Багыш. Мендирман (3)
Багыштын көңтөй менен беттешүүсү
Кыргыздарды элине,
Жедигердин элине,
Кошуп алды жедигер.
Бизди коё берди — деп,
Айтып барды келгендер.
Эр Көңтөй элден кеп угуп,
(Мен да бирге бар элем)
Кеңеш кылын олтуруп,
Төөсүнүн көбү кыргыздан,
Олжого келген кыргыздар,
Ичинен кылып кеңешти,
Биз жедигер эли — деп,
Тартын алып кеттиби,
Тарттырып ийип келдиң—деп,
Такыр кырат бизди — деп,
Жедигер талап алды — деп,
Жалган айтып келдиби?
Кайыпчыдан кайберен,
Караганча ал жерге,
Биздер барып келели,
Ар жагында жедигер,
Кабарлашып билели.
Алган болсо жедигер,
Калмакка калды кайыншп,
Себебин анын билели,
Деп аттанып келгенбиз.
Калганыбыз көрбөппүз,
Эр Көңтөй өзү көрүптүр,
Эки киши барып кел,
Аңдан кабар алып кел,
Деп жумшаган кеп эле.
Өзүнчө келип бул жерге,
Өлүп калды тигине.
Өзү чогоол, чорт кыял,
Ошондой өлчү неме эле.
Бар десеңиз барайын,
Баатырыбыз Көңтөйгө,
Баарын айта салайын".
Деп тиги турду бүжүрөп,
Кебин кесип айта албай,
Ичинен ал күбүрөп.
Угуп Багыш муну айтат:
"Келген калмак кайтып бар,
Көдтөйүңө айтып бар.
Калмактар мурун кол салып,
Алып турган биздерден,
Алман салык мол салып,
Келген калмак манжуудан,
Эми мен жүрөмүн олжо алып.
Королдой киши жиберип,
Алым алды бир жылы.
Атайын келип кол жыйнап,
Талап алды бир жылы.
Королдойду жоготтум,
Артынан барып сайышып.
Бака манжу баш болуп,
Басып келди канчасы.
Жана болбой. тайышып,
Баатырынан төрт экен,
Баарын алдым салышып.
Каракалпак, маңгыттан,
Бадыкөл менен Шалтабай,
Алардын төөсүн бир алдым.
Көңтөйдүн төөсү келиптир,
Көрүп туруп аны алдым.
Нарындагы кыргыздын,
Канча жылдын алдында,
Катынын жарды деп угам.
Айлам келсе калмакка,
Эки жылы камынып,
Үчүнчү жылы бир барам!
Эң эле айлам кеткенде,
Алооке менен Көңтөйдү,
Аяк асты бир кылам!
Белиме таңуу болуучу,
Кыргызда жок бир адам.
Тикендей жалгыз мен бир жан,
Жалгызмын деп жалтанбай,
Жүрө берип картайбай,
Башына анын бир чыгам!
Атым Багыш айтып бар,
Аянбасын Көңтөйүң,
Аныңдын күчүн көрөйүн.
Көме сайып Көдтөйдү,
Тентип жүрөт Ташкенде,
Жер табалбай Көкөтөй,
Көгөйдүвдү аа берип,
Ат-Башы ашып эңкейип,
Алооке сайып алайын.
Кара кыргыз Кошойго,
Тапшырып берип Нарынды,
Ошондон кайра жанайын.
Көңтөйүңө, калмагым,
Айтып баргын унутпай,
Кебимди төгүп таштаба,
Жасап айтып башкача,
Турбай калмак, жөнө!" — деп,
Багыш коё бергенде,
"Жагла буркан, жагла" — деп,
Ичинде калмак жалынып,
Бура баса берерде,
Бети менен жыгылып,
Калган экен калмактын,
Эси катуу бек чыгып.
Албырып эки бетинен,
Аккан суудай тер чыгып.
Дапдыраңдап турганда,
Кеткин калмак, кеткин — деп,
Кетирип ийди эл чыгып.
