Кирүү

Айдараалы жөргөлөк

1960-жыл. Июль айы. Табыйгаттын татынакай келбетин жамынган Талас аймагы демейдегиден көрктүү да, көркөмдүү да. Деги, байыркы өрөөндүн чатырап болуп да, толуп да, толукшуп да турган чагы экен.

Азыркы күндө эл оозунда ысымдары менен чыгармалары улама катары айтылып жүргөн абалкы залкар шайырлардын жашап өтүшкөн жерлери менен таанышып, айылдан-айылды аралап, айрым келкор, ышкылуу, баштарынан көптү өткөзүп, көптү көргөн-билген нускалуу карыялардан алардын өмүр баяндарын чыгармаларын иликтеп жүрүп, Алымкул төкмөнү өзүнүн өсүп өнгөн айлынан жолуктуруп калсам боло. А кишини көргөндө "жерден издегеним көктөн табылгандай" кубанычка баттым. Алыкем кадимки калыбындагыдай жаркыраган маанайынан күлкүнүн нурун себе амандашып, алжай­ды сурашкандан соң көптөн бери көрүшпөй сагынып калгандыктанбы бак түбүндөгү көк майсанга отуруп, бир топко чейин маектештим. Кептен-кеп чыгып, өткөн кеткендер айтылды. Алыкем сөзүнүн акырында Талас өрөөнүнөн чыккан жана жашап өткөн абапкы атактуу шайырлар жөнүндө да жаппы маапымдоопорду баяндады.

"Кабылан баатыр Манас атабыз — деди Апыкем — байыр апган касиеттүү Таласымдын жеринен же Элиненби, байыртан эле атак-даңкы таш жарган залкар шайырпарга бай болуптур. Алардын айрымдары менен бирге жүрүп, таалим да, сабак да алдым. Кайсы бирөөлөрү менен өнөр жарыштарына да түштүм. Боз упан кезимде элден жана карыялардан Таластан чыккан эски ырчылар, комузчулар ж.б. өздөрү, чыгармалары жөнүндө да эң бир кызыктуу кеп-келечтерди да угаар элек. Алардын ичинен эл мына бу Таластын баш жагындагы Чат-Базардан чыккан Жаныш акындын ырчылыгын, шыгын катуу баалашаар эле. Ал кыргыз казакка тең бирдей (эки тилде ырдоочу экен) акын болуптур. Жаныш ырдаганда кайгылуу мажипис күлүп, күлкүлүү мажилис ыйлап жиберүүчү экен. Ал эми талаштартыштуу чоң топтордо Жаныш акын ырдаганда үнүнүн мукамдуулугунан, сөздөрүнүн көркөмдүүлүгүнөн (күчтүүлүгүнөн) чымында канат какпай калаар эле дешчү. Ушундай эле калк арасында жез таңдай төкмө акындар Балык (Балык ооз), Эсенаман, Чоңду, Сокур Калча, Назар, Чөжө, Кызыл Чеке, Жеңижок (Өтө), Эшмамбеттин да ырчылык жөндөмдүүлүктөрү, аткаруучулук чеберчиликтери, адамгерчиликтери тууралу да ооздоноозго көчкөн уламалар айтылар эле. Ал эми сурнайчылар Тойкожонун, Жунусаалынын тарткан күүлөрү менен комузчулар Жантакбайдын, Айдараалынын, Абдыракмандын, Сартбайдын, Серектин, кечээки Атай, Эркесары, Шекербектердин да черткен күүлөрү карапайым калктын жан жеригине айланганын өзүң угуп-көрүп жүрөсүң. Мен уккандан жана көргөндөн биздин өрөөндөн кыл тырмагандардын ичинен Айдараалыдай куудулданып күү черткен комузчуну көрбөдүм. Ап ченебеген ченде жок чебер чертмекчи эле. Айдакең ар бир күүсүнө ыр аралаштыра, өңүн кубултуп, тула боюн бийлетип, колун комузда не бир тир укмуштай акчыланта чакмак алгандай ойнотуп черткенде угуп-көрүп отургандар тарс айрыла таң да калышчу, бир эле мезгилде боорлорун да тытып күлүшчү. Деги, ал жүргөн жер күлкүнүн гана шаңына батуучу. Айдакендин аябаганындай куудулдугунан эл аны "Айдараалы жөргөлөк" деп аташкан. Азыр ойлосом Айдараалы комуздан чыккан айтылуу Шаршен куудул турбайбы? Менин баамымда таластык шайырларга комузда кол ойнотуп черткенди Айдакең алгачкылардан болуп, угуучуларга таратты жана жайылтты. Алыкең айткандай Айдараалы элдик аспаптык музыкабыздагы башкы жанр айтым (комузда колду түрлөнтө кооздоп ойнотуп келип, көпчүлүк учурда ар бир күүнүн мазмунун ыр же жамакташтырылган жорго сөз менен түшүндүрүп чертилген күүлөрдүн) бирден-бир негиз салуучуларынан болгон. Ал 1851-жылы Таластын "Кызыл-Адыр" деген жеринде (азыркы Карабуура районундагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы айылда) туулган. Айдакең жети аталарынан бери кедейкембагалдардан болушкан. Болочоктогу шайырдын атасы Бердишүкүрдү жокчулук жонунан басса да, үй-бүлөсүн көрүнгөндүн көзүн каратпоо үчүн кара жанын карч уруп иштеген эмгекчил, намыскөй, айтканынан кайтпаган, убадага бек адам болгон. Бердишүкүр — ырга анча ынак, күү жандуу эмес экен. Ушундай эле анын байбичесинин да ырчылык, жомокчулук, кошокчулук, комузчулук, куудулдук ж. б. жөндөмдүүлүгү да болбоптур. Ошондой болсо да дээринде бар Айдараалы боорун жерден алгандан тартып, ырга, кепке келептеш, күүгө шериктеш, дилдеш болуп өсөт. Ал өнөрпозчулуктун алгачкы сабактарын, таалим-тарбияларын айылдык шайырлардан алат. Айдакең да балапан кезинде эле бардык балдардай адегенде бүткүл кыргыздын музыкалык аспаптарында комузунда, кыл кыягында, сурнайында, чоорунда, кала берсе темир ооз комузунда ж. б. ойносом, ырчы да болсом деген тилектенүүнүн туткунунда болот. Алардын айрымдарын (чоорду, кыл кыякты) "алыбек алына жараша" дегендей деңгээлде тартат.

