Кирүү

Асыралбай алынган бала

Петр Ивановичтин колуна телеграмма тийгенде, далдырап эмне кылаарын билбей калды. Саамдан кийин эсине келе түштүбү, муунжуүнү бошоп бышак табаймышактабай туруп эле козунон буурчактанган жаш куюлду. Бул күнү үйүндогүлорү аялынын тор күнүно кетишкендиктен алардын эч бирин кутпой эле жолго чыкты. Кудай жалгап билет да издеген жок. Убара болбой эле поездге отурду. Кымкарлап жаап турган кар терезенин айнегине жабышып, сырт элее булас. Ал туталанып да, жашып да отурду. Жаш ара сынан Зыя Валиевичтин элеси кылт эте калат. Ого бе тер жүрогү титиреп, кокүрогүн тепкен сагыныч коз жаш менен буулуга сыртка чыгып, арман айтаар ки шиси жок коолбүп барып жарылып кеткенсийт.
"Адамбыз да! Убагында эч нерсеге баа бербей жүрө берүү адатыбыз. "Петя, неберелерди көрсөтүп кетчи? Сагындым" деген катын алганым качан? Көрсө, ошондо эле ооруп жүргон тура. Ушунчалык мыкты адамды баалабадым! Мен кишиминби?.." Өктом ойго аралаш ачуу жаш оозуна кирип жатканын да сезбеди. Анын коз алдына мурда откондун баары келди... Атанын мээрин корбогон балага оз атадан артык боорун тол гогон бир кездеги бейтааныш адам эми жаңы жакын болуп бара жатканда ажырап калды. Анын үстүнө балдары менен келүүнү улам кийинкиге калтырып отуруп, минтип жуздошпой калганын ойлогондо башын койгулап, баарынан кечип туш келди басып кеткиси келди.
Айла канча! Эми өкүндүң не, өкүнбөдүң не!..

Шашылышта самолетко деле отурса болмок. Эмне гедир ойлонбой поездге отурган тура. Платформада карыжашы, аялэркек, деги койчу, балабакыра болуп, логлоп эл коп. Тигинде мында кулак мээңди жеп ышкырып, паровоздун отуп жатканы анын оюна да келбеди. Ал Зыя Валиевичке "келебиз" деп кат жазып коюп, жолго чыга албай жүргонүно өкүнгөндөй болсо, озүн бырчалап салгысы келет. "Ошол киши менин коңүлүмө адамдыктын жаркыраган шамын жакты эле. Мен аны дагы жаркырата кармап тура алган эмес экенмин ээ? Ушунум адамгерчиликпи?.."
Вагонго акыркы адам киргенче Петр Иванович сыртта турду. Эмнегедир денеси күйүп думугат. Улам эле Зыя Валиевич менен баягыдай моюндашып коруш пөөчүдөй болуп ичиркене тушот.
"Жамбыл — Фрунзе поезди жоноп жатат" жондоо чүнүн үнүнон селт дей түшүп, вагонго чыкты.

— Жонотуп келген экен десе, жүргүнчү белеңиз?— коштоочу адам нааразы боло карады.

—Ооба. Жүрөгүм ооруксунганынан жерде туруп калдым.
—Эркектер мурдагы күнү чыланып алышса ошен тишет. — Эмнегедир бейтааныш адамдын жүзүнө карабай эле тигил аял лапшып койду.
Демейде Петр Иванович ага бир нерсе демек. Бул жолу кулак кагыш да жасаган жок. Оз ордун таап отурду да, жанында кимдер бар экенине кызыкпай, сыртты карай телмире кетти. Поезддин күрсүнүп барып ордунан жылганын, сырттагы адамдардйн жа кындарын сапарга узата ээрчий кол булгагандарын, алардын кыйкырыксүрөөндөрүн корбогондой бардык коңүлү менен тээтиги боз бала кбздеги окуяларга ара лаша берди.
...Зыя Валиевич менен ал эң алгачкы жолу сот жу руп ясатканда жолукту. Жолукканы кайсы? Ал сот жүрүп жатканда кубо катары суйлоду.
