Кирүү

Акылдуу дыйкан

Бир хан жан-жөкөрлөрү менен бирге кыдырып жүрүп, эгин айдаган дыйканга туш келет. Дыйкандын тырышып иштеп жатканын көргөн хан жактырып, жанына чакыртат. Бир канча суроо берип, талаанын ага тиешелүү болбогонун, күнүнө он беш лирага жалданып иштеп берип жатканын угат. Алган акысынын абдан аз болгонун уккаңца, хан айран калат. Анткени хан күңдө сарайына сансаат пул жумшайт экен. Дыйкан хаңдын таң калганын көрүп: Көп деле муктаждыгы жок кишиге бул акча жетмек түгүл ашат. Алган акымды негизи үчкө бөлөм. Бир бөлүгүн өзүм алам, бир бөлүгү менен карызымды төлөйм, калган бөлүгүн болсо жатырым кылып топтоп жатам. Хан табышмакка окшогон дыйкандын бул сөздөрүнөн эч нерсе түшүнө албайт.

Ачык-айрым динчил дыйкан айткан сөздөрүн мындайча түшүндүрөт: Акчамдын бир бөлүгү менен карызымды төлөйм дегенимде, мени кичинемден бапестеп чоңойткон ата-энеме акча бергеним, акчамдын калганын жатырым кылып, чогултканым болсо, балдарымдын билим алуусуна жумшаганым. Менин колубутум алдан-күчтөн тайганда, алар да мени багып жардам беришет. Акчамдын калганын өзүмө керектүү нерселерге жумшайм. Хан дыйкандын акылдуулугуна абдан ыраазы болот. Хан дыйкандын чекесинен өөп, балдарын багуусуна жардам берерине сөз берет. Дыйкандын балдары чоңойгондо, атасынын жанынан чыгышпай, дайыма жардам беришет.

Ой-пикирлер