"Айдараалы ырчы да эмес, акында да эмес — деп жазган 1923-жылдын 12-августунда Айдакеңе үйүнөн жолуккан, кыргыздын элдик оозеки адабиятын жыйнаган К. Мифтаков — бакат кыргыздын эски бир музыканты. Азыр Сырдарыя обулусу, Олуя-ата үйөзү, Горький районунда Таластын талаага бурулушунда Кара-Буура болушунда, Чымкент кыштагынын жанында турат. 1851-жылы дүйнөгө келген. Таласта Кызыл-Адыр деген жерде, ырды эч билбейт деп айтарлык. Беш жүздөн аша күү черте билет. Музыкага бек берилген киши. Ушу күндө 73-жашта. Ошондой болсо да комузун музоо айдап келгенде, барганда да калтырбайт. Барганда чертип барат, кайтканда чертип келет, түсү жаш көрүнөт. Кайсы бир күүлөрү грамафонго (грампластинкага) да алынган. Комуз, кыяк, чоор үчөөнү билет. Бирок бул баарынан комузду жакшы көрөт. Мага 40—50 эски күүлөрдү жазып алууга жардамы тийди1". Ал чыгармалардын жана Алымкул, Сооронбек айтып да, чертип да беришкен күүлөрдүн тарыхтары алдыда талдоого алынды. Белгилүү элдик оозеки адабиятыбызды жыйноочу К. Мифтаков белгилегендей Айдакеңдин бүткүл чыгармачылык жүзү, шыгынын күчү комузда көрүнгөн. Ал байыркы аспапты ушунчалык терең урматтап, кастарлап сүйгөндүктөн бассатурса да, эмне иш кылса да колунан түшүрбөгөн.

Алсак, ал балтыры толуп, кабыргасы каткандан тартып, байлардын койкозуларынын, уйларынын, музоолорунун артынан түшөт. Аларды таң эртеңден жайытка айдап чыккандан керээлденкечке (короого киргизгенге чейин), ээн-талаа, эрме-чөлдө мал кайтарып жүрсө да, күү чертип, көңүлүн жубатууну өзүнө өнөкөткө айландырат. Бул түбөлүккө көндүмгө өтөт. Анын алгачкы угуучулары да жаратылыштын өзү менен жанжаныбарлары болуптур. Алар да Айдакеңдин күүлөрүн, ырларын көшүлө угуп, шыгына шыбагалашып, таазим этишиптир. Анын өнөрү да табыйгаттын келбеттүү ыраңында жетилип, атагы алыска тараптыр. Ал 17—18-жашынан баштап, комузчулуктун артынан сая түшөт. Бат эле Айдакеңдин черткен күүлөрү, ырдаган ырлары, куудулдугу айылдан-айылды аралайт. Атагы Таластын баш-аягына тарап, аш, тойдун, калың калк катышкан жыйындардын ажарын ачат. Алымкул төкмө менен ырчы-комузчу Сооронбектин (Айдакеңдин жердеши) мүнөздөгөндөрүнө караганда Айдакең жапалдаш бойлуу, колдору барбайган болук (семиз), тегерек кара сакалчан, бакыракай көздүү, кызыл жүздүү, элге мээрими түшкөн, кеңпейил, колу ачык, ар убакта кедей-кембагалдарга жан тарткан боорукер, кандан бектен кайра тартпаган өткүр, кепти бетке айткан курч, кайнап чыккан булактай өткөрө шайыр, дайыма көзү менен өңү күлүп турган кандай мерес адам болсо да, алиги заматта күүсү, сөзү менен өзүнө тез тартып алган адамдан болуптур. Ал комузду колго алганда ырдан ыр агылып, күүдөн-күү төгүлүп, күүдөн-күлкү ташкындап ташуучу экен. Айдараалы кандай гана мазмундагы күүнү чертпесин араларына ыр же жорго сөздөрдү кошуп, аткарып жаткан чыгармасынын ыргагына, жүрүшүнө жараша кебете-кешпирин да түркүн абалда кубултуп, өңүнө ар түрдүү ымдоо, жандоолорду жасап, башындагы топусун бирде кырданта, бирде калпагынын алдын артына карата кийип, отурган ордунан арыбери ойдолоп жылып, кээде эмгектей да кетип, колунун манжаларын кыл үстүндө ар кандай көрүнүштө акчыланта, жөрмөлөтө ойнотуп, кайрыктардын арасында бирде катуу каткырып, бирде томсоро калып аткаруучу экен. Айдакенде тубаса куудулдук, комузчулук менен бирге жагымдуу үн да болуптур. Ал да ар бир күүсүнүн ажарын ачып, маңызына маңыз кошуп, угуучуларга жеткиликтүүлүгүн арттырыптыр. Айдакең а деп оозун ачканда эле нөшөрлөтө төгө турган нака ак таңдай ырчылык (акындык) эмес, жамакчылык өнүккөн. Аны ал ар бир күүсүнө өз орду менен орундуу да, ойлуу да пайдалана өстүрө да, өздөштүрө да билиптир.

