Кирүү

Синтаксистик катыш жана анын түрлөрү

Синтаксистик эң кичине бирдик болуп эсептелген сөздөр сүйлөмдө өзүлөрү тиешелүү болгон сөз түркүмдөрүнүн категориалдык табиятына ылайык кандайдыр бир грамматикалык формаларда туруп, башка бир синтаксистик бирдиктер (сөздөр) менен байланышат да, белгилүү бир синтаксистик катышты, грамматикалык маанини пайда кылат. Сүйлөм тутумунда келген мындай толук маанилүү сөздөрдүн ортосундагы синтаксистик катыш алардын биринин экинчисине карата багыныңкылык абалын шарттап турган лексикалык маанилерине жана грамматикалык формаларына негизделет. Демек, сүйлөмдөгү сөздөрдүн синтаксистик катыштары алардын жекече алынган лексика-грамматикалык табияты аркылуу гана эмес, сүйлөмдө башка сөздөр менен болгон байланыш-катыш өзгөчөлүктөрүнүн бирдиги аркылуу аныкталат да, алардын бири — маанилик жана грамматикалык жактан көз каранды абалдагысы — багыныңкы түгөй, экинчиси — маанилик жана грамматикалык жактан башкарып турган бөлүгү багындыруучу түгөй деп аталат.

Демек, синтаксистик катыш структуралык жактан өз ара лексика-грамматикалык байланыштагы "багыныңкы" жана "багындыруучу" деп аталган эки бөлүктөн же элементтен турат. Ар кандай синтаксистик катыш белгилүү бир грамматикалык мааниге негизделген болот да, ошол маанинин өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү бир сөз топторунун базасында калыпташып, алардын грамматикалык табиятына ылайык белгилүү бир форма-көрсөткүчтөр менен жабдылат. Демек, мындай өзгөчөлүктөр сүйлөмдүн структуралык элементтери катары эсептелген анын айкындооч мүчөлөрүнүн сүйлөмдө башка сөздөр менен болгон синтаксистик катыш мүнөздөрүнүн да ар башкалыгын ачык көрсөтөт. Ошого байланыштуу алар өз ара объектилик катыш, атрибутивдик катыш жана бышыктоочтук катыш деген түрлөргө ажыратылат.

Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн мындай катыштык түрлөргө бөлүнүшү, баарыдан мурда, алардын ар бирине мүнөздүү болгон, биринен экинчисин айырмалай турган грамматикалык маанилерине негизделет. Демек, алардын кыргыз грамматикалык маанилери катыштык маанилер катары да эсептелет жана ал өз кезегинде, жогоруда белгиленгендей, түгөйлөрдүн лексикалык маанилеринин негизинде пайда болот. Бирок мындан синтаксистик катыштагы түгөйлөрдүн ортосундагы лексикалык маани менен грамматикалык маани бирдей деген түшүнүк келип чыкпоого тийиш. Лингвистикалык адабияттарда бул маанилер "тилдик семантика" жана "речтик семантика" деген терминдер менен белгиленет да, ошол эле учурда тилдик семантика "грамматикалык маани", "типтик (типовая) маани" же "синтаксистик маани" деп аталса, речтик семантика "лексикалык маани" же "конкреттүү синтаксистик бирдиктердин индивидуалдык мааниси" деп аталат.

Демек, синтаксистик катыштагы түгөйлөрдүн грамматикалык мааниси алардын өз ара катыш өзгөчөлүгүн шарттап турган сөз түркүмдөрүнүн категориалдык жалпы маанисине негизделет. Ал эми түгөйлөрдүн речтик же лексикалык мааниси өзүлөрү тиешелүү болуп турган сөз түркүмдөрүнүн категориалдык жалпы маанисине эмес, ошол сөздөрдүн лексикалык жеке маанилерине негизделген болот. Мисалы, 1. Ачык асман; 2. Кышкы күн; 3. Он киши. Бул атрибутивдик катышта турган түгөйлөрдүн кептик маанилери ар биринин лексикалык тутумунун лексикалык маанилерине байланыштуу өзүнчө аныкталат. Айталы, биринчисинде заттын, көрүнүштүн абалы, экинчисинде тиешелүүлүгү, үчүнчүсүндө саны берилген.

Ал эми алардын грамматикалык маанилери түгөйлөр ар башка сөз түркүмдөрүнөн экендигине карабастан (сын атооч + зат, сан атооч + зат), грамматикалык маанилеринин курулуш мүнөзүнүн жалпылыгына байланыштуу бирдей грамматикалык мааниге ээ, б.а., атрибутивдик катыштагы конструкция катары каралат. Мындай ар башка сөз түркүмдөрүнүн грамматикалык маанилеринин жалпылыгы ошол сөз түркүмдөрүнүн же анын айрым бир лексикалык топторунун категориалдык жалпылыгы менен түшүндүрүлөт. Жогорку сөз айкашы тибинде берилген конструкциялардагы ар башка сөз түркүмдөрүнүн категориалдык жалпылыгы болуп алардын багыныңкы түгөйлөрүнүн зат атооч сөздөр менен ыкташуу формасында байланышуусу жана алар менен атрибутивдик катышты түзүшү эсептелинет.