Эми Багыш мындай дейт,
Элин такыр чакырып:
"Элүү киши турабыз,
Жедигер калды ыраакта,
Жетисуу калды тыякта.
Ылдам кошуун келсин — деп,
Кабар берсек ал элге,
Биз калабыз уятка.
Угулуп жүргөн кабары,
Мана бу калмак ит Көдтөй,
Азыркы жүргөн адамдын,
Баарысынын жаманы.
Королдой, Бака келгендер,
Көзүң көргөн, жедигер,
Алардай нечен чоңуна,
Көңтөй жүргөн баш бербей.
Алтымыш киши ал экен,
Элүү киши биз экен.
Ажал жетсе өлөлүк,
Алышып ага көрөлүк.
Сайып алсак олжо — деп,
Алтымыш атка карабай,
Түз баралы биз мындан.
Алдырып ийсек калмакка,
Жедигерге калмактар,
Кандай барса барбайбы.
Кадигинче олжолоп,
Кан батыра албайбы.
Силерге кандай, баатырлар,
Баш калкалап калбайлы!"
Багыштын кебин эм алып,
Баарысы турду камданып.
Экөө келип, бири өлүп,
Кеткен калмак ал барып.
Багыштын айткан кептерин,
Алибин лам2 — деп айтпай,
Ашык-кем кепти теги айтпай.
Айтып барды бабырап,
Бара жатып кеп салып,
Тиктеп калат жалдырап,
Тили буулуп калат балдырап.
Унутуп кетип айтканын,
Буркан, буркан, буркан — деп,
Күбүр-шыбыр жалбарат.
Бар кебин айтып бүтүрүп,
Андан кийин муну айтат:
1 Алип — араб алиппесиндеги "I" тамгасы.
8 Лам — араб алигщесиндеги "З" тамгасы.
"Жедигердин Багышы,
Кара бою чоң эмес.
Кең көкүрөк, сом далы,
Көрүнөө турат адамга,
Бул замандын балбаны.
Катын жарып, эл кыйнап,
Туулат деген Мапасың,
Туйдурбай туулуп чоңоюп,
Багыш болуп алганбы?
Басташып калса сорчудай,
Бүгүн дүйнө жалганды.
Беттешип калса салкындай,
Тим эле башка арманды.
Жалжагай ооз, жалын кез,
Жанбай турган эр окшойт,
Далай көрдүм эрлерди,
Мен көрбөдүм боо окшош.
Тил алсаң, Көңтөй кетели,
Элге эсин жетели.
Бекер аксап талаада,
Таап албай кеселди.
Кошуун курап, кол жыйнап,
Мыкты жигит, эр ылгап,
Мылтыкка салып, ок чыңдап,
Кайра келип Багышка
Басташканың жакшыраак.
Байкап көрдүм Багышты,
Мүнөзү башка эң жаман,
Жаасы катуу эр турат.
Жайылданса Багыштын,
Байлоодо турат Сур аты,
Андан жагалмай качып кутулбайт.
Катышпайлы тил алсаң,
Буркан урсун төбөмдөн,
Сени ээрчип мен барсам!"
Айтып болуп алдырап,
Багыш, Багыш, Багыш — деп,
Тиктеп калат жалдырап.
Жүрөктүн майы жарылып,
Кеткен экен ал непак.
Айтып болуп бар кебин,
Тегеренип чакчандап,
Өлүп кетти бул калмак.
Капыр Көңтөй камынып,
Таң аткынча кам кылып.
Жоо жарагын, кийимин,
Кем карчы жок жам кылып.
Жедигерди кыргыздай,
Кетейин деп бул сапар,
Кең дүйнөсүн тар кылып.
"Канча күнү кармашам,
Каары катуу эр окшойт,
Аябай тоюп аттанып,
Андан кийин чыгам" — деп,
Алты казан атала,
Бытылдата кайнаткан.
Кашкулак менен суурдан,
Аюудан атып алтыны,
Абдан этин бышырган.
Эки бугу, беш кулжа,
Анын этин коштурган.
Куюлтуп майын ууртунан,
Капыр жулуп жеп турган.
