Кирүү

Нускама

Нускама– бул мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын (алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана кызматтарынын), кызматтык адамдардын жана жарандардын уюштуруу, илимий-техникалык, технологиялык, каржылык же башка ишмердүүлүктөрүнүн атайын жактарын жөнгө салуучу эрежелерди белгилөө максатында бекитилген же чыгарылган укуктук акт. Нускама ошондой эле мыйзам актыларын, буйрутма иш кагаздарын колдонуунун тартибин аныктоо жана түшүндүрүү максатында жана иш кагаздарын (мисалы бугалтердик, отчеттук, учеттук ж.б.) жүргүзүү жана толтуруу боюнча чыгарылат. Башкаруу тажрыйбасында типтүүжана жеке нускамалар колдонулат.

Типтүү нускамаларды бийлик органдары же бир типтеги уюмдар же мекемелер тутумундагы башкармалыктар чыгарат. Нускама жалпы бланкка жол-жоболоштурулатжана төмөндөгүдөй маалымдаректер болушу керек: уюмдун аталышы, иш кагазынын аталышы, чыгарылган күнү, орду, тексттин темасы, бекитүү грифи, тексти, колу. Нускама – узак аракеттеги иш кагазы. "Жалпы жоболордо" нускаманын аракетинин ишке ашырылыш мөөнөтү же анын аракетин ишке ашырууну эрте токтотуу эскертилет.

Нускамага аны иштеп чыккан түзүмдүнжетекчиси кол коет. Нускама жетекчи кол койгондон, же атайын буйрутма иш кагазы чыгарылгандан кийин күчүнө кирет. Бул же тигил шарттарда нускаманын биринчи бетинде кызматы, бекитилген күнү көрсөтүлгөн бекитүү грифи же буйрутма иш кагазында анын күнү жана номурунуншилтемелери жол-жоболоштурулат.

Ой-пикирлер