Кирүү

Койчунун кызы кой келээрде иш кылат

"Койчунун кызы кой келээрде иш кылат". Ата-бабабыз кой малын жакшы асырап, анын азык-түлүктүүлүгүн арттырып келген. Койдун турмуш турпаты менен пайдасы зор. "Койдун сүтү коргошун, кой уурдаган оңбосун" - деген "Бекбекей" ыры бар. Жүнүчү? Тери-сичи? Мүйүзү, сөөгүда керектүү, кыгы көң болот. "Кой" - анын баа-рысы пайдалуу. "Айтпай эле кой" - деген түшүнүктү берет. Ошон-дуктан, кой саалат. Андыктан, козулары өзүнчө кайтарылат. Кой жай-ыттан короого келгиче козулары көгөндөлөт. Жамыратып жибербейт. Кыз-кыркындар, бала-бакыралар, келин-кесектер кой саашка жапырт камынышат. Койдун сүтү майлуу келет. Жуурат уютулат, андан сүзмө куят, эжигей кайнатат. Мына ушундай кой келээр маал келип, короо­го киргендеги саан учурлар ото түйшүктүү келген. Ошол тапта кой­чунун кызы илээндиленип, сайма сайымыш, түймөтүйүмүш, бычып-тигимиш болуп, шылтоосу табылат. Короодогу кызуу кыймылга ка-тышкысы келбейт. Арзыбаган бир ишти кармаламыш болот. Ушун­дай жагдайлардан улам: "Койчунун кызы кой келээрде иш кылат", -деген кеп айтылып жүрөт.

Ой-пикирлер