Айдараалы башка шайырлардай эле өзүнүн чыгармачылыгынын башатын элдик күүлөрдү чертүүдөн баштаптыр. Алсак анын туңгуч жолу аткарган чыгармаларынын бири — Эликалык дастандардын өзөгүндө чыгарылган элдик "Ак кочкор менен Канкы" аттуу күү. Бул тарыхый күү көбүнчө кыл кыякта тартылган. Ал эми Айдакең болсо аны комузга салып, күүнүн бет ачаарын: "Илгери бир өткөн заманда алайлык Тейиштин Ак кочкор менен Каңкы деген эки уулу болуптур. Күндөрдүн биринде экөө тең бир күндүн ичинде жоо колдуу болуп өлөт. Ошондо атасы:

— Тейиштин Ак кочкор, Каңкысы,

— Ак кочкор өлүп калды (кокуй) Каңкыл калса кантейин,

Тейиш бир какбаш даңкың бар кокуй? —

деп кошуп, күйүтүнө чыдай албай кан кусуп өлүптүр" — деп, айтып келип, күүнүн ар бир кайрыгында ыр салтарын таптак кайталап, эки бирдей, баласынын айрылган Тейиштин ботодой боздогон зарын, акыры кайгынын зилине батып, каза тапканын Айдакең өзүнүн кейпи менен да, комузу менен да турпатын түзө (келиштире) чертчү экен. Кайрыктары жык муңга толгон жоктоо — кошок күүсү Айдараалынын аткаруусунда не бир чен жеткис бийиктикке көтөрүлүптүр. Эгерде, байыркы күүнүн түпкү тегине сереп салсак "Жаңыл Мырза" дастанындагы Аккочкор менен Канкы элдик баатырлар катары сыпатталат. Айдараалы элдик салт күүлөрдөн "Камбаркан", "Караөзгөй", "Кертолгоо" аттуу чыгармаларды аткарган. Аларды да ал Айдараалылык стилге, ыкмага, өзгөчөлүккө, куудулдукка салып черткен. Байыркы күүлөрдүн ар бир кайрыгы Айдакең тарабынан жаңыланып, алымчалары алынып, кошумчалары кошулуп, бөтөнчө көркөмдүүлүктө кайрылган. Айдараалы калк күүлөрүн аткаруу, жаңылоо, улоо менен "Олжобай менен Кишимжан", "Кожожаш", "Курманбек", "Канышбек" өндүү ж. б., кенже дастандардан да үзүндүлөрдү айткан. Алардын айрымдарын күүгө айпандырып, ажарын ачып черткен. Маселен Айдакең өз учурунда калайыкка кеңири белгилүү болгон "Канышбек" поэмасынын обонунун негизинде "Каныбек" аттуу мундуу күүнү да чыгарган. Ал бул чыгармасын аткарардын алдында: "Тыныбек кандын кызы Канышбек ата-энесинин кудалаган жерине барбай, өзүнүн сүйгөнү Кабайга качып баратып, Абылай кан тарабынан кармалып капат. Ошондо туткундагы Каныбек бирөөдөн Кабайга минтип:

Тапа бий мундуз төрөсү, Татасы мундуз төрөсү. Ойрон бир мундуз төрөсү Көрпөчөнүн көбөөсү, Көңкү бир мундуз төрөсү, Коюмду жайдым быткылга, Кордук болдум кан атам Абыла, Ырай ит кулга, Жаманда болсо Жапайга айт, Чаар аттуу Кабайга айт, Көрөңгөлүү Көкүнгө айт. Көп саруудан Бешимге айт —

деп, кабар айтыптыр. Кабай болсо кабарды угаары менен жигиттерден кол курап барып Канышбекти тартып алат. Ал эми Көкүм бий "Абылайканды ким сайса ошол алсын" — деп, бүтүм чыгарыптыр. Абылайды Көрза ыргыта сайыптыр" —деп, таржымалын (тарыхын) чечмелей айта отуруп бирде Каныбектин үнүн туурап ырдап, бирде комузда Кабайга кабар айтканы бараткан бейтааныш адамдын ашыга жөнөгөн кебетекешпирин, бирде туткундан бошонгон Канышбектин кубанычын, бирде Абылайканды сайган адамдын, жан талаш­кан кандын абалын күү кайрыктарында сүрөттөп, алардын жандуу образдарын угуучулардын көз алдына тарткан.

Айдараалы негизинен угуучулардын капаларын жазып, көңүлдөрүн ача турган күлкүлүү, тамашалуу, жергиликтүү эл бийлегендерди, дин ээлерин, байлардын балдарынын сарандыгын мыскылдаган куйкум сөздөр менен коштолгон күүлөрдү да чыгарган. Айрыкча анын көп кырдуу жаркын шыгы "Дубананын жар салганы", "Иле менен Каратал", "Баабедин", "Кер какшык", "Сараң кыз", "Бир көзүңдү кысып черт", "Үкүбай, Султан, Акмат". "Кара башыл ак токту", "Жусуп менен Зулайка", "Алып сок" аттуу ж. б. күүлөрдө көрүнгөн. Булардын ар бири өзү жашаган турмуштан алынган. Маселен Айдакең "Сараң кыз" аттуу күүсүндө айылындагы чык татырбас, чычканга кебек алдырбас байдын сараң кызын мыскылдаган. Ал бул күүсүн аткарганда бүткүл турпатын сараң кызга окшоштуруп, орду жок чойоктоп, оозу мурдун чүйүргөнүн адамдарды жактырбаган адепсиз кулк-мүнөзүн туурап, комузунун кылдарын ар бөлөкчө басып, оң колун тайраң туйраңдата ойнотуп черткенде угуп отургандарда сараң кыздын келбетин элестетишип кырааң каткы күлкүгө батышчу экен. Ал эми "Дубананын жар салганы" деген күүсүндө алгач комузчу дубананын кейипкерин, ак урганын туурап, анан:

Дубана келет эшиктен, Балакет чыгат тешиктен, Бала ыйласын бешиктен, Мээнет чыксын эшиктен —

деп, бүткөн боюн шалкылдатып, күү кайрыктарында кайталайт. Күүнүн өзөгүнө болсо дубананын обону алынган. Аны автор кылдаттык менен иштеп чыккан. Айдараалы бул чыгармасында дубананын кылыкжоругун мыскылдап, калк алдында мыш кылат. Айдакендин тамашалуу күүлөрүнүн бири — "Иле менен Каратал". Ага Элиграф катарында:

Иле менен Каратал,

Төбөсүнөн таң атар,

Күйөө менен кыз жатар,

Күлкү менен таң атар,

Кемпир менен чал жатар.

