Кирүү

Адамкалый

1895-жыл. Канттын Атбашысы. Айлана мемиреп, бейкутчулуктун кучагына бөлөнгөн. Бүгүн кара таман кедей Байбатырдын үйү шаттыктын чордонуна айланды. Анын аялы эркек төрөп, наристеге Адамкалый деген ат койду. Ата-эненин кубанычына кубаныч кошулду.

Эзилген замандын туткунунда жүргөн ата-эне Адамкалыйдын эр жетип, чоңоюшун тилешти. Наристе да күн айга, ай жылга тогошкон сайын акылына акыл кирип, аккараны айра таанууга жарады. Бирок адамды адам эзген, адилетсиз акыр замандың куу камчысы Адамкалыйга да тийди. Шум ажал аны атадан айрыды. Анысы аз келгенсип, айылдагы болуштар энесин байдунганга алып бермекчи болушат. Аны сезип калган энеси Адамкалыйдын колунан жетелеп, "бөтөн эл, бөлөк жерге" жан соогалап качып кетет. Бирок, болуштардын оту менен кирип, күлү менен чыккан кыйыр туугандары Адамкалыйды энесинен чыркыратып тартып алып, көрүнгөн байларга, кулактарга малайлыкка беришет. Ата менен энеден ажыраган Адамкалый жетиге кадам койгондо өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жаккан турмушка кез болот. Байлардын коюнун артынан түшөт.

Адамкалый жарык дүйнөгө көз жаргандан темир комузду кумарлана сүйөт. Анын назик добушу чыккан жерден айланчыктап чыкпайт. Деги, ал аспап анын көңүл куту сыяктанат.

Күндөрдүн биринде, адаттагыдай эле кой кайтарып жүрүп, ооз комуз таап алат. Аны көргөндө бүткөн бою ымырчымыр болуп, кубанычтын кучагында балкыйт. Мына, көктөн тилегени жерден табылгандай. Ал таң күнү кой артында болуу менен ооз комузун колунан түшүрбөй бассатурса кагат. Анын алгачкы доошун табийгаттын түркүн керемети, Ала-Тоонун мөлтүр булагы эшитти. Лепилдей соккон назик жел да коштоого алды. Адамкалыйдын угуучусу да, шыгын баалаган баамчысы да, өнөрүн өркүндөткөн көмөкчүсү да Ала-Тоо болду. Ошондуктан, жаш шайыр алгачкы чыгармасын жаратылышка арнады. Анын классикалык күүсү "Тагылдыр тоо" кандай көркөм, кандай назик күү. Аны укканыбызда керилген кең өзөндүү "Чүйдүн, бетегеси белден буралган Тагылдыртоонун сүйкүмдүү келбети жаңырат. Күн өткөн сайын жаш уландын ооз комузга болгон кумары ого бетер артып, аткаруучулук чеберчилиги жетиле берди.

Абалы, Адамкалыйдын өнөрү алгач өзү теңдүү карапайым карыптардын, коктуколоттордо кой жайып, отун алып жүргөн койчулардын, укуругун сүйрөшүп, узун түндү түзөткөн жылкычылардын жана суу сугарып, эгин айдаган жатакчылардын арасында сыналды. Бара-бара анын ооз комузду кубулжута каккан чеберчилиги жаш баладан тарта карыяларга чейин таңдантты. Айыл аксакалдары "Капырай, бала туруп кыздан артык ойногонун карачы. Шумдугуң кургур. Муну кайдан жүрүп үйрөнүп алган",— дешсе баягы Адамкалыйды теңсинбеген байдын балдары менен кыздары да: — "Атакебай ээ! Мында укмуш өнөр жаткан тура. Карасаң комузду какканын, тим эле кишиче сүйлөтөт!" —дешип таңданышты. Айрымдары анын ооз комузда не бир укмуштай ойногонуна ичтери күйүшүп: "А кургур, ооз комузду коюп, коюн тындап кайтарып алсачы",—деген көрө албаган сөздөрдү да айтышты. Адамкалый алардын айткандарын каларына да албады. Ошентип, жаш шайырдын эл алдында бети ачылып, ооз комуз гана какпастан, кези келе калган жерде ырдай калып да жүрдү.

Убакыт өткөн сайын комузда каккан күүлөрү, ырдаган ырлары акылына акыл табышкан айлакер досуна айланат.

