Кирүү

Эки дос

Класс жетекчи эжей сабактан кийин өз классында чоггулуш өттү. Чогулушта кайрадан "эки достун" маселеси каралды. Ар дайым бир жүрүп, бир ойногондуктан Саяк менен Үсөн кийинчерээк ушундай атка конуп кеткен эле...
— Балдар,— деди эжей нааразы боло.— Саяк тамеки тартып жүрөт дейт, ушу чынбы?
— Чын! — Жаңыл эжейинин сөзүн ырастай кетти.
— Ики! — деди Саяк моюн бербей.
— Ишенбесеңер чөнтөгүн карагыла! — деди Үсөн. Эжей Саякты доскага чыгарып, чөнтөгүн тинтти эле,
түбүнөн махорканын күкүмдөрү чыкты.
— Бул эмне? — Эжей Саякты ушу суроо менен туюк-ка камады.
Саяк дулдуюп унчукпады.
— Демек тартат экенсиң да,— деди эжейи бышыктап. Саяк мыңк этти.
— Эмне-е? — Эжей ага жакындап кулагын тосту. Саяк дагы күңкүлдөдү.
— Ой, катуураак айтчы, угулбай атат.
— Тарт-пай калгам,— деди Саяк кекечтенип.— Таш-тап койгом...
— Качан?
— Жарым ай мурда...
— Уу, саргарган гана...— Эжей чын эле ачуулана кетти. Андан кооптонгон Саяк:
— Үсөн тартат,— деди шашкалактап.— Дайыма кечин-де тартат...
— Дагы эмне де-ейт?! — Эжей чок тийгендей чочуду.— Үсөн, кел доскага!
Үсөн коркконунан өңү өчүп, эжейинин алдында кирерге жер таппай бүжүредү.
— Кали! Калп айтат, Саяк! — Оозуна мындан башка сез кирбеди.
Ага Жаңыл айгак чыкты:
— Эжей, мен да көргөм! Өгүнү кечинде сууга барат-сам, үйүнүн түбүндө тамеки тартып, эки колун тонунун чөнтөгүнө салып, каадаланып, ары-бери басып туруптур. "Эжейге айтам" десем, "өлөсүн" дейт...
— А-а, ошондойбу?! — Эжей эми Үсөндү беттеди.
— Ал тамеки эмес болучу,— деди Үсөн алаңдап.
— Анан эмне эле?!
— Жылкынын тезеги...
— Аны кайдан таап жүрөсүц?!
— Атантайдын короосунан.
— Калп!—деди Саяк чарт жарылып.— Атантайдын аты жок, эшеги бар.
— Ушу чынбы, балдар?
— Чын! Атантайдын аты жок...— Балдар чурулдай баштады.
— Демек, сен кадимки тамеки эмес, эшектин тезегин укалап тартат экенсиң да?!
Үсөн "ооба" дегендей шөлбүрөдү.
— А эмне үчүн антесиң? — Эжей тергөөгө алды.
— Саякка мактанайын деп...
— Саякка мактанганда, ошентип мактанасьщбы? Эшектин тезегин тартып мактанасьщбы?! О, урган...
Үсөн актангысы келди: — Ал тамеки эмес да. х
— Эй, дөдөй! Сен тезек тартып атасың! Болгондо да эшектин тезегин! А тезек тамекиден да...
Үсөн сөз жүйөөсүн эми гана.түшүнүп, башы шылкы-йып, партасына отура кетти.
— Кана, дагы ким тезек тартып жүрөт?! — Эжей сур-данып, жалпы класска суроо койду.
Балдар бири-бирин карап унчугушпады.
— Экинчи ушундай тамеки тарта турган болсоңор, бу мектептен окуйм деп ойлобогула...— Эжей маселени ка-быргасынан койду.— Баарыбыз оюндун артынан түшүп, сабактардан төмөндөп кеттик го?! Кана, кечээ Калтайдын үйүнүн артында кимдер ордо ойноду?!
Эч кимиси унчукпады.
— Кана, Саяк, кел биякка? Көрсөң, эч нерсе көрбөгөн, билбеген момун боло калганын...
Саяк чочуп кетип, ошол эле замат: "тиги да... тиги да ойногон..." деп, сөөмөйү менен үч-төрт баланы көрсөтө берди.
— Айткылачы, бул оюнду ким баштап жүрөт? — Эжей сурак жүргүзө баштады.
Класс жымжырт.
Эжейдин үнү эми каардуу чыкты.
Досканын жанында тизилип турган балдардын берки четинде турган Үсөндүн көздөрү алаңдап, шашкалактап Саякты көрсөтө берди.
— Бобу!
— Калпе! Мен чүкөсүн гана бергемин! Ордо ойной-буз деп, адеп айткан өзү! — дейт Саяк.