Кейиш менен таң атар" —

деп ырдап келип, күйөө менен кыздын баш кошушкандыгы кубанычын, чал менен кемпирдин карылыктын калканына түшүшкөндөгү өкүнүчтөрүн да сүрөттөйт. Күү баяндалган мазмунуна жараша эки музыкалык темада өнүккөн. Анын биринчиси кыз-күйөөнүн, экинчиси чал менен кемпирдики. Бирок, алар жалпы музыкалык жагынан бири-бири менен тектешип, бүтүндөй бир чыгарманы түзгөн.

Айдакендин куудул-комузчулугу "Кара башыл ак токту" деген күүдө Да кеңири көрүнгөн. Ал абалкы кыл кыяк күүсүн комузга өтө устаттыкта, билгичтик менен салган. Күүнүн негизги сюжеттик мазмунуна: "Илгерки өткөн заманда бир байдын жалгыз кызы болуптур. Ага атасы кара башып ак токту энчилеп бериптир. Аны күндөрдүн биринде кароосуз калганда карышкыр жеп кетиптир. Ошондо байдын кызы карабашыл ак токту (кокуй) ак токтумду жеп кетти. Эрбай дубана, бала кетти кубала", деп, шолоктоп ыйлаганы алыныптыр. Айдакең күүсүндө алгач кызды, кара башыл ак токтуну, карышкырдын улуганын, короого киргенин, аны көрүп, токтунун үрккөнүн, кашабаңдын жара тартканын, кыздын туюп калып уйкусоонун арасында кокуйлап ыйлаганын, Эрбай дубананы ойготконун ар башкача үндө, жүрүштө туурайт. Күүнүн ар бир кайрыгында баяндалган көрүнүштөр, кейипкерлер да ар башка добуштарда таптак кайрылат. Айдакең комузу менен жеткире, айта албай калган жерлерин өзүнүн кебетекешпири, өң кыймылдары (ымдоо, жандоолору), үнү менен туурап сөз менен айтып, өзүнчө бир чакан сахналык чыгарманы түзүп чертчү экен. Аны уккандар Айдакендин куудулдугуна, комузунун "адамча сүйлөткөнүнө" айраң таң калышып, кулдук урушат.

Айдараалынын Жеңижок, Эшмамбет, Ныязаалы, Токтогул, Тойкожо ж. б. шайырлар менен чоң эл катышкан топтордо, тойлордо, аштарда бирге болушу, өнөр жарыштарын көрүшү, алардын ырларын, күүлөрүн, сөздөрүн угушу, өзүнүн чыгармаларын аларга тартуулашы, баалуу кеңештерди алышы анын шыгына да шык кошот. Баштагыдан дагы мазмундуу калк жүрөгүнөн түнөк тапкандан канаттуу чыгармаларды жаратууга, аткарууга шыктандырат.

"Аракет кылсаң берекет" дегендей чыгармачылык изденүүнүн, аракеттенүүнүн аркасында мурдагыларынан дагы кызыктуу, уккулуктуу жаңы күүлөрдү чыгарат. Алардын ичинен "Койчуман", "Жортуул", "Эти ак, сүтү ак" (чымчык), "Алты кайруу", "Желпиме", "Кере күү", "Ак куунун оттогону" деген күүлөрү да калк катмарына кеңири тарайт. Аларда бири-биринен мазмуну, аткарылышы, музыкалык темаларды өнүктүрүү жагынан айырмаланат. Алсак, Айдакең "Койчуман" аттуу күүсүндө жылдардын бир жылдарында, күндөрдүн бир күндөрүндө Талас аймагында көзгө сайса көрүнбөгөн жөө туман түшүптүр. Ал көпкө созулуптур. Ошондо Койчуман аттуу жигит үйүн таба албай адашып жүрүп кайын атасынын үйүнө кез келет да, андан өз үйүн сураптыр. Ал күйөө баласынын үйүн таап бериптир. Койчуман болсо үйүнө келип күн шашке болгончо уктап, качан ойгонгондо: — эмне үчүн мени эрте ойготуп койбойсуң — деп, Койчуман аялына таарына: "Оролмо көйнөк он түймө баттуу, ойготсоң кантти кара бет таттуу" —деп, айтканын баяндайт.