Адамкалый жан сактоонун айынан токмоктук Ф. Патлов дегенде малай болуп, күнтүн дебей кара жанын карч уруп, кулактын опассыз оокаты менен алек. Бирок, ал бул кыштактан ооз комузду куштарлана угушкан сүйкүмдүү жаңы угуучуларды тапты. Ооз комузду баягыдан да мукамдуу, мурдагыдан дагы түрлөнтүп аткарууга жетишет. Анын өздүк репертуары "Тагылдыр тоо" деген күүсү баш болгон "Күйгөн", "Секетпай", "Турумтай", "Көк музоо" өндүү жана башка элдик күүлөр менен да байыйт. Буларды да угуучулар кумарлануу менен уккандай терең берилүү, чыгармачылык эргүү менен аткарат. Ал күн өткөн сайын орус эл ырларынан ырдап, айрымдарынын обонун ооз комузда кагат. Аны уккан орус угуучулары да Адамкалыйга баштагыдан дагы сүймөнчүлүгүн арттырышат.

Бир күнү Адамкалыйды, эл ырчысы Осмонкулдун сөзү менен айтканда, "Сол жана оң жагында ак, кара майда топчулары бар, бир жагында асынма кайыштуу, кара сыр менен боелгон кичинекей сандык өңдүү неме укмуштай таң калтырды. Анын созулуңку кооз добушу Адамкалыйдын этжүрөгүн толкутту. Өмүрүңдө мыңдайды көрбөгөн кыргыз уланына ал сыйкырдуудай көрүндү. Бул кыяк (гармоны) эле. Ал Адамкалыйга абдан жагат. Эми, орус кыягында ойносом деген талаптануу түн түшүнөн, күндүзү эсинен кетпейт. Акыры талыкпас эмгеги, табийгы таланты жеңип, кыякта ойноону да үйрөнөт. Бирок, каалаган маалында тартып, черин жазып ойной турган өзүмдүк аспабы жок. Сатып алайын десе, иштеп тапкан акчасы тамагынан артпайт.

Акыры ал кыяк саттырып алыш үчүн сегиз жылдан бери малайлыкта жүргөн кожоюну Патловго кайрылат. Адегенде ал Адамкалыйдын сөзүн укканда түндүк бою түйүлөт. Бирок, Адамкалый ага карабастан, эртели кеч кожоюнунун кулагынын кужурун ала берет. Эгерде кыяк сатып бербесе андан кете турганын да айтат. Адамкалыйдай эмгекчил малайдан ажырап калбас үчүн Патлов ага кыяк сатып берет. Эми ал бирде ооз комузду кубулжута какса, бирде орус кыягын таңшыта тартат. адабияты менен өнөрүнүн Москвада өтө турган он күңдүгү эле. Андай чоң сыноого бүт элибиз, айрыкча искусство чеберлери жабыла даярдыктарды көрүштү. Көрүнүктүү элдик шайыр аңдай чоң сыноодо өзүнүн бүткүл талантын, табийгы чеберчилигин; өзүнүн эмнеге жөңдөмдүү экеңдигин көрсөтүүнү ойлоп, кыргыз музыкасынын тарыхыңда биринчи жолу темир комузчулар ансамблин уюштурат. Аңдай жакшынакай жөрөлгөнүн катышуучулары Адамкалый баш болгон Алымкулова, Ыбышова, Сарыкөбөнова өңдүү комузчулар эле. Алар "Көкмузоо", "Жортуул күү", "Кол өнөр" деген элдик күүлөрдү кол ойното кооздоп кагып, созолонто, көмөкөйдөн ышкырта мукамдуу аткарышат. Айрыкча Адамкалый Байбатыров темир комузду угуучулар таңданып угуп тургандай назиктикте, кубултмалуулукта, көркөмдүктө ойнойт. Маселен, ал байыркы аспапты какканды адегеңде салт катары сөөмөйү, анан бармагы менен ойноп келип, комуздун бүт тулкусун оозуна салат да, жүрөгү аталган тилин эки колунун беш манчалары менен алмаксалмак жаныпжанып кагат, көз ачып жумганча, эки кол тып токтоп, көмөкөйдөн созолонгон ышкырык аткарылып жаткан обонду кайталайт.