—Ата менен эненин мээримин корбой чоңойгон баланын китеп уурдаганын анча эле катуу куноо катары кароого болобу? Күнөөлүү айткандай, адегенде озү баарын окуп бүтүп алып, андан кийин гана сатчу тура. Ошол китептеги жакшы нерсени башка бироо бил син деген тилеги жаманбы? Албетте, бул жерде ууру катары айыпталып жаткан соң озүңор билесиңер. Менин айтканымы закон которбойт дээрсиңер...
Сот коңгуроосун кагып:
—Сиз кубо катары сүйлөңүз? Кантип уйго кирип, канча китеп алган? — Кабагын түйүп, Зыя Валиевич ке сур корсотту.
—Терезенин рамасын чыгарып түшүптүр. Бир не че жолу үйгө кирип, китептерди окуп, аягында алып чыгып кеткен тура. Адегенде тамак ичип курсагын той гузуп алып китептерди эле окуучу экен. Кийин алып чыгып сатып жибериптир. Атаэнеси болбосо, караган карманганы жок. Адамга каражат да керек эмеспи. Сатса саткандыр. "Китеп операциясын" копко жүргүз гөн экенсиңер. Таапсыңар. Ал жакшы. Мен бул сотто күнеөлүүгө коюлган айыпты угуп отуруп, педагог катары сүйлөгүм келди. Буюм меники. Ууру силерди ки. — Зал жанданып барып, кайра дымырай түштү. — Күнөөлүүнүн эч жерде иштебей жүргөнү, албетте жа ман. Органдын кызматкерлери жеткилең иштегенде, желкелеп жүрүп, бул баланы пайдалуу эмгекке тартып койсо, балким, бүгүнкү каралып жаткан күноо болмок эмес. Бул — биринчиси. Балдар үйүнүн тар биячылары баланы техникалык окуу жайына өткөрүп берип, андан кийинки тагдырын билип турбагандары да окүнүчтүү. Бул — экинчиси. Акыркы айтаарым, күноо жасаган баласы үчүн элден канчалык уялса да атаэне күйүпбышып, ушул залда отурмак. Ал эми азыр бул жерде тарбиячылардын бирөө да жок. Алар бүгүн силер айыптап аткан баланын атасы да, энеси да эле. Мындай тагдыр ото кылдат кароого муктаж, ушунун баары көңүлгө алчу иш... — Далайга унчук пай туруп, созун кайра улады:
— Эми менин эң акыркы суроом: баланын балалы гын, эселектигин, ото жаманчылыкка барбай, курсагын тойгузуп, билимин гана арттырганын эске алып, ку ноосүн жеңилдетсеңер экен?.. — Зыя Валиевич коз ай негин алып, жүлжүйгон козүн ого бетер кичирейтип, тиги курчамада отурган баланын түртүспөлүн каре гине катты.
Анда отурган бала көзүнүн кычыктарына келген жашты бетин ушалаган болуп, билгизбей аарчып жаткан экен. Аны корүп жүрогү кысыла тушкон Зыя Валиевич акырын бутунун башын карап залга түшүп, четтеги эле бир бош орунга отура кетти. Байбичеси тынчсызданып, сороктоп ордунан туруп, улам ал киши отурган тарапты карап, айласы куруду. "Китебиң түшкүрдүкү, жүрогү жаман эле ооруп калбагай эле" дейт, озунчо күбүрөнүп.
Ошол эле күнү соттун өкүмүн угушту. Залдагылар орундарынан туруп, сот мучолорун карап дымырашат. Журогу ооруксунуп жургон Зыя Валиевичке бул дулой жымжырттык эмне учундур коогалуу туюлуп турду... Иванов — китеп уурдаган бала эмгекке тарбиялоо ко лониясына жиберилди.
Муну укканда айланасы курчалган отургучта бая тан бери жер карап отурган бала кайдадыр алыска карегин кадап, ыйлап турду, анын козу муздак, жан сыз эле. Эми жузун жууп жаткан жашты аарчыган жок. Анын тегерегинде айлана баскан ата да, журогу эзилип турган эне да, боору ачыган тууган да болбоду. Зыя Валиевич тосмого тушматуш барды да:
— Петя, кат жазып тур. Адрести өзүң билесиң. Жа райбы? — деди. Петя башын ийкеп, козунун жашын аарчыды, журогу батбат кага калтырап барып кайра оңолду...
