Кирүү

Ажар. Ажардын апасынын мүрзөсүндөгү монологу

Ажардын апасынын мүрзөсүндөгү монологу

Жаным, апа, жаным, апа! Тур! Жетим тайлактай болуп боздоп жалгызың келип, жалооруп жаныңда турат. Жалгызыңдын сөзүн ук, аны ая, апакебай! Жалгызың бүгүндөн баштап атабабасы тааныбаган бирөөгө сатылганы, ага баш байлаганы жатат. Андан кутказ, азапты көрсөтпө, ач койнуңду, апакебай! Сенин багат-көрөт деген тууганың, сенин өлгөнүңө кайгылуу болуп кан жутуп санаркап жүргөн кезимде мени бөтөн бирөөгө сатып кетип, сайсөөгүмдү сыздатты, муңдантты! Мага да өлүм керексинтти. Кыздын барар жери күйөө дегендей, мени менен теңтуш болсо жаттыгына карабай мейли дээр элем. Бирок ал маркум атамдан да улуу неме экен. Ага кантип барам, канткенде аны өмүрлүк жолдош кылам. Андан кантип кутулам. оо, жараткан ай! Мунуң эмне? Анык бар болсоң, мени неге көрбөдүң?! Эми менин сенден башка таянар тоом, жашынаар бутам калбай калды? Сага берген өлүмдү кудай мага ыраа көрбөдү. Эми эмне кылам, кудай ай!

К. Баялиновдун "Ажар" повестинен

Ой-пикирлер