Адамкалый негиздеген темир комузчулар ансамбли бат эле угуучулардын сүймөнчүлүгүнө татыйт. Айрыкча ансамблдин аткаруучулук чеберчилиги, каккан күүлөрүнүн маңыздуулугу, мукамдуулугу менен он күндүктө москвалык угуучулардан да адилеттүү бааларын алат. Алар жөнүндө көптөгөн угуучулар өздөрүнүн ойпикирлерин борбордук басмаларга жазышат. Ал эми "Правда" газетасына музыковед Б. Городинский темир комузчулар ансамбли жөнүндө: "Темир комузду кубулта каккан А. Байбатыров жетектеген кыргыз филармониясынын темир комузчулар ансамбли өмүрүбүздө көрбөгөн жаңылык болду. Сахнадан уй мүйүз тарта орун алган темир комузчулардын ансамбли күтүлбөгөн кызыгууну туудурду. Темир комузда ритмикалык жактан өзүнчө бир кубулта ойноо багыты күчтүү өнүккөн. Аларды таң кала карап, куштарлана уккуң келет". Ошентип, Адамкалый тарабынан алгачкы жолу уюштурулган ансамбль бейтааныш угуучулардын жүрөгүнөн түнөк табат. Анын андай саамалыгы жана жалпы кыргыз өнөрүнө сиңирген эмгеги коомчулук алдында жогору бааланып, кийин, 1941-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам берилет. Адамкалый элибизге тунгуч кыргыз куурчак оюнчусу, темир комузчусу, ырчы, комузчу, гармончу, мондалинчи катары белгилүү болгон. Ал көп жактуу, ар тараптуу шыгын ар дайым эл талабы менен бирге өстүргөн.

...Биз атын алыстан угуп, өзүн бир көрүүгө куштар болуп жүргөн Адамкалый менен чоң концерттин сахнасынан жолугуштук. Ал “Керметоо" деген тоо булагынын доошундай тунук күүнү аткарып жатты. Көмөкөйдөн төгүлгөн кайрыктар барган сайын улам кооз ырааттуу чыгып айлананы шаттыкка бөлөйт. Андан соң аткаруучу аспаптын тилин бармагы, сөөмөйү, аты жогу, чыпалагы менен кыдырата кагып келип, заматта комуздун эки жагын алмак салмак жанып ойноп, көмөкөйүнөн обоңдун дал өзүн созопонто ышкыртканда табийгат да көшүлүп угуп жаткансыйт. Өзүндү тээтиги атыр жыттуу жашыл жайлоонун мөлтүр булагынын кылаасында сүйгөн жарың менен махабаттын баянын баардашып отургандай элестетесиң.

Деги, заматта эле Адамкалыйдын аткарган күүсү отургандарды сыйкырдап кеткенсиди. Залда шырп эткен дабыш да, кыбыр эткен кыймыл да билинбейт. Угуучулардын баардыгынын бүтүңдөй жан дүйнөсү сахнадагы Адамкалыйдын ооз комузуна бурулган. Ал өзгөчө берилгендик, бөтөнчө эргигендик менен Керметоонун" келиштире ойноп жатты. Анын аткаруучулук чеберчилиги мени да өзүнө арбап алды. Баракелде! "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, айылдаштарымдын "темир комузду какса, Адамкалыйдай каксын! Ал темирге жан киргизе ойнойт"— дешкени бекеринен эмес турбайбы деген таң калуу менен терең асылданууга баттым. Күү да токтоду. Зал ичи алкоону билдирген жана дагы бир жолу жаңы чыгарманы аткарып берүүнү өтүнгөн кол чабууларга толду. Ал тез эле сахнага чыкты да: — эми туугандар "Турумтай" аттуу элдик күүнү аткарып берейин. Баса, күүнүн кандайча чыкканын айта отуруп аткарайын. Илгери, бир кыз эл жайлоого чыкканда шибер аралап, гүл терип, ышкын, согон, жөргөмүш терип жеп жүрүп, жаңы эле балапандарын чыгарып жаткан турумтайдын уясын таапалат. Күрп болгон турумтай бир чети балапандарын коруп, бир чети өзүн кармап алат деп коркуп, акыры канаттарын жер чапкылай каккылап атып учуп жөнөйт. Ошондо кыз кызыл эт балапандарга боору ачый:

Куукуу турумтай,

Кукуласам колума

Келбейсиңби турумтай,

Сен балапандарыңа жем ташып,

Бербейсиңби турумтай.

Куукуу турумтай,

Чымындыдан жасаган

Уяң калды турумтай,

Таш жаргынын түбүндө,

Балапаның калды турумтай.

Ачка болуп жем жебей,

Эти калды турумтай.

Тууп алып чоңойтпой,

Бетегеде беш балаң

Жетим калды турумтай

Куукуу турумтай! —

деп, арман кыла темир комузга салыптыр. Ушундан улам "Турумтай" аттуу күү чертилип калыптыр",— деп Адамкалый айткандарын темир комузда кайталады. Эбелектеп учкан турумтайдын жандуу элесин, балапандардын абалын аткаруучу угуучулардын көз алдыларына элестете уккулуктуу какты.