Поезд бир нече станцияны артта калтырды. Демей де такылдаган ундон башы ооруп кетчу Петр Иванович бугун бул добушту такыр сезбеди. Тек гана ээжаа бер беген козунун жашын аарчып, отургандарга далысын сала, терезени тиктеген калыбында кыймылсыз катып отурду. Айнектен отуп жаткан шаңкайган таалаа, не бир туркун курулуш менен бириненбири откон ажайып айылдар да алагды кыла албады. Бир нокоттон карегин албаган бойдон кала берди. Улам, улам откон кундору мончоктой тизилип, коз алдына келе калат.
...Балдар колониясына келгени бир далайга кыйна лып журду. Мындагылардын баары эле жаман балдар корунбоду. Бирок адам болгон соң ар кандайы болот дечи. Бири тентегине чыдабай "эрдик" корсотуп, киши сабаган, бири кыйындыгын далилдегиси келип мелдеше кетип чонтоктон акча уурдаган, учунчусу, чын эле ууру болуп колдон суурулуп, коомдук мулк ту булгунго учураткан. Айтор, баарынын тең закон алдында кылмышы бар. Петянын ушуларга кошулга нына бир ай болуп калды. Бассатурса баягы Зыя Ва лиевичтин "Кат жаз, Петя, адрести өзүң билесиң" де гени кулагынан кетпейт. Петя ал адам ясөнүндө коп тү билет: анын күндөлүгүн окуган, илимий даражасын айгинелеген биология илимдеринин кандидаты деген күбөлүгүн көргөн. Ал үйгө кайракайра киргенинин жону да мына ошол күндөлүктө эле. Адеп колуна ошол тийип окуп бутпой атпадыбы. Мына эми кайрадан ошол күндөлүктү кыялында окуй баштады. Анын барактары ачылган сайын Зыя Валиевичтин жумшак мүнөзү, бийик адамгерчилиги улам бийиктеп отуруп, Петяны озуно чакыргансып кетет...
"...Атам апамдан кийин олду. Экоо удаа кетти өң донбойбү, айылдагылардын ар кимиси менин жүзүм дон сылап жолуга калганда боору ооруп эркелеткен болушат. "Өчү бардай экөөнү бирге алганын кара. Зыяны кимге калтырды" — деген чоң энем да эртеликеч ыйлап калат.
—Болдучу, Аппак эже, сиз бар эмессизби. Кара наркарманары жок тоголок жетим калып деле кун корүп жүрүшпөйбү. Эл бар. Өкмөт бар — деп жоотко тушат келгендер чоң энемди. Анын жообу даяр:
—Менин торумдон корум жакын эле. Ошол жаш байкуштарды тим коюп, жараткан аласасын менден алса кана? Ал экоо кол кармашып, турмуш эшигин адеп ачкандан тарта менин босогомдон кетпеди эле. Оздорунчо болуп койсом эмне! Мынчалык эзилбейт элем. Ойлоп отуруп жүрөгүм үзүлүп түшүп, күйүп кетем. Менин жаным эле эмнеге мынча бек жаралганын билбейм.
—Койчу, Аппак эже? Алардын артында тукуму калбадыбы. Сага да демоор болот. Андан коро эми жа ныңды бек карма. Баланы элге кош,— дешти.
Аппак эже ооруп калды. Мен мектептен келгенде тошогуно отуруп, алдыартына, эки жагына жууркан койдурат. Ал кишинин эмне билгени бар экенин билбейм. Кундо эле:
—Почточу келдиби? — деп сурай берет.
—Жок — дейм.
—Эшикти зыңкыйтып жаап коёсуң. Бек турат деп кирбей кетпеди бекен?
—Короонун каалгасын илбей кетип жүрбөйүнбү. Анын үстүнө сиздин үйдө экениңизди айылдагылар дын баары билишет да.
—Аа десең. Эеиме жара чыгып, аны злее албай жатпайынбы.
—Кимден кат келет эле?
—Тиги чоң калаага жазган элем.
—Эмнени?
—Сени.
—Мени? Эмне деп?
—Чоң оку у га а л сын деп.
—Мектепти бутпой элеби?
—Ошол жактан бүтөсүң да.
Кийинкийин мени балдар үйүнө алабыз деген кат келди. Байкуш эже эки айдан ашык ушул катты кут кон тура. Ошол кабар келгенден тарта үйдогү ылды барлуу оокатты бут саттырды. Мени айылдагы муга лимге кошуп, балдар үйүнө жонотмок болду.