Боткосу таруу унунан,
Ашаганы чочконун,
Аюу, бөрү, суурдан.
Аа кошкону капырдын,
Кулжа менен бугудан.
Кырк кашкулак, элүү суур,
Эки бугу, беш кулжа,
Алты аюу, үч бөрү,
Баарын жалгыз жеди бу.
Кара нээт бул чочко,
Шашке маалы болгондо,
Аттанды эми бу дагы.
Көңтөй минсе атына,
Көкжал Багыш турабы.
Тоодой Көңтөй, эр Багыш,
Туш келишип калышып,
Түйшүктү салып кетүүгө,
Бул түгөндүр арамдар,
Өлүмдөн коркун аянбай,
Өлөр жагын каранбай,
Кандуу найза кармашып.
Качырышып жөнөдү,
Барлык күчүн арнашып.
Күүлөп найза сундуруп,
Күүлөрү кулак тундуруп.
Түпөктүү найза алышып,
Түртүшүп булар барышып.
Бирден муштап алышып,
Найзанын учун тийгизбей,
Камынтпай эрлер кагышып.
Казабы артык чоң, доңуз,
Чыңгыш жумшап көп жүрүп,
Эр сайышка маш болуп,
Көңтөй аты жоюлуп,
Көтөлөк атка ал копуп.
Беттешкенин мант кылып,
Алып жүрүп алактап,
Жер таянбай эмгиче,
Келген экен бул бетпак.
Кайраты толук бул доңуз,
Каарды катуу баштады.
Кабылан баатыр Багышты,
Каңтара сайып таштады.
Суркийик аттан жыгылды,
Тоодой баатыр Багыштын
Топого башы тыгылды.
Көңтөй көөдөк эр эле,
Көңдөй челек неме эле.
Кууратып салдым дегенсип,
Карап туруп калды эле.
Аңгыча Багыш жүгүрүп,
Тура калып ордунан,
Кетпей турган Суркийик,
Баса минди түйүлүп.
Кайта Багыш туралбай,
Кара жандан түңүлүп,
Качып берди калдаңдап.
Карабай арка жагына,
Эки этеги далбактап.
Эки буту салбактап,
Суркийик минип жер чаңдап,
Качканда Багыш дардактап.
Көрө салып эр Көңтөй,
Кууп кирди барбактап.
Аңгычакты жедигер,
Калмактарды бастырбай,
Атып кирди мылтыктап.
Багышты кууган Кеңтөйдүн,
Акылы эки бөлүндү:
"Жедигерден калмакты,
Ажыратып алсам — дейт.
Аңгычакты Багышты,
Жоготуп ийсем кантем? — дейт.
Кууп кетсем Багышты,
Өлүп кетсе калмактар,
7Калгыз барсам элиме,
Кеңтөй атым кантер?" — дейт.
Көңүлү эки бөлүнүп,
"Калмактар өлсө өлөр — деп,
Житирбей туруп Багышты,
Жөготоюн аыы" — деп,
Калмактарга карабай,
Аркасынан жөнөдү.
Кууган менен Багыштын,
Караанын Көнтөй көрөбү?
Суркийиктин изин кууп,
Кууп барат аркадан.
Көгөрүп Көңтөй белин бууп,
Качып барат эр Багыш,
Адыр-күдүр артууда,
Ойду-девдү батууда,
Жайылып жаткан капталда,
Коргул, корум таштарда,
Бийик-бийик аскада,
Колоту теред капчалда.
Аркайган нечен тоөлордо,
Башы тийген асманга.
Кандыргалап лоануурда,
Качып барат эр Багыш,
Аркасынан чоң Көңтөй,
Кетип барат из чалып.
Сегиз күн жүрүп белдерде,
Кайберен жүрбөс жерлерде.
Эр Көңтөйдүн тулпары,
Боло албай калды булакшып,
Багышты кууса көшөерүп,
Миңген аты Көңтөйдүн,
Жүрө албады күч алып.
Калмак Көңтөй каңгырап,
Минген атын байкады.