Адаттагыдай эле Айдакең бул күүсүндө да Койчумандын адашканын, кайын атасынан сураганын, үйүнө келип, уктап калганын, аялына ачууланганын туурап, образ түзүп черткен. Ал бул чыгармасында куудулдуктун кулпатын ачып, угуучуларды куштандырган. "Ар күүнүн жайы ар бөлөк. Бул "Жортуул" деген күү. Илгери кыргыздар жаатташып чабышып турганда Султан деген жортуулчу жылкы тийип келе жатса алдынан кадимки айтылуу Кара Турап сурнайчы чыгыптыр. Ал өзүнүн сурнайы менен баатыр аке, олжоңо олжо кошулсун, соогатка мен сенден бир жоргоңу сурайын" — деп, адам сүйлөгөндөй таптак тартат. Жортуулчу сурнайчынын аткаруучулук шыктуулугуна айраңтаң калат да, үстүнө суу койсо төгүлбөгөн балбан тор жоргону кармап берген экен. Кара Турап болсо кубанычы койнуна батпай тор жоргону жорголотуп жолго түшүптүр. Ошону күүгө салган элем" — деп, Айдакең жортуулчунун жылкы тийгенин, айдап келеатканын, капыстан ага Кара Тураптын кабылганын, сурнайын таптак сүйлөткөнүн, баатыр Султанайдын ага жоргону бергенин, анын жорголотуп жолго түшкөн кубанычынын кыябын таба туурап угуучулардын кыялдарын кызытып чертет. "Акындыгы анчалык болбогону менен —дейт,— Айдакендин жердеши Чоюбек уулу Сооронбек — элди күлдүрүү жагынан мыкты эле. Маселен "Ак куунун оттогону" аттуу күүнү черткени эсимде. Бүркүт, ителги илип кетеби дегенсип эки жакты койкоё каранып, мойнун созуп, куйругун чайпалтып... койчу, бардык кыймылын жөргөлөп жатып мукамына келтире тууроочу. Анын ашкан чеберчилиги: катуу каткырып, кайра мостойгону, куйкасынан кулагына чейин кыймылдаганы кызыктуу боло турган1": Мына ушундай куудул комузчу ар бир күүгө өзүнчө окшошпогон түс, сюжет, көркөмдүүлүк таап, угуучуну назданткан. Айдакеңдин ашынган куудулдугу "Желпиме", "Эти ак, сүтү ак", "Алты кайруу", "Кере күү" деген күүлөрүндө да көрүнгөн. Автор "Желпимесинде" жележортуп, айылдан-айылды кыдырып, түтүндүтүрө айылчылаган ак кол, ак чүч аялдын кейпин келиштире түзүп күү кайрыктарында кактаган. Ал эми "Эти ак, сүтү ак" аттуу күүсүндө "Ак тамак, Көк тамак" шекилдүү эки чымчыктын кайымдаша сайрашканы, бышыкчылыктуу ысык жерди издешип, салар чегишкенин баяндаган. Айдакең бул күүсүн черткенде комуздан эки чымчыктын эки башка үнүн алып, канат каккандарын дырылдатып, кайымдашкандарын кыжыратып, "мунусунун эти ак, тигинисинин сүтү ак, бактанбакка, шактаншакка мына, минтип жана деле минип сайрашканы деп, Элкиндете чалып, кебетесин эки чымчыкка окшоштуруп, элестерин элге жеткире чертчү экен. Айдакең ар кайсы аспаптарда аткарылган күүлөрдүн кайрыктарынан алып "Алты кайруу" деген курама күүнү чыгарат. Аны ал аткарганда эки колун астыдан алтымыш түргө кубулта чертип, байыркы аспаптан не бир укмуштай татаал ыкмаларды, штрихтерди алат. Ал эми Айдакең "Кере күүнү" аткарар алдында:

Атын тапса алтымыш эки кере күү, Тобун тапса токсон эки кере күү. Кимдинкимдин кере күү, Айдакендин кере күү —деп, айтып келип, колун сансыз түрдө кубулта кооздой ойнотуп, угуучулардын жүрөктөрүн ойготуп, көңүлдөрүн толкундатып, күлкүгө марытат.

Айдараалы айтым (жетектүү) күүлөрдү аткаруу, чыгаруу менен бирге араларына сөз аралаштырбай, колун акчылантып ойнотпой, айтылуучу ойду караандай гана кайрыктар менен баяндаган кара күүлөрдүда черткен жана жараткан. Автордун андай күүлөрүнө "Алып сок", "Олжобай менен Кишимжан", "Дүнүйө", "Кыял ооз", "Алдамчы ай" аттуу чыгармалары кирген. Айдакең "Дүнүйөсүндө" адам баласынын өмүрлөрүнүн кыскалыгына, жашоонун кызыктуулугуна ой жүгүртөт. "Кыял оозунда" болсо "Кыял күлүк" деген канаттуу ылакапты кайрыктарында чечмелеп, адам кыял менен жашап, кыял менен өтөрүн бөтөнчө мукамдуулукта, өзгөчө көркөмдүүлүктө берүүгө умтулган. Башка шайырларыбыздай эле Айдакең да "Бий күү", "Дубана күү", "Орто сары күү", "Балдан күү", "Сурнай күү", "Жарыш күү", "Өзбектин сурнай күү", "Италиянын кажы күү" деген салт күүлөр шекилденген чыгармаларды да аткарган. Булардын аттары айтып тургандай биринин өзөгүнө бийдин, экинчисине дубананын, италиянын обондору, үчүнчүсүнө сурнайда тартылган күүлөр алынып, комуз үчүн атайы иштелип чыккан. Алар Айдакендин табыйгый шыгынын кудурети аркасында бардык жагынан толук иштелген жана жетилген чыгармаларга айланган. Ал ар бир күүдө, ар бир обондун аспаптын мүнөзүн, добушун маселен "Бий күүдө" бийдин элементтерин сурнай күүлөрүңдө сурнайдын үнүн терең билгичтикте, бере билүүгө жетишкен. Айдараалыда акындык шык анча бийик деңгээлге көтөрүлө албаса да, көпчүлүктүн көңүлүн жубаткан көбүнчө тамашалуу, какшыктуу, куйкумдуу ырларды жараткан. Аларда комуздун коштоосунда куудулдана ырдалып, кээде күү катарында чертилген. "...Бирок — деген өзүнүн маектешүүсүндө Чоюбек уулу Сооронбек — комузчулук менен чектелип калбастан, алынча акындыкты да барк кылуучу. "Аз болсо да саз болсун демекчи", билгенин тартынбай тике качыра ырдаган өткүр адам эле. 1929-жылы Баласарууда Карабай, Сарыбай дегенден той берет. Ошондо АкБакай бабыр уруусунан Эркебай, Токтомуш ажы, Ширгели аттуу аксакалдар баштаган 50 атчан соорончу болуп келишет. Тойдо Алымкул ырчы да жаагын жана ырдап жатты. Бир убакта эл — "Айдакең келди, Айдакеңе жол бергиле" деп дүрбөп калышты. Аңгыча Айдакең да отургандарга салам айтып кирип келди. Ошондогу жарыктык Айдакемин бир кылыгы эсимде. Ал комузун колуна алып эле Алыкемди көздөп:

Букара турбай бийиң тур,

Бейбаш балдар кийин тур.

Үзөнгүнү артып тур,—

Атыңын башын тартып тур.