—Аппак эже, барбаймын. — Түнөрүп келип, да йыма жыйылбай салынып туруучу төшөгүнүн томон жагына отуруп алдым.
—Акий! — Аппак эже чочуп кетти. — Сага эмне болду?
—Барбайм. Мен кеткенде сиз жалгыз кантесиз?
—Мен эл ичиндемин да. Анын үстүнө... — айта албай калганын отургандар түшүндүбү, дымырай ту шүштү.
—Анын үстүнө, сени мен окута албайм. Карыдым. Ошол жак сага жакшы тарбия берет. Кийинкийин бир эскерип, ырахмат айтасың, балам. Кана, батаңар ды бергиле? — Алакан жайып олтургандардан бата су рады. Мен да кол котордум.
—Ак жолуң ачылсын! — Анан мугалимге кара ды. — Эми көңүлүмдү тынчытып кел. Билими мыкты, чоң адам болчу акылы бар бала. Ошону үчүн жөнөтүп жатпайынбы. Байкуштун атаэнесинин арбагы ыраазы болсун! Атасы көрүнгөндүн кышын куйса да, көңүлү менен иштөөчү. Бироодон ашык акы алган жан эмес. Зыя атасын тартып, ак ниет, ак көңүл, боорукер жан. Чоң адам болот,— деди ый аралаш, байбиче.
Биз жолго чыктык. Канча жүргөнүбүз эсимде жок, шаарга келип, Аппак эжеге келген кат боюнча издеп жүрүп, балдар үйүн таптык. Короого кирер менен ок шош кийинишкен балдар, кыздар корүндү. Алардын кийимдери бирдей болгондуктанбы, мага кызы деле, баласы деле окшошуп кетти. "Ушунча коп бала да ок шош болот экен ээ" деп коём оюмда.
Бизди жашап калган бүркүт кабак киши кабыл алды.
—Окуусу жакшы экен. Кимиси бар бул баланын? — деди ал жооп куто.
—Эч кимиси жок. Атаэнеси экоо тең тоголок осуп, баш кошуп алышкан соң айлыбыздагы бир боорукер аялдын ирегесинде жашап жүрүшүп, ушул баланы ко рүшкон. Эмне кырсык болду, ким билсин, экоонун ор тосунан ай айланбай отүп кетишти. Ошол байбиче силер менен кат жаздырып байланышкан тура. Бул кай гынын кызылы катып, каны бата электе байбиче да отуруп калды. Кыязы оорусу катуу өңдөнөт. Ошондуктан, баланын тагдырын силерге тапшырып, коңүлүм жайлансын деп, ары урунуп, бери урунганы ошол болду. Мени чакыртып, "Сенин беш барак белетиң бар. Бул баланы жеткирип, дайындап кел" — деп туруп алды. Озум ошол айылда мугалиммин,— деди мени узатып келген киши.
Көңүлүм караңгылай түштү. Алкымым мууна козум чакыйды. "Чоң энем, эжем деген аял я{он гана эл ичиндеги боорукер жан тура".
Бүркүт кабак адам башын жогору которбой, кагаз толтуруп жатып суйлөду:
— Жакшы оку, балам. Кемпир келечегиңе кам ко руп, сени окууга узатса, жаман окусаң уят болот, Жакшы оку. "Баягынын жалгызы жараптыр дешсин". — Мен чыйрала туштум.
Оюма койсо жооп бермек турсун бакырып ыйлап жиберер элем. Бейтааныш адамга анте албадым. Үн катпай тим болдум. Мени менен келген киши буркут кабак адамга таштап, ага жакшылап табыштады. Озу нун акылнасаатын айтып, эртеси уйуно кетип калд"ы. Чынын айтайын кайдан келип, кайда калганымы бил беген боюнча кала бердим. Арадан бат эле алты жыл зымырап отуп кетти. Балдар уйу озумдун олоң тошо гум болуп калды. Кийин он жылдыкты буткон сон, ошол жердегилер мени Москвага окууга узатышты. Анын алдында айылга, Аппак эжеге барып келейин десем, жибербей койду. Корее, баягы киши буркут кабак адамга кат жазыптыр. Мурда бул жонундо мага айтышкан деле эмес. Азыр окуп отурбайынбы.
