Тилдердин классификациясы
Тилдердин классификациясы
Тилдердин типологиялык классификациясы бул - тилдердин тектештик же аймактык жакындыгына карабастан, түзүлүш касиеттерине, морфологиялык өзөгөчөлүктөрүнө ылайык топтоштурулушу. Тилдин типологиялык классификациясы бүткүл дүйнө тилдеринин материалын камтууга, алардын окшоштугун, айырмачылыгын чагылдырууга умтулат. Ошону менен бирге мүмкүн болгон тил типтерин жана ар бир тилдин же типологиялык окшош тилдердин өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. Азыр тилдердин типологиялык классификациясы морфологиянын гана эмес фонологиянын, синтаксистик семантиканын материалдарына таянып, тилдерди төмөнкүдөй топтоштурат: 1. Обочолонмо (аморфтук) тип- сөздөрдүн уңгуга окшош элементтерден турушу. Булардын грамматикалык мааниси сүйлөмдөгү алган ордуна жана интонацияга ылайык өзгөрө берет (мисалы, байыркы кытай, вьетнам тили). 2. Агглютинациялама тип- сөздүн уңгусуна белгилүү бир мааниде мүчөлөрдүн тизмектешип жалгануу менен өзгөрүшү (мисалы, түрк, угор-фин тилдери); 3. Флекциялама тип- ички жана сырткы флекция кубулуштарынын болушу (мисалы, индоэвропа, семит тилдери). Айрым тилчилер полисинтетикалык тилдерди да өзүнчө тип катары көрсөтүшөт.
- Этнос — коом эмес
- Багыш. Мендирман (7)
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 4-бөлүм
- Кыргызча дилбаян. Эмгек
- Кыргыз адабиятынын башаты