Кирүү

Датка

1966-жыл. Январь айынын акыркы күндөрүнүн бири. манасчы Саякбай Каралаев Датканын күүлөрүн бой балкыта угуп отуруп — "Бул чоң кыякчы турбайбы? Азамат киши турбайбы?" — деп суктанган. Ооба, талантты талант баалайт деген ушул эмеспи. Чынында эле Датка биз көргөн жана уккан кыл кыякчылардын эң мыктыларынын бирден-бири.

Белгилүү шайырдын зога жакын күүсү компазиторлор Союзунун алдындагы музыкалык фольклордук кабинетке да жазылып алынган. Алардын көпчүлүгү нотага түшүрүлөт. Алар өз кезегинде илимий жактан иликтөөлөргө алынып, жаңы угуучулардын сүйкүмүнө татымакчы. Датка 1972-жылы дүйнөдөн кайтты. Бирок, анын жаркын элеси, сандаган кайрыктарга бай залкар күүлөрү ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталмакчы.

Ой-пикирлер