"Зыяны окууга жиберген кемпир каза болду. Ошол балага деген бир аз тыйынтерсегин сизге жибердим. Ал бир жакка окууга бара турган болсо колуна бери ңиз" деген катты акчасы менен Москвага жоноордо колума алдым. Торт жуз сом экен. Кайда батырарым ды билбейм. Ал учурда бул аябагандай коп акча эмес беле. Анын устуно мурда тыйын кармабаган жаным акчага комулуп эле калдым.
Аппак эже менин кимим эле? Ал бир эл ичинде жашаган жоомарт жан! Мен азыр да турмушта кыйна ла калсам, ошол кишиге кайрылам, кеңеш сурайм. Ушинтип олбой жашап калган адамдар да болот тур-байбы, турмушта!.."
Петр бир куну кечке ойлонуп катгы эмнеден баш тарын билбей бушайман болду. "Мен сиздин уйго кир ген уурумун дейби? Ошентип жазсам жинди болуп калды дебес бекен?.. Баары бир го. Ууру кылганым жалган беле. Деги эмнеге кат жаз деди экен?!" Ошол адамдын айтканы көкүрөгүнөн кетпей жүрүп, акыры минтип шилтеи койду: "Зыя Валиевнч" Мени кечирип коюңуз? Моонотүм бүткондон кийин иштеп китептин кунун кайтарам. Буга алым келет. Кечириңиз — сиз дин ууру Петр..."
Анан экоонун ортосунда кат алышуулар, сырда шуулар башталды. Зыя Валиевичтин алгачкы катын алганда окуп алып, балдардан бөлүнүп барып эч кимге корсотпой ыйлаганычы! Ушул азыр да аны жатка кайталап эстеди.
"...Саламатпы Петя? Мени менен учурашып да кой бопсуң. Ал оз эркиң. Ден соолугуң кандай? Ал жакта гы шартка кондүңбү? Кыйын. Каардуулуктун, тур муштун, мүноздүн калыптанышынын мектеби. Эсиң болсо ошол жерден баарын түшүносүң. Эмне жаман, эмне жакшы экенин билесиң. Китеп оку. Өзүң деле ки тепти жакшы корот эмессиңби. Ал акылдын булагы. Адам бол, Петя, "Адам болуу астааста, айбан болуу бир паста" деген кеп бар. Аткара турган иштин жа манжакшысы, майдачоңу болбойт. Баарына бирдей ак дилден мамиле жаса. Кат жаз. Саламатта бол, менин Петр Ивановичим".
Ушул убакка чейин бул баланы эч ким ушинтип айтпаса керек. Петр ошого ыйлады. Анын үстүнө уурутутку жонундо жарты соз жазылбаптыр. Ушунча толгонтокой иш менен жүрүп, үстөккөбосток кат жазганын карасаң. Кийинки катын да тез эле алды.
"...Жакшы иш жасаган турбайсыңбы. Ширетүүчү деген шумдук кесип эмеспи. Жанагы кок мелжиген мунара, асманга бой керген кабаткабат үйлөрдүн бар дыгында ширетүүчүнүн эмгеги бар. Мен ошондой нер селерди коргондо ширетүүчүлор өздөрүнө тирүүсүндо эстелик орнотуп коюшту деп кубанып калчу элем.
Сен китепти коп окуучу элең, тиги Патондун копу рөсү жөнүндө окуганың бардыр. Окубасаң ал адам жөнүндө жазылгандарды сөзсүз таап оку. Ошол оку муштуу Октябрь революциясына чейин эле көп иштеп, көп аракеттенген, кичинекей көпүрө тургузган. Ал Киевде азыр деле бар. Эл ага: "Сүйүү көпүрөеү" деген ат берген. Ал көпүрө ортосу жар эки дөңсөөнү бириң тирип турган назик, солкулдак копуро. Петя алган ке сибиң ардактуу экенин баалай билишиң керек. Аза матсың. Мени аябай кубантпадьщбы. Саламатта жур. Сенин агаң — Зыя".
Петр бул катты алгандан кийин бир топ кунго сый мыктанып жүрдү. Күнүго эле иштегиеи келип сурана берет. Эс алуу учурунда да отряд башчысынын жаны алын койбой иш берүүсүн отүнот. Эми озу узбой кат жаза турган болду. Бири да жоопсуз калбайт. Анын үстүно кат келбесе кимдир бирөөнү күтүп, кусаланып, сагынып калчу болду.