— Жо-о, мектептен келатканда сен айткансын, а мен макул гана болгонмун! — дейт Үсөн.
— А сен эртең менен мектепке баратканда айткансын! Ордо ойнобойлубу дегенсиң... Абалагым бар дегенсиң...
— А сен аткананын артына ойнойлу дегенсиң...
— А сен Калтайдын үйүнүн артына ойнойбуз де-генсиң...
— Түшүнүктүү! — Эжей бул чеги жок талаш-тартыш-ты чорт токтотту.— Демек, ордо ойнойбуз деген экөөңөр экенсиңер да...
Тигилер кайрадан бири-бирине шылтай баштаганда, эжей аларды биротоло басып койду. Үнү өктем чыкты. Анан, Үсөндүн жанындагы чепейген балага кайрылды.
— А сен буларга кайдан кошулуп жүрөсүң?!
— Саяк азгырган.
— Калп! — Саяк туурадан чыкты. — Өзү. Оюнга ал-бай койсок таарынат. Эжейге айтам дейт...
— Анан ойнодуңбу?!—деп сурады эжей чепейген ба-ладан.
Ал ушул суроону угаары менен эле актана баштады.
— Эжей, мен чокон эле аткамын. Ордо ойногон булар...
— А чокон атуу, сенин оюңча, ордого жатпайт экен да, ия?!
— Булар үч оюндан атышкан, мен чокон гана...— деди тиги беркилерди көрсөтүп, өзү дагы эле актанып. Бирок, эжей анын да ордо ойногонун мойнуна коё кетти.
— Мен ордо ойноого каршы эмесмин,— деди эжей.— Албетте, сабакты окуп коюп, маалы менен...
Эжей андан кийин окуучулардын сабакка катышуусун, жетишүүсүн кыйлага териштирди да, тарбия саатын аяк-таган соң окуучуларынын үйгө баргандан кийин эмне кы-ларын билгиси келип, "Мен сабактан тарагандан кийин эмне кыламын?" деген жат жазуу жазып келүүлөрүн өтүндү...
Үсөн бул тапшырманы класстан чыгаары менен эле унутту. Сомкесин жонуна илип алган ал берен үйгө же-тээр замат чоң энеси менен: "Кесме кайда? Нан кайда?.." — деп кагыша кетти. Алдына келген тамакты арты-нан жоо кууп келаткансып шаша-буша ичти да, эки чөн-төгүнө аркы тарелкеде турган момпосуй-канттан солоп, үйдөн атып чыкты. Короо шыпырып жүргөн чон. энеси: "Үсөн, үйгө бир аз каралаш"— деди эле, Үсөн башын бир чулгуп: "Муну көр... Мени үйгө каралаш деп коёт... Тыяк-та муз эрип атса..."— деп, күцк-мыңк этип, артын кара-бай сызып жөнөдү...
Аны көчөнүн аягында Саяк досу күтүп туруптур. Али-ги класстык чогулуштагы бири-бирине болгон нааразы-лыктан дайын жок...
Ошо бойдон -алар кечке чейин муз тээп ойноп, үнгө күүгүмдө гана кайтышты. Кыштан жазга тартып, муздун чет жакалары нымшый баштагандыктан өтүктөрү чыл-гыйланып, чолок тондорунун этектери суу болгон. Бирок ага карай турган Үсөн барбы, чоң жумуш бүтүрүп сал-гансып, эдирендеп үйгө кирип келди да, куурулган картошке турган мештин үстүн бир карап, наалый баштады:
— Мен, эмне, дайым эле куурулган картөшкө жей бе-ремби?! Эмне үчүн кеккежө жасабайсыңар?! Эмне үчүн жупка жасабайсыңар?! Эмне үчүн боорсок бышырбайсы-нар?! Эмне үчүн...
Ошентип коюп, койдун майына куурулган таттуу кар-төшкөнү үстөлгө чыгарып келип, аябай апылдатты. Чайга каймак татытып алган, анысын анда-санда ууртап коюп, чекеси булоолонуп, не бир жыргалга батып ичти, аягында чылгыйланган өтүгүн чечип ыргытып, төркү бөлмөдөгү салынуу төшөгүнө жетти да, кийимин чала-була шашып чечип, аябай чаалыккан неме таре уктап кетти...
Эртеси аны чоң энеси ойготту.
— Тур, сабактан кечигесиң! Эми Үсекең:
— Мени эртерээк ойготуп койбойт...— деп чоң энесине нааразылана кетти да, адатынча карайлай баштады.— Өтүгүм кайда?.. Шымым кайда?.. Сомкем кайда?..