Демек, грамматикалык маани — синтаксистик бирдиктердин белгилүү бир деңгээлине тиешелүү болгон жалпы маани, ал лексикалык маанилердин жогорку деңгээлдеги абстракцияланышы, жалпыланышы. Мына ушул өзгөчөлүгүнө байланыштуу синтаксистик бирдиктердин белгилүү бир деңгээлине тиешелүү болгон грамматикалык маани, жалпысынан, бир же айрым алынган сөз түркүмдөрүнүн лексика-грамматикалык табиятынын базасында уюшулганы менен, мындан сырткары категориалдык мүнөзү жагынан жалпы (грамматикалык табияты бирдей болгон) бир нечелеген сөз түркүмдөрүнө жана сөз топторуна да негизделет.

Тагыраак айтканда, айрым бир синтаксистик катыштын уюшулушуна бир сөз түркүмүнүн системасына кирген бардык лексикалык топтор эмес, ал грамматикалык маанинин табиятына ылайык келген анын айрым гана топтору катышышы мүмкүн. Мисалы, атрибутивдик катыштын ыкташуу байланыш формасындагы негизги түрүнүн категориалдык базасы катары сын, сан атоочтор, атоочтуктар эсептелет да, калган сөз түркүмдөрүнүн ичинен ат атоочтун шилтеме, сын, сан атооч категориясындагы сурама ат атоочтор (кандай машина, канча китеп, кайсы кыз ж.б.) зат атоочтун кесипти, туугандыкты, нерсенин эмнеден жасалгандыгын билдирүүчү лексикалык топтору (шофер жигит, саанчы кыз, түлкү тебетей ж.б.) кыргыз гана грамматикалык мааниси, б.а., синтаксистик катыш функциялары боюнча сын, сан атоочтор менен жалпылыкты түзөт.

Ошентип, грамматикалык маани өтө ар түрдүү мүнөздөгү лексикалык маанилердин системасынан туруп, ошонун эле өзүндө ар бир топтогу лексикалык маанилер жалпыланган, грамматикалык жактан абстракцияланган бир гана грамматикалык мааниге биригет. Демек, кандай гана синтаксистик катыш болбосун, белгилүү бир грамматикалык маанинин же маанилердин айланасында топтоштурулган болот да, ошол маанини туюндуруучу сөз түркүмдөрү же сөз топтору менен алардын грамматикалык табияты аркылуу шартталуучу белгилүү бир грамматикалык каражаттардын бирдигинен турган принципте уюшулат.

Ал эми айкындоочтук катыштын жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрүн ушул өзгөчөлүктөрү боюнча кыскача төмөнкүдөй мүнөздөөгө болот. 1. Атрибутивдик катыш (латын тилинде atributum — "нерсенин, көрүнүштүн ажырагыс белгиси, касиети, же аныктооч" маанисинде колдонулат) сөз айкашынын компоненттерине (түгөйлөрүнө) карата да, сүйлөмдүн аныктоочу менен аныкталгычына карата да колдонулуп, нерсе, зат менен анын ар түрдүү сапаттык, өн-түс, сыпат, сандык жана ушул мүнөздөгү кыйыр белгилеринин ортосундагы лексикалык маанилерге негизделет: Мээрман эненин кызын ал.

Атасы жаман уул мурун айтат. Өзү тойбос кайнага кимге кешик арттырат. Үйдү кырк эркек толтура албайт, бир аял толтурат. (М.) Мисалдардагы белгиленген сын атооч, атоочтук жана сан атооч сөздөр багындыруучу зат атоочторго карата ар кандай сапаттык, сандык маанилерде келгенине карабастан, бир гана грамматикалык маанини билдирип, өз ара атрибутивдик катышты түзүп турат.

Атрибутивдик катыштын дагы бир маанилик түрү катары заттын бир жакка таандык болуп айтылышы эсептелинет:

1. Келини жакшы үйдүн керегеси алтын.

2. Кедейдин байы буудай нандан шерине жейт. (М.)

3. Жаздай жүрүп, менин тапкан олжом ушул эски күрмө болду. (М.Э.)

Мына ушундайча заттын, нерсенин ар түрдүү сапаттык, сандык белгилерин жана анын бир жакка таандык экендигин билдирүүчү маанилер атрибутивдик катыштын грамматикалык маанилери катары келет да, категориалдык табияты боюнча ушул маанилерди туюндуруучу сөз түркүмдөрүнүн (сын, сан атооч, атоочтуктар жана зат атооч) базасында уюшулат. Ал эми грамматикалык жактан жалпысынан, аныктооч + зат атооч түрүндө келет. 2. Объектилик катыш (латын тилинде objectum— "предмет", "нерсе" деген маанини билдирет) кыймыл-аракеттин затка, нерсеге болгон катышына негизделет да, ушул маанилик өзгөчөлүгүнө байланыштуу объект менен, негизинен, этиш сөздөрдүн базасында уюшулат:

1. Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны.