"...Петя адам болупсуң. Бирок начальниктин айтка нын аткарам деп эле олдоксон жасай берген иш өзүң жазгандай залалын тийгизет. Адегенде иштин жаг дайын аларга түшүндүрүп коюш керек эле. "Силер күндүз кирип отура калчу будканы кесип сал дешти. Балким ошондой жасоо керек го, кесип салайын. Тап, шырма ошондой берилди",— десең алар ачууланмак эмес. Чыр чоң чатакка айланбай басылганы ырас болгон тура. "Билбеген адам уу ичет" деген бар. Алар сенин эмнеге кесип салганыңы түшүнбөй "үйүбүздү бузасың" деп ачууланышкан турбайбы. Кечиримдүү болгон жакшы. Ошентип жур.
Эжең да салам айт деп "агарып" калыптыр сага. Окуп жатканыңа да кубанып журом. Баштаган ишти таштабаган адамдын мүнозү туруктуу келип, турмушунда жолуга калчу кыйындыктан кыйналбай отот. Ошондой болоюн деген турбайсыңбы. Жарайсың, Петя. Ден соо лукта бол. Агаң — Зыя".
Экоо бир жыл бою узбой кат жазышты. Зыя Ба лиевич катка канча кеп сөз жазса да, Петя баарын жатка билип алчу. Ошондуктан ушул азыр поездде кетип бара жатып, кокурогуно жазып алган ар бир катын кайрадан "окуп" келе жатпайбы.
"...Менин баскан жолума кызыкканың жакшы. Мос квада окудум. Институтту артыкчылык диплому менен бутуп, аепирантурага калтырышты. Кыскасы, жыйырма жылга жакын окуп, мамлекеттин мойнунан тушконум жок. Ошону али актай элекмин.
Жашырбай эле еырымды айта берейин. Баарынан кызыгы кандидаттык эмгегимди жактаган кун болду. Аябай толкундандым. Мурда андай болгон жок элем такыр. Аныма жараша оппоненттер, илимий жетекчим, окумуштуулар Советинин мучолору ишимди бардыгы бирдей жактырышты. Ошол кунку кубанычымды азыр да айтып бере албайм. Соз менен айта албаган да кот ңүлдүн кушу болот тура. Меники да дал ошондой. Бир топ жолдошторум куттуу болсун айтышып, Москванын бир четине барып көңүл ачтык...
Жашоо тиричилигиңди жашырбай кабарлап тур. Менин катым баргыча күтүп отурбай жаза бер. Сен жаш эмессиңби. — Агаң Зыя".
Ушунча жолу кат жазып, ал кишинин аялы жонундо бир да ирет кеп салбаганына Петр Иванович таң калып жүрдү. Өзү да эч нерсе сурабады. Эжелеп ал кишини катка жазайын дейт, андан айбыгат. Болбой эле бир катында кечирим сурады. Ал катты алышып ыраазы болушканын билгенде бир аябай кубанды.
"...Экинчи жолу уйго киргенде эжеңдин терезе тарт кычын эшип салганыңа кечирим сурапсың. Ошону куч түп жүргонсүп эжең ыраазы боло күлдү. "Ал жер за мандагы тор эмес беле. Аны да тиги жайма базардан алган элем" дейт. Экообүз жонундо билгиң келиптир. Сенден эч нерсе жашырбайын. Эмесе баарын жазайын.
Адеп институтка ишке келгенде ушул эжеңдин уйу но квартирага кирдим. Менден алты жаш улуу. Куйоо су эки көзүнөн ажырап, майдандан келген соң бир уулдуу болушуптур. Ал бала үчкө чыгып такылдап сүйлөп калганда, атасынын жарааты кабылдап, эч бир врач айла кыла албай, энебала эр бүлөсүнөн ажырап калышыитыр. Мен келип ичтитышты оокатына арала шып, бир аз сергип, кайгысын унута башташты. Бала да мени менен жаны бирге болуп кетти. Өзүм да аларга көнө түштүм. Бир үй бүлөдөй болуп кеттик.