Жолоочуң келди жорторсуң

Алымкул жолборсуң келди коркорсуң — деп, сөөмөйүн чычайта көтөрүп туурадан койдуруп капса болобу. Тургандардын бардыгы дуу күлүп капышты. — О, жол сиздики, биз токтойпук — деп, Алымкул ырдап жаткан ырын токтотуп, апик апышып, апжайын сурашты. Апыкем Айдакенди аксакап катарында ар дайым сыйпап, ага жол берүүчү". (Э. Кудайбергенов — Атапган макаланы караңыз). Куудуп — комузчунун замандаштарынын, жердештеринин берген маапыматтарына караганда ап күүлөрүн угуучулардын жаш, карысына (улуу кичүүсүнө) аял эркегине карата, аларга эмнепер жагарын билип, отургандар менен эсептешип черткен. Маселен ал карыларга нускалуу, насыяттоо, токтоо, салмактуу, жаштарга шаңдуу, шайыр, күлкүлүү, аялдарга болсо алардын оң, терс мүнөздөрүн сыпаттаган күүлөрдү аткарган. Алсак, ал "Аялдарды сыпаттоо", аттуу терме, насыйкаттоо, арноо мүнөзүндөгү ыр аралаштырылып чертилген күүсүндө:

Жакшы аялдын белгиси Үйүнө мейман келгенде, Каттамасын кат кылат, Көп аялдан бат кылат. Жупканы жайып жуп кылат, Меймандын көөнүн куш кылат. Ийик ийрип кап кылат, Ийги менен тап кылат. Жаман аял бегиси, Үйүнө конок келгенде, Атала ботко аш кылат. Тузун ачуу шор кылат. Меймандын көөнүн кор кылат. Эт сал десе аз салат, Бышканда жарымын жеп салат. Ой, тамагың аз — го дегенде Көрсөм көр болоюн деп калат. Күйөөсү менен кериштейт, Мунасасы келишпейт. Жыгылып калат чапканга, Машыгып калат качканга1 —

деп, аялдардын жакшыларын мактап, жамандарына сын коюп, алардын кылган иштерин туурап, угуучуларын күлкүнүн шатыратшатманына бөлөгөн. Айдараалы биз жогоруда белгилегендей ак таңдай атактуу акын болсо да, кези келген жеринде айтыштарга түшүп, бирин жеңип, экинчисинен жеңилген. Ал көпчүлүк убакта ыр жагынан жеңилип баратса, атаандашын дароо күүгө салып, кулкмүнөзүн туурап, күлкүгө айлантып отуруп да жеңишке ээ болчу экен. "Азыр­кы Караван районунда (Аблетинде) — дейт, карыя Сооронбек — саруу уруусунан тараган Сулайманкул деген той берет. Ага көптөгөн шайырлар катышат. Ошондо Багыштан чыккан Нурмолдо акын Айдараалыга:

Көрдү — шорду ырдайсың, Кызыталак таластык, Ырың менен куруп кал. Көрүнгөндү жамапсың, Кызыталак таластык. Шымың менен куруп кал. Таластан келдиң бүрүштөп, Семирип кеттиң кызыталак, Аксайга келип күрүч жеп,— деп тийишип кордоп ырдаптыр. Аңгыча Айдараалыга жакын отурган бирөө Нурмолдонун атасы бакшы экенин кулагына шыбырайт. Ал кездин шарты боюнча кандай болсо да каршылаш акындан кыйкым таап, айбын ачып ырдоо экен. Ошондо Айдакең:

Мен элимде ырдап жүрүмүн, Көп ырчынын биримин. Ырым жаман эмес, жакшы эмес, Уккан эл мага каршы эмес, Болгондо бир айбым бар, Атам сеникиндей бакшы эмес, Кокондон келген Нурмолдо, Сен койкондобой тур молдо, Ташкенден келген Нурмолдо, Сен таркылдабай тур молдо,—

деп, ырдап комузунда бакшынын кебете кешпирин келтире туурап черткенде Нурмолдо "кызыталак саруулар мени келеке кылды" —деп таарынып, тойдон кетип калыптыр". Айтылуу Айдакенде жогору да белгилеп өткөндөй сөзү, күүсү менен көргөн уккан жанды күлдүргөн табыйгый куудулдук шык өткөрө мол болгон. Анын көк болоттой курчуган куйкумдуу куудул сөздөрү күү кайрыктарына айкалышканда гана көркүнө чыгып, көпчүлүктүн алкоолоруна арзыган. Калың калк болсо уюткулуу куудулкомузчунун укмуштуудай ашынган чеберчилигин өткөрө жогору баалашып, терең урматтоо, кастарлоо максатында "Айдараалы жөргөлөк" деген ысымды коюшкан. "Калк айтса, калп айтышпайт" дегендей эл Айдакеңе муундарданмуундарга айтылып, ар дайым жүрөктөрүндө жашап турган сыймыктуу ысымды туура баалап, туура берген. Биз билгенден жана уккандан элдик музыкабыздын жаралгандан берки тарыхында "жөргөлөк" деген калк койгон жана кондурган ысымга эки гана шайыр (комузчулук өнөрүндө) татыктуу болгон. Анын биринчиси Айдараалы, экинчиси Ныязаалы. Айдакендин өзүнөн башка шайырлар аткара да, жеткире да, бере да албаган куудулкомузчулугуна карапайым угуучулар гана эмес, Токтогулдай залкарлар да таң калган.

1928-жылы Таластан Токтогул Айдараалыга жолугат. Ошондо Айдакең карылыкка моюн сунуп калса да, айтылуу "Көйрөң күүсүн" Токоңо ыры менен куудулдана комузда колун түрлөнтө ойното, тулку боюн бийлете чертип, черин жазат. Ал эми Токоң болсо, Айдакендин өнөрүнө бир эсе куштарлана, бир эсе тамашага салып "Айдараалы ырчыга" деген ырын чыгарат. Чыгармасынын аягында:

Чийдин түбүн андыган,

Адаты болот балдардын.