2. Эшигин көрүп, төрүнө өт, энесин көрүп, кызын ал. (М.)

Мисалдардагы сүйлөмдүн баяндоочтору катары колдонулган этиш сөздөрдүн белгиленген объектилерге карата багытталышы объектилик катыштын грамматикалык мааниси катары келет. 3. Бышыктоочтук катыш кыймыл-аракеттин мезгил, орун, себеп, сыпат, максат, сан-өлчөм сыяктуу маанилерине карата болгон катыштары аркылуу уюшулат да, категориалдык база катары тактооч менен этиш эсептелет. Ошондуктан, бышыктоочтук катыш лингвистикалык адабияттарда адвербиалдык (латынча аdverbum — тактооч) катыш деп да аталат: 1. Азаматтын белгиси — азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. 2. Какаганды бек мушта. 3. кыргыз Адепсизден алыс кач. (М.) 4. Жайлоодогу мал быйыл күздөөгө эрте түшкөн. (К.Ж.) 5. Баары бир түлкүгө аста- аста жакындай басып, тиги түшүнчүдөн бетер сүйлөп келатты. (Ч.А.) Мисалдардагы белгиленген тактооч сөздөр кыймыл-аракетке карата мезгил, өлчөм, мейкиндик-аралык, сыпат маанилеринде катыш жасап, аны менен бышыктоочтук катышты түзүп турат. Демек, айкындоочтук катыштын башка түрлөрүнө караганда, бышыктоочтук катыш өзүнүн грамматикалык маанилеринин алда канча кеңирилиги, ар тараптуулугу менен айырмаланат да, ушул өзгөчөлүгүнө байланыштуу тактоочтордун лексика-грамматикалык базасындагы көптөгөн башка сөз түркүмдөрү, сөз топтору аркылуу уюшулат. Ошентип, айкындоочтук катыштын түрлөрү өзүлөрүнүн грамматикалык маанилеринин бөтөнчөлүктөрүнө байланыштуу аныктооч (атрибут) + зат атооч, толуктооч (объект) + кыймыл-аракет жана бышыктооч + кыймыл-аракет1 түзүлүшүндө келет.

Ал эми алардын өз ара мындай байланышы айкындоочтук катыштын ар бир түрүнүн (атрибутивдик, объектилик, бышыктоочтук) грамматикалык маани-мазмунуна негизделген төмөнкүдөй белгилүү бир грамматикалык формалар, каражаттар аркылуу ишке ашырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн ар бирине тиешелүү болгон грамматикалык түзүлүшү жана сүйлөмдө алар байланышкан лексика-грамматикалык топтогу сөздөр (зат атооч, этиш) менен болгон бирдиги алардын ар биринин структуралык өзгөчөлүгүн түзөт. Демек, айкындоочтук катыштагы түгөйлөр өз ара а) жөндөмө формаларында, б) жандоочтор менен, в) эч кандай грамматикалык каражаттарсыз атооч жөндөмөнүн формасында туруп, багындыруучу түгөйгө карата төрчүл орун тартибинде келет да, маанилик жактан байланышат. Байланыштын мындай формалары өзүлөрүнүн категориалдык-грамматикалык табиятына байланыштуу, жалпысынан, синтетикалык жана аналитикалык форма деген сыяктуу эки түргө ажыратылат. Объектилик жана бышыктоочтук катыштарда багындыруучу түгөй катары атооч сөздөр да келет. Бул жерде синтаксистик катыштар жөнүндө кыскача гана түшүнүк берилип жаткандыктан, аларды уюштуруучу негизги өзөк катары эсептелген этиш сөздөр (кыймыл-аракет) гана көрсөтүлдү. кыргыз Синтетикалык форма — (грек тилинде synthetikos же synthesis — "биригүү", "түзүлүү" маанисинде колдонулат) уңгуга же негизге сөз өзгөртүүчү мүчөлөрдүн (жөндөмө мүчөлөрүнүн) жалгануусу, демек, сөздөрдүн өз ара сөз өзгөртүүчү мүчөлөр аркылуу байланыш формасы. Мисалы, шаардан келди, кыргыздын баласы, тоодо өсөт ж.б.

Демек, синтаксистик катыштагы түгөйлөрдүн өз ара жөндөмө мүчөлөр аркылуу байланышы синтетикалык формадагы байланыш деп аталат. Аналитикалык форма — (грек тилинде аnalytikos — "ажыратылган", "бөлүнгөн" деген маанини билдирет) толук маанилүү сөздөрдүн өз ара кызматчы сөздөр (жандоочтор) же орун тартиби аркылуу маанилик жактан байланыш формасы. Мисалы, кызыктуу китеп, эки машина, көп бала, тез келди, күлүп сүйлөдү, эртеси келди, сен үчүн келдим, ат менен кетти, сен жөнүндө сүйлөдү ж.б. Ошентип, синтаксистик катыштагы түгөйлөрдүн өз ара жандоочтор жана орун тартиби боюнча маанилик жактан байланышы аналитикалык формадагы байланыш деп аталат.

Ой-пикирлер