Бир күнү ректор чакырып алып, жаңы квартира бере турганын айтканынан кубанып уйго келеем, эжең дин кабагы түшүп. "Ушул уй торт бөлмөсү менен аздык кылып сурадың беле? Биз менен эле жашап калат го деп үмүттөнүппүз" — деп ыйлап калды. Анысына да карабайт элем. Ар кимдин өзүнүн үйү, өлоң тошогү болуш керек го! Кечинде Муратыбыз билип калып, бутуму кучактап "кетирбейм" деп ыйлагандай болсо, босогону аттай албадым. Эртеси үйдү албас болуп, арызымы кайра алдым. Кийин эжвң экообуз бир бүлө болуп жашап калдык. Мурат балабыз болду. Алардын сонуркаганы тараса, озум жаш болсом... деги кетүү жонүндогү оюмду улам кийинкиге калтырып жүрдүм.
Мурат үчүнчү окуган жылы кыш шумдук катуу болду. Балага суук тийип ооруп калды. Аны этибар албай жүрүп, дифтерия деген катуу оору бар экен, ошонусу кошо жабышып, колубуздан алдыргандай бирибирибизди сооротуп, отуруп калдык. Эжеңдин ошондогу ыйы!..
Таң куланоок салгандан тун караңгы жамынганга дейре басылбады. Уңулдап короону айланып, Мурат баскан жерден анын изин издейт. Ошол кайгы менен жалгыз таштай албай жүрүп, эжең менен от болуп кеттим. Экообуз бала коргонубуз жок. Муратты да унута албадык. Ал бала эжең экообузду кол кармаш тырып кеткен омур данакери болду.
Балабыз эле жок дебесек, баары бар. Эжең жандан башкача жайдары адам. Жашоотурмушубузду болсо сенден жакшы билген киши жоктур. Өзүң айткандай, коңулдун баарын оодарып, кайра ордуна койгон тур байсыңбы. Менин журегум ооруп калгандан бери ЭЖбЦ де жан жок. Ушунча да аеанкайгы адам болот экен ээ, дуйнодо! Катуураак бир нерсе болсо, элден мурда эжеңден корком. Ал эмне анча азап тарта берет бил бейм. Азыр врачтар кучтуу болбодубу. Саламым менен — агаң Зыя".
...Ошол Зыя Валиевич менен эже кийин мени уйлон тушту эле. Биздикине келгенде балдарымы жаны кал бай ээрчитип журушуп, кетээринде:
—Неберелерими чоң ата, чоң энеге кат жазып тургула деп койсоңор — дешчу. Эми минтип иштен кол бошобой журуп, жыл айланып жуз корушпойбуз. Ал кишинин озунун тируусундо ата дебедим, эми мени кескилеп салса убал жок!..
Поезд келип токтогондо Фрунзедеги кар тоңголок тартып кычырап жаткан экен. Петр Иванович вокзал дан таксиге да отурган жок. Зыя Валиевичтикине жоо жоноду. Суук ышкырып турса да жонунан ылдый тер куюлуп алдастайт. Уйго жакындаганда унунун бар дыгынча бакырып ыйлады:
—Асыл атам, арманда, жуздошпой калдым!..
Петр Иванович ал адамды омурундо ата деп чакыр баса да уйуно жакындаганда оозунан ата деген соз кандай чыгып кеткенин сезбей калды.
Зыя Валиевичтин короосунда тургандар биринбири карап таңданышты. Бул адамдын баласы жогун ба рысы билишчу. Ар ким, ар кими бул кимиси дегенсип, элейишэт.
—Асыл атам, айрылдым сенден. Корбой калдым. Кечир ата?! — Петр Иванович бугу жазылганча ыйлады. Койайга болбоду. Анан эжесин кучактап бакырды:
—Апаке, кантип эле олуп кетти. Экообуз канттик, апаке! Валиевичтин аялы аа дээрге алы кел бей эсинен танды.
Анан кантсин. Аялын врачтар сасык тумоо дегени нен ага дары алып келем деп аптекага чыккан бойдон кайтпай минтип жаман кабар келбедиби. Кантип, анан эстен танбасын. Эми тигил ыйлап жаткан бала Зыя Валиевичтин асырап албаса да, оз баласындай алынып кеткен баласы экенин не жакшы санаалаштары, не тааныштарынын эч кимиси билбей айран калып ту рушпайбы...

Ой-пикирлер