Сайышта зардап көп өтүп,
Сээри менен бөйрөгү,
Жооруп кеткен тулпары,
"Арыктап атым арыбай,
Жооруп кеткен экен — деп,
Шили кууп тулпарым,
Баепай калса талаада,
Амалым анда кетер — деп,
Эрегишпей Багышка,
Көгөйдүңгө кетейин.
Быйыл атты сергитип,
Келер жылы эл жыйып,
Деректегеп Багыштын,
Кендирин анан кесейин.
Жетисууда жедигер,
Талап алып кетейин".
Деи ойлонуп зор Көңтөй,
Бура тартып жөнөдү.
Калмак бура тартканда,
Арасы эки күңчүлүк,
Дүрбү салып эр Багыш,
Көрүп турган болучу,
"Жан жүрбөстөн чөлүндө,
Жеткирбейт экен Багыш — дел,
Кайта тарткан Көңтөйдү,
Көзөмөлдөп көрөйүн.
Акмалап мен да жөнөйүн,
Жерине кетсе барбайын,
Жедигерге бет алса,
Бир беттешип багайын.
Барбай кетсе бул сапар,
Эки жыл жакшы камынып,
Он эки мин. кол алып,
Келбей койбойт бул калмак,
Үстүнө баса барайын.
Үркүндө калган кыргыздан,
Андан-мындан табайын.
Жамгырчы баатыр кыргыздан,
Олжо кылып калмактар,
Самаркандын сыртына,
Айдап салды деп угам.
Аны менен тилдешип,
Айла кылып сүйлөшүп,
Аны өзүмө алайын.
Катагандын Кошою,
Кайраттуу деп кеп угам.
Калмактардын ичинде,
Айласыз жүрөт деп угам,
Ага да кабар салайын.
Көк-Жайыкта Текечи,
Орозөйдун бир уулу,
Буга да кабар салайын.
Жамгырчы, Шыгай бир жерде,
Кошой менен Текечн,
Кошулушса биздерге.
Калканын уулу Көкөтей,
Ташкендин үстү Боз-Белде.
Муну менен тилдешсем,
Бурулбай накул десе эле,
Мен Көңтөйгө тең, келем".
Деп ойлонуп эр Багыш,
"Айттырармын аларга,
Бар сырымды калмакка,
Же кыргыздар айтып коёбу?
Асили кыргыз уулу го,
Айтпасам болбос буларга.
Арада кыргыз чогулсак,
Тендешербиз калмакка".
Нээтинде кылып кеңешил,
Болбой койсо кыргыздар,
Өзү Багыш бармакка.
Акылын бекем токтотуп,
Эр Көңтөйдүн артынан,
Келе жатат аткарып.
Байкап көрсө Көңтөйдү,
Жедигердин элине,
Жетисуунун жерине,
Баруучудай кейпи жок.
Кетүүчүдөй көрүндү,
Көңтөй калмак элине.
Эки жылда барышты,
Багыш ойлоп пейлинде.
Кайтып келди эр Багыш,
Көңтей менен сайышкан,
Жедигер калган жерине.
Багыш качып, Көңтөй кууп,
Баатырлар кетип калганда,
Жедигер алып ортого,
Алтымыш аттуу калмакты,
Ортосуна алганда,
Жедигердин элинде,
Байтеке деген бар эле,
Байтеке анда бабырап,
Жедигерлеп бакырат:
"Урчуктун Кара зоосуна,
Баарын качкын жабыла.
Бадыраңдап калмактар,
Кууп чыгат камына,
Тегерек төрдү өрдөгүн,
Тентип кете көрбөгүн.
Жыйырма бешиң бурулбай,
Белге чыгып баргыла.
Жыйырма бешиң бөлүнүп,
Тегерек төрдүн ичинде,
Жашырынып калгыла.
Жердин уусун билбеген,
Кара нээт калмакты,
Орто жерге алалы,
Ойрон кылып салалы.
Аркасынан Багышты,
Анан издеп баралы.
Сайышып калса Көнтөйгө,
Жабылалы баарыбыз.