Сабак башталаарына аз эле калган экен, эми ал чай ичкенге да чолоосу тийбей, буркурап ачыган жарманы калдыр-кулдур чалып ийип, бадыботко төгө-чача куюп, куркулдатты да, сомкесин алып, оозун аарчыганга да ча-масы келбей, мектепти көздей безди. Ал класска коңгу-роого аралаш кирди...
Үсекең үйгө берилген жат жазууну эми гана эстеди...
Демейде, үйгө берилген тапшырмаларды жанында отурган Жанылдан көчүрүп ала турган, бу жолу да ошон-дой кылды. Үчүнчү сааттан кийин болчу чоң дем алышта,
класста акыр-ын калып калды да, Жаңылдын "Мен сабактан тарагандан кийин эмне кыламын?" деген жат жазуу-сун таап, эч ойлонбостон туруп алекисаатта көчүрүп ала койду да, эч нерсе билмексен болуп, сыртка чыгып, бал-дарга кошулуп ойной баштады.
Ошо күнү класс жетекчи жат жазууларды жыйып кетти. А эртесинде анын сабагы биринчи саатта эле... Контуров кагылып, журналды колтугуна кыскан эжей кирип келди. Балдар менен учурашкандан кийин, эң арткы пар-тада көпчүлүккө далдааланып отурган Үсөндү бир карап, күлүңдөп койду.
— Балдар, силердин жат жазууңарды окуп чыктым. Өзгечө Саяктын сабактан тарагандан кийин ата-энесине берген жардамы мени ыраазы кылды,— деп эжей мыйыгы-нан жымыйды. Анан, Саяктын жат жазуусун алып, жа-рыя окуй баштады:
"Мен сабактан тарарым менен үйгө шашылам,— деп жазылган эле анда.— Түшкү тамагымды ичкенден кийин үйгө суу ташыйм, мал короого кык төгүп, кургактайм, отун жарам... кечинде мал тозом..."
Саяктын жазганына Караганда ал үйүнөн карыш жыл-байт, ата-энесине жардам берет...
Муну уккан Үсөн өзүнө окшоп эң четтеги арткы пар-тада көпчүлүккө далдаланып отурган Саяк досун "сен кайдан ушундай элең?" дегендей ормоё бир карап койду, себеби, Саяк экөө үйгө жардам бермек турмак, оюндан колдору бошочу эмес. Үйүндөгүлөргө ошо ойногон оюнда-рын колко кылып, ошол ойноп келгендери үчүн алардан аз-аз жерден акы албай гана калышчу...
— Кана, балдар,— деди эжей жат жазууну окуп бүт-квнден кийин.— Саяктын жазгандарына ишенелиби?
— Жок! Калп! Жалган! — деген кыйкырыктар чыкты туш-туштан. — Ал окуудан тарагандан кийин үйүнө жо-лобойт...
— Буга эмне дейбиз, ия, Саяк? — Эжей аны уяткара карады.
Саяк деген Саяк го, жат жазуусун туш-туштан чыгып, жокко чыгарып аткан балдардын өзүлөрүнө "калп айты-шат..." деп жалаа жаап көрөйүн деди эле, бирок, андан эч нерсе чыкпасын көрүп, шылкыйып калды...
Эжей башка балдардын жат жазуусун жарыя окуп, ар бирине баа берип келди да, эми Үсөндүн жат жазуусун колуна алды. Ошол учурда эжей күтүлбөгөн жерден күлүп да жиберди. Анын күлкүсүндө бир кеп бар экенин сезе койгон Үсөн эжейди карап, элейип калды.
— Эми Үсөндүн жат жазуусуна кулак салгыла!—деди эжей күлкүсүн зорго тыйып.— Анын жат жазуусун сезмө сөз окуп берейип.
"Мен сабактан келгенден кийин үйгө берилген тапшыр-маларымды аткарамын,— деп жазыптыр. — Ошондон кийин апама каралашамын. Иднш-аяктарды жууп, иреттей-мин. Үйгө суу ташыйм, андан кийин суу жылытып алып, ини-сиңдилеримдин кирин жууймун. Кечинде тамак жа-саймын... А эртеси эрте туруп мешке от жагам, чай коём, кийим-кечелеримди жана бантигимди үтүктөйм, жакшы-накай жуунуп-таранып, чачымды өрүп... мектепке же-нейм..."
Балдар таңданып отуруп калышты. Буга балдар гана эмес, Үсөндүн өзү таңданды...
Ошол учурда Жаңыл жанындагы Үсөндү жалт карады да, бырс күлүп жиберди. Иштин жайын түшүнө койгон балдар дуу эте түштү. Эжей да күлдү. Бирде Саякты, бирде Үсөндү карап баш чайкады:
— Ай-ай, эки дос... Силерге даба жок турбайбы?!

Ой-пикирлер