Кирүү

Ишенимкат

Жеке адамдан, уюмдан же ишканадан бир нерселерди алууга жооптуу кишиге берилүүчү расмий кагазыишеним катдеп аталат. Ишенимкатта аны алуучунун аты-жөнү, ишкананын толук аталышы, кимге, кайсы мекемеге ишенимкат берилип жаткандыгы, алына турган материалдык же башка баалуулуктардын тизмеси так көрсөтүлөт. Ишенимкат жеке адам же мекеме тарабынан толтурулат, ошондуктан алар жөнөкөй же расмий ишенимкат делинет. Жөнөкөй ишенимкаттын ээси ишеним берүүчүгө тиешелүү айлык акысынын, пенсиясынын, стипендиясынын же почта аркылуу которулган акчаны алуу үчүн берет.

Мындай ишенимкатта ишеним берүүчү иштеген же окуган мекеменин же окуу жайынын жетекчисинин колу жана мөөр менен күбөлөндүрүү зарыл. Үйдү, квартираны өзүмдүк транспортту убактылуу пайдаланууга бергенде же сатканда ишенимкат берилген учурда, мураска калтырганда мүлктүн ээси ишенимкат берет. Эгерде көрсөтүлгөн мүлк материалдык чоң баалуулукту билдирип, ал өз баасын туруктуу сактаса ишенимкат нотариалдык кеңсе же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан алардын колдору жана мөөрлөрү менен бекитилүүгө тийиш. Расмий ишенимкат мекеменин, уюмдун, ишкананын, окуу жайынын атынан өзүнүн кызматкерлерине берилет. Мындай ишенимкатты алган киши бул ишкананын кызыкчылыгын көздөөгө тийишжана башка жерлерде аларды коргоп бул иш кагазы мекеменин жетекчисинин жеке колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Иш кагаздын укуктук баалуулугу үчүн анда ишенимкатты пайдалануумөөнөтүн көрсөтүү зарыл. Эгердеишенимкатта пайдалануумөөнөтү көрсөтүлбөсө берилген күндөн бир жыл мөөнөткө жарактуу боло алат. Акча каражаттарын же материалдык баалуулуктарды алууда алуучу анын ким экендигин күбөлөндүргөн паспортун же башка документин көрсөтүүгө тийиш.

Жөнөкөй иш кагаздын маалымдаректери:
1. Иш кагаздын (ишенимкаттын) аты.
2. Ишенимкаттын тексти:
- ишенимкат берүүчүнүн аты-жөнү;
- ишенимкатты алуучунун аты-жөнү;
- ишенимкаттын мазмуну;
- бул ишенимкат боюнча иш жасаган мекеменин, уюмдун ата-
лышы.
3. Ишенимкатты берүүчүнүн өз колу.
4. Ишенимкат берилген күнү.

5. Ишенимкатберүүчүнүкүбөлөндүрүүчүнүнаты-жөнү, кызматы, колу,
күнү.
6. Мекеменин мөөрү болуп саналат.
Расмий ишенимкаттын маалымдаректери:
1. Иш кагазынын (ишенимкаттын) аталышы.
2. Ишенимкат берүүчү уюмдун, мекеменин толук аталышы жана
дареги.
3. Ишенимкат берилген күнү.
4. Номуру.
5. Ишенимкаттын жарактуу мөөнөтү.
6. Ишенимкат алуучу кызматкер жөнүндө маалымат:
- аты-жөнү;
- кызматы;
- паспортунун сериясы, номуру, берилген жери жана күнү;
- өз колу болуп саналат.
7. Бул ишенимкат боюнча иш жасаган мекеменин толук аталы-
шы жана дареги.
8. Алынуучуматериалдык баалуулуктардынаталыштарыжана саны.
9. Ишенимкат берген мекеменин же уюмдун жетекчисинин өз
колу.
10.Мекеменин мөөрү.

Ишенимкат

Мен, Жусубалиев Максат Темирбекович, 2004-жылдын август айы үчүн мага тиешелүү айлыгымды БиринчиМай райондук акимиатынын кассасынан алууга Кадыров Төлөн Дүйшеевичке ишенем.
Кадыров Төлөндүн паспорту ф. 1450084 ИИМ-50-23
Бишкек шаары, Н.Исанов көчөсү 12-үйдө катталган

(колу) күнү, айы, жылы

М.Т.Жусубалиевдин колун күбөлөндүрөм

Биринчи Май райакимиатынын
башкы эсепчиси (колу) М.Абакирова
Мөөр күнү, айы, жылы.

Ой-пикирлер