Карып калдың, Айдаке,

Бул кесиби эмес чалдардын2" —

деп, чымчып тамашалайт. Чындыгында Айдараалыны "Айдараалы жөргөлөк" деген атка кондурган күүлөрүнүн ириси "Көйрөң күүсү" болгон. Аны Айдакең бардык күүлөрүнүн ичинен өтө жактырган жана бүткүл жан дүйнөсүн таштап коюп черткен. Ошондой эле аш, тойлордо, эл жыйындарында, түнкү отуруштарда биринчи эле бакшыларга амандашуу деп, "Көйрөң күүсүнөн" баштап, калгандарын уланткан.

"Көйрөң күү" эл арасында "Айдараалы жөргөлөк" деген ат менен да аткарылган. Ал айтылуу чыгармасын кандайча аткарганын өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уккан Калык төкмө: "Бетегелүү түзөңдө — деп, жазган өзүнүн "Баскан жол" аттуу өмүр баянында — тескейдин түбүндө, калың элдин орто ченинде жал куйругун кырккан күрөң бээ минген, чарчы бойлуу, өңүдандырдай кызыл тегерек, көк ала сакал киши, оң жакы бутун аттын жалына арта салып, төбөсүнө кондурган топусун кыймылдатып комузга колун ойноктотуп черте баштады.

— Бу ким деген киши?

— Айдараалы жөргөлөк деген киши ушу киши — дешти.

— Ырчылыгы барбы?

— Жок күлдүргүч — куу киши. "Айдакеңдин көйрөң күү" деп Айдараалы кууланып комузун чертип жаткан кези:

Күлдүр, күлдүр, күлдүр, күлдүр.

Анан кийин, анан кийин, анан кийин,

Оошол, оошол, оошол, оошол,

Тейриң, тейриң, мейлиңмейлиң,

Минтип келем, минтип келем, минтип келем.

Айдакеңдин көйрөң күү,

Битир боор, Москөөдөн,

Олуяата, Ташкенден

Алып келген көйрөң күү.

Апты калка жаймапап

Салып кепген көйрөң күү.

Апты төө, бир атка,

Артып кепген көйрөң күү.

Аркан менен бекитип,

Тартып келген көйрөң күү.

Ар кайсы элге ушинтип,

Айтып келген көйрөң күү

Мына, мына, мындай,

Мына, мына мындай.

Топусун чокусуна жөрмөлөтүп, комузуна колун ойноктотуп, каткырып күлүп, элдин боорун эзип коюп, өзү кайратомсоро калат. Бул өнөрүнө маашыр болуп менин да боорум катты.

— Эми Айдакең ырдап койсун ааадеп ырдаганы:

Коён жылы кышында,

Жутап калдык ошондо,

Малдын көбү түгөндү,

Калка салдык от таппай,

Ээр токум, жүгөндү.

Он жылкылуу оюлду,

Муздап калып кышында,

Жаздын күнү союлду.

Кайран малдын тарпына,

Карга, кузгун ток нду.

Кырк жылкылуу кыйрады,

Кыз келиндер, какшыган

Көнөктү көрүп ыйпады,

Коён жылы жут болуп,

Уйлар өлүп, кой калды.

Оо, күрөң бука бой калды.

Сары жүрмө карын сал,

Сасып кетет барын сал...

"Ушу кишиге бир тийишип көрөйүн, эмне сөз чыгар экен" —деп, Айдараалыга карай ырдап турган ырым:

Эгин, эгин нан жеген,

Жериң кайда Айдаке?

Элиң кайда Айдаке?

Айдараалы:

"Кой сүлөөсүн Бакайыр,

Жерибизден келебиз,

Жергелүү кытай, калың сол,

Элибизден келебиз.

Сендейсендей ырчыны,

Койгупатып отуруп,

Комуз менен жеңебиз.

К а л ы к:

Суусамырдын сазындай,

Балкылдаган сен кимсиң?

Жинди болгон эмедей,

Шылкылдаган сен кимсиң?

Айылчылап күнүгө,

Бир тынбаган сен кимсиң?

Атырылып ырдап көр,

Сенин акындыгың эл билсин?

Айдараалы:

Аксы менен Таласка,

Айдараалы мен атым.

Бой тирешкен ырчыга,

Болжолу жок санатым,

Жеңижокту баш кылып

Жер жүзүндө ырчыны,

Жеңип жүргөн адатым.

К а л ы к:

Аштатойдо кууланып,

Култулдаган сен кимсиң?

Анык жинди болгондой,

Жулкулдаган сен кимсиң?

Атчан жүрсөң, жөө сүрсөң,

Бир тынбаган сен кимсиң?

Айдараалы:

Менин атым сурасаң,

Айдараалы жөргөлөк.

Ар жыйынды көргөндө,

Айтар сөзүм бир бөлөк.

Келинкыздуу үйлөргө.

Керегенин түбүнөн,

Кирип кетем жөргөлөп.

Айдараалынын өнөрү жалаң күлкү менен аткарылат экен. Мен Айдараалынын сөзүнө жараша куушул ырдасам болор эмес. Ал оңбогондой кууланып, оңкочоңко болуп, мени көпчүлүк элдин күлкүсүнө капталтып коюп, тамаша чыгара бермекчи болду. "Жамгырдай төгүп, таалайдан көрүп, ырдап көрөйүн, эмне чыгар экен" — деп аттын башын чыкчыйта тартып чубуртмадан ырдадым:

Токтогул менен бир келдим, КетменТөбө жеримден. Ашып түштүм Таласка, Аскалуу Бешташ белинден. Азамат киши экенсиң Айт дедирбей теминген. Алалыгын таппадым,

