлөшүп кеңешели. Күнүнө төртбеш тоголок картөшкөнү Өмүрбектен берип туралы" деген элем. Силер деле макул болосуңар бы деген ой менен кеңеш курбай туруп эле айтып кой дум. Оору кишиге жаңы дан дабаа болуп, өйдө тургу зуп алабызбы деген оюм, балдар. Кимиңер кандай дей сиңер? Жер силердики, эмгек да өзүңөрдүкү.
Отургандар бирбирин карашып адегенде эч кимиси унчуга алышкан жок. Жибек болсо жер чукуп уял ганынан Өмүрбекти тик бага албады. Өмүрбек болсо эреркедиби, мурдун тартып башын жогору көтөрбөй күнөөсүн мойнуна алгансып отурду.
Айланага бир нерсе көмкөрүлгөнсүп дымырап турган тынчтыкты четте отурган Жумабек бузду:
—Чоң эне биздикинде маш буурчак бар. Кечээ ую буз да тууду. Мен кечинде Өмүрбектикине барамын. Апам өзү да буурчактан бөлүп салып коюп кетти. "Ушуну Бакей апаңа алып барасың" деген.
—Ырас кылат турбайсыңбы. Омүрбек сен турчу,— чоң эне жанында отурган Омүрбекти колтугунан жө лөп тургузуп — барчы, бир эки түптү казып көрчү. Чыккан картөшкө болсо эле үйгө ала кет. Балдар өзү лерү уруксат беришиедиби. — Отургандарды кыркале кей карап жооп күтконсүп дымыды. Саамдан кийин балдар чуулдап жиберишти: "Ошент Өмүрбек. Бар". Чоң эне ыраазы болуп ичинен кубанып кетти. Жибек Өмүрбекке жакын келип:
—Мен да казышайынбы? Үйүңө барсам урушпай сыңбы? Апаңдын көйнөгүн жууп, чачын өрүп...
—Мейлиң.
—Анда чоң эне, мен Өмүрбектин картөшкөсүн үйүнө көтөрүп барып келейинби — деп суранды Жибек.
—Жакшы болбойбу. Бул жерде калганыбыз силер дин жумушту да аткарып коёбуз. Ошентелиби балдар?
Балдар чурулдашып макул болушту, чоң энесин колдошту. Баары бир кишидей болуп мелтиреп жаткан "КөкОйдун" картөшкө талаасын аралап барышып би ринин төбөсү көрүнсө, бириники көрүнбөй эле томпоң дошуп иштеп киришти...

Ой-пикирлер