Жайланып калса бир жерде,
Жаткандыр таап аларбыз.
Жан аябай элүүбүз,
Жапа тырмак туралы!"
Байтеке сөзүн алышты,
Жедигердин баарысы,
Тегерек төргө качышты.
Тегерек төр дегендин,
Аягы кууш капчыгай.
Баш жагы кеткен үч айрык,
Уч айрык башы биригип,
Эр алдынын бели — дейт.
Андан башка жагына,
Ташта туулуп, ташта өскөн,
Жалама жалтаң ташына,
Кийик басып беттебейт.
Байтеке кебин алышып,
Тегерек төргө барганда,
Айдатып берип аттарын,
Жыйырма беши калышып,
Жыйырма беши салтаң ат айдап,
Жыйырма беши жөнөдү,
Эр алды көздөй жарышып:
"Жедигер качты бурут — деп,
Камап алып аскага,
Жедигерди курут" — деп,
Калмактар барат дуулашып.
Жашырынган жедигер,
Жабышып ташка жатышты.
Алдыккысы кылчайбай,
Белди көздөй качышты.
Белге чыгып белсенип,
Эми калмак келет — деп,
Мылтыктарын белендеп,
Мелтиреп карап калвтшты.
Адыраадап калмактар,
Аңгычакты барышты.
Алтымыш калмак алактап,
"Жедигерди олжого
Алабыз" — деп карактап.
Туу белге жакын келгенде,
Жедигер атты жабыла.
Мылтыктын үнү тарсылдап,
Милтенин баары жалтылдап.
Доолбас үнү карсылдап,
Аты сүйрөп неченин,
Калмактар жүрөт далпылдап.
Ээри өөгүнө сүйрөлүп,
Тепкилеп аты тырактап.
Жынырма беш мерген жедигер,
Жыйырма бешин лолмады,
Алтымыш калмак балбандан,
Отуз беши тирүү калганы.
Кууп келет жедигер,
Чыга качсаң экен — деп,
Капчыгайдан талаага.
Калдакдап качып келатып,
Капташты эмне балаага.
Жашынып жаткам жедигер,
Шыкаалап мылтык беттешип,
Ким жазса аткан калмактаи,
Өлтүрөлүк шүк дешип.
Аптуу-таптуу дал бута,
Барганда калмак ушунча,
Колун булгап Байтеке,
Жандап калды бир чакта.
МылтыК үнү тарс этти,
Жыйырма беш калмак ал жерде,
Жыгылып аттан "жалп этти.
Он беши калган калмактан,
Кууп жетти ангыча,
Аркасынап бел жактан.
Ону калган жол тосуп,
Капчыгайдан- жедигер,
Он беши барды бер жактан.
Калмактан он беш ортодо,
Отузу бар жедигер,
Ороп алган ал жерде.
Он бешин тирүү кармады,
Каңгайлатып токмоктоп,
Жылаңайлак айдады.
Багыш, Көңтөй сайышкан,
Жерге булар барганы,
Астынан үтүр эр Багыш,
Калдайып чыга калганы.
Багышты көрүп жедигер,
Арылды ичте арманы.
Аман келип кошулду,
Арка болгон балбаны.
Эр Багышты көргөндө,
Атынан түшүп жүгүрүп,
Жедигер барды сүйүнүп.
Байлоодогу калмактар,
Багышты көрүп баарысы,
Көңтөйүнөн түңүлүп
Качкан Багыш эркелеп,
Калмактарды кармаган,
Айдаган кыргыз эл келип,
Болжошуп койгон немедей,
Эки жагы тең келип.
Учурашып табышып,
Жетисуу көздөй жөнөдү,
Ат коюшуп жарышып.
Жедигердин элине,
Жети суунун жерине,
Алтымыш эр он беш эр
Олжо кылын келди эле,
Аттарын бөлүп эл алды,
Азыраак тынчып эл калды.
- Өмүрбаян. Автобиография
- Багыш. Мендирман (2)
- Багыш. Мендирман (7)
- Жолой
- Раимжанов Мамат. Армандуу тескей