Толгонайдын монологу
Толгонайдын монологу
- Амансыңбы, куттуу талаам?
- Аманчылык. Келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.
- Өмүр өтүп бара жатпайбы, ЖерЭнем, арадан дагы бир жыл өттү, бүгүн менин сыйынуу күнүм.
- Билем. Келериңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белең?
- Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим. Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
- Жок, айталбадым. Айтор, эртебикечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. Элдин арасында оозу бош бирөөжарым жок дейсиңби?
- Аның чын. Эртебикечпи, акыры бир күнү билет. Аркытеркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүналбай, ичи сууп калабы деп аярлайм.
Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш керек да. Мен билген чындыкты, сырдашым, касиеттүү жер, сен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына жеталар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бералар экенмин?
Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул, күнүтүнү ойлоном. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе, каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок, көзүм жумулуп кетсе айтар керээзимди айтып жетишалбай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. Ал эси жок, аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү. Апасын тарткан күйөрман: "Эне, кай жериң ооруйт? Суу ичесиңби, же дарыңдан берейинби, эне? Үстүңдү, жылуулап коёюнбу?" — деп эле турат. Ушинткенде — оозум барбады, кудуретим жетпеди.
Байкушум эч кандай арамзасы жок, жаткан бир ишенчек, дагыле наристе бойдон. Эчтекеден күмөн санап койбойт. Анан мен кантип айтмак элем. Ушуну менен эле сөздүн учугун табалбай алекмин. Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да. Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдырын эмес, бүт заманымдын тарыхын, өткөнкеткендер жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минип ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө
айтып беришим керек. Балким мына ошондо гана туура болор. Турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган турбайбы: эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. Ал эми бала эмес, кексе киши дагы бул ишти ар кандай түшүнөр. Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парзымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле...
Ч. Айтматов.
2020-05-01 Акылай |
Аябай жакшы макалдар экен.Бирок мага жакты. |
2020-05-06 Бегайым |
Жакшы макала экен!!!!!? |