Жана айтып өткөн кебиңден. Безеленип ырдап көр, Беттешким келди сага мен. Ат үстүндө Айдаке, Алкынасын койбойсуң. Ак баш жору баштанып, Талпынасың койбойсуң. Ашкатойго жолотпой, Айдаймын деп ойлойсуң, Бука моюн букчугуй, Булкулдайсың койбойсуң, Куру каткырык, куу күлкү, Кубалашып ойнойсуң, Колуңдан келсе Таластан Кууп ийсем деп ойлойсуң. АшмараМерки, Таласты, Аралап ырдап тойбойсуң. Уңгулуу сөздөн бирөө жок, Уяттын баарын айтасың. Ушу турган көпчүлүк, Ырчылыкты байкасын, Мени менен айтышсаң Мерт болосуң кайтасың. Жаакташкан кишиге Жалынса да болбоймун, Колунан чыктым озунуп, Токтогул акын торгойдун. Анык болсоң Жөргөлөк, Аттан түшүп жөрмөлөп, Акын болсоң Айдаке Ар санаттан термелеп. Тартынбагын сермештен, Табына келген ылаачын Качырганда асмандан, Кандай келет кулагым. Куру каткырык кууланыш, Кыргыз эли үчүн кубанчың Калык менен кармашаар, Айдакем, каруусу болсо чыдасын! Тегеректеп турган эл, Тебишкенди сынасын, Алды менен качырып, Айдаке асылгансып турасың? Акын Калык беттеди, Айда, айлаңды кандай кыласың?

Айдараалыны беттеп, акындык менен Элтеп, Элди таңдандырып, айтышаар жолун чектеп, ырдай турган ырымды ырдап бүтүп тура калдым. Мени көрө элек элдер жаңы ырчыга, жаңы сөзгө танданышкан бойдон тизилишип турушту, татты сөздөн талыкшыбай угушту. Айдараалы каткырып күлүп, кайра томсоро калып, элге билгизбей жолго салды.

Айдараалы: — Атандын көрүү

Мунуңар Калык эмес эле,

Кара тажаал турбайбы?

Ыры азыраак кишини,

Ушунча каптап ырдайбы?

Кушчу, саруу элимден,

Көргөнүм жок мындайды,

Тамаша кылат деп турсам,

Тартынбастан чындайбы?

Ыр — сенде, күлкү — менде,

Тыңшап туруп, бекер угуп кубаныч элде,

Бул жыйындан чыгайын,

Аягым менен жылайын,

Элди аралап бастырып,

Элтеп оокат кылайын, —

деп кадыр эсе каткырып күлүп, эки ууртун сорунуп, эрдин чормойтуп, көпчүлүк элдерди күлдүрүп, Айдараалы жөнөп кетти!...1" Мына ушундай алжайды сурашуу, тамашалуу, таанышуу айтышынан кийин Айдакең Калыктын "азылуу" төкмө ырчылыгына таазим этет. Ал эми Калык болсо, Айдараалынын комузчулугуна жогору баа берип, ар дайым жыйындарда чогуу болууга, чыгармаларын алып калууга умтулат. Айрыкча Калыкты Айдараалыны жөргөлөк атандырган "Көйрөң күүсү" кызыктырат. Кийин ал тилегине жетип, Айдакендин айтылуу күүсүн так өзүндөй чыпчыргасын калтырбай үйрөнүп алат да, калк арасына тартуулайт. Ал тек гана Калыктын, Атайдын, Эркесарынын, Шекербектин, Коргоолдун аткаруусунда угуучулар урматтап, уккан улуу чыгармага айлаңды. Ырас, алардын ар бири бирдей көркөмдүктө, бирдей деңгээлде, бирдей чеберчиликте аткарышпайт. Алсак, Калык Айдараалынын түп нускасынан алыстабай дал өзүндөй черткен. Ал эми Эркесары "Көйрөң күүнү" тиктеп турат, карап турат, күлүп турат, каткырып турат" деген сөздөрдү комузда таптак кайрат да, андан кийин күлкүлүү сөздөрдү айтып, күүнүн ыргагы, жүрүшү менен колун ойнотуп, дене боюн сүлкүлдөтүп, топусун жорголотуп, башкалардан башкачараак көркөмдүктө жана көрүнүштө аткарат. Ал эми азыркы комузчулар ансамблинде "Көйрөң күү" негизинен Калыктын аткаруусундагыдай музыкалык ойдо, жүрүштө, нукта аткарылат. Күүнүн аягында "жана деле минтип, жана деле минтип" деген сөздөр менен коштолот.

Күүнүн темасы, "жана деле минтип, жана деле минтип" деген сөздү кайрадан кайталайт да... минтип, минтип, мына, минтип" деген катышуучулардын көтөрүңкү күчтүү сезим менен айтылган сөздөрү менен аяктайт. Бул жерде колдор (кол) да сөздүн ыргагына шайкеш келип, кубултулуп ойнотулат. "Көйрөң күү" өзүнүн бийдик шаңдуу ритминин ийкемдүүлүгү менен бөтөнчөлөнөт. "Көйрөң күү" атактуу элдик профессионал аткаруучуларыбыздан тартып, катардагы өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларынын сүйүп чертишкен күүлөрүнө айланды. Көптөгөн талапкерлердин тушоолорун кести. Ал 1938-жылдан азыркы күнгө чейин кыргыз филармониясынын комузчулар ансамблинин бирденбир башкы номерлерине айланды. "Көйрөң күүнүн" шандуу добушу Кыргызстандын, Советтер Союзунун бардык жерлеринде, ал турсун Болгарияда, Кытайда, Францияда, АКШда, Японияда, Канадада, Кубада, Чехословакияда, Финляндияда, Швецияда, Белгияда, Брюсселде ж. б. көптөгөн чет өлкөлөрдө да жаңырды. Жүздөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн жүздөрүнө шаттык жагып, жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Ушундай жумурайжурттун жан шеригине айланган күүнү чыгарган залкар куудулкомузчу Айдараалы 1934-жылы дүйнөдөн кайтты. Бирок, өзү өлсө да анын "Көйрөң күү" шекилдүү музыкалык мазмунга бай мурастары күн өткөн сайын калк арасында баштагыдан дагы тереңдеп жашоодо.

Ой-пикирлер