Кайрадан кол чабуулар. Кайрадан дагы күү аткарып берүүнү өтүнгөн суроолор. Угуучулардын көңүлүң кыйбаган Адамкалый дагы бир жолу сахнага чыгып: — Кымбаттуу туугандар! Кол чаап урматтаганыңарга рахмат. Мени эле укпай башкаларды да уккула. Эми "Кара кучкач" деген эл күүсүн кагып берейин. Ал мындайча чыгыптыр. "Илгериилгери бир жигит канатташ жашаган айылга күйөөлөп барат. (Абалкы салт боюнча күйөө менен кыз таң атканда туруп, кыз үйүнө кетип, күйөө бала жонго олтурчу экен.) Бир оокумда торгой сайрап, үйгө жарык кирет. Айдын жарыгы менен таң аткан экен деп кыз үйүнө кетип, күйөө бала жонго отуруп калат. Ошондо аны карышкыр жеп кетет. Эртең менен айылдагылар турса күйөө бала көрүнбөйт. Эмне болгонун эч ким билбейт. Ошондо балдызы жездемди чакырып келейин деп издеп дөңгө чыкса, бая эле аны карышкыр жеп кетиптир. Жездесинин тарпын көрүп, көңүлү жаман бөлүнүп, көз жашын көлдөтө төгүп: "Атаны кокуй арман күн, жездемди карышкыр жеп кетиптир",— деп элге минтип кабар айтыптыр:

Таң атканын билбеген,

Тантык чаар кучкач ай.

Талабына жетпеген,

Атаны кокуй жездекем ай!

Күн чыкканын билбеген,

Күйүттүү жаман кучкач ай,

Ниетине жетпеген,

Атаны кокуй жездем ай!

Таң атканын сен билбей,

Же жаныңа жездем мен келбей.

Карышкырга жем болгон,

Атаны кокуй жездем ай!

Талаада өлүп калганча,

Айлыңа кетпедиң.

Атаны кокуй жездекем,

Талабыңа жетпедиң.

Сени жеген карышкыр,

Бир балаага жолугар.

Артында калган эжекем,

Акыры түбү торугар... —

деп күтүлбөгөн жерден карышкырга жем болгон күйөө баланы жоктогон армандын киришмесин айтып келип, Адамкалый темир комузду муңканта какты эле дейсиң отургандардын көздөрун жаш аралап, жүрөктөрүн солкулдаткан муң басты. Күүнүн ар бир кайрыгынан жарыкчылык дүйнөнүн эч бир жакшылыгын көрбөй мүрт кеткен жаш жигиттин армаңдуу тагдыры таасын кайрылып, угуучуларды терең ойго чөмүлттү. Ал "Керметоо", "Турумтай", "Кара кучкачтын" соңунан, "Аялдардын арманы", "Суусун кечтим Нарындын" деген күүлөрдү какты. Мына, комуз күүсү да бүттү. Баягы дымырап отурган эл дүр этип жабыла алакан чаап алканганда, "бали, өнөрүңүзгө, узак жашаңыз, өнөрүңүз өркүндөй берсин" — деген жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан алкышымды багыштадым. Заматта эле сахна өзгөрүп, ар түстү кийим кийген куурчактар чыкты. Аларга баш-көз болуп, сүйлөөргө тил берген — Адамкалый. Зал дагы күлкүгө толду. Абалы ал чоң курсак байды көрсөтүп, анан байды милицияга айдатат. Анан кызын зордоп күйөгө жөнөтүп жаткан кемпирди туурап итке каптырат. Эл куурчактар күлүшсө кошо күлүшөт, сүйүнүшсө кошо сүйүнүшүп, кошо кейишет. Куурчактардын саймедиреп жаткандарын көргөндө, капырай кадимки эле адам ойноп жатабы, деп таңдана кол чабасың.

Караңызчы! Жөнөкөй гана жыгачтан жасалган куурчактар бирде бийлеп, бирде ырдап, бирде сүйлөп адамдын черин жазууда. Анан кантип ага кол чаппайсың. Мунун баарын жаратып жаткан Адамкалыйдын сыйкырдуу таланты эмеспи. Куурчактардын да оюну бүттү. Адамкалый гармонун асынып сахнага чыгып кыргыз, орус элдеринин обондорун таңшыта тартып кирди. Бир паста "Кер өзөн","Сагынам", "Атчандар маршы" созолонот. Аларды сыбызгыта тартканда күүнүн ар кайрыгы "адамча сүйлөп", укмуштуу обоңдун кайрыктары биринен сала бири төгүлөт. Аларды укканда тулку бою балкыбаган адам да калбады. Ырас, биздин жаштар Адамкалый аксакалдын адамкерчиликтүү мүнөзүн, сапатын жакшы билбей, асыл сөздөрүн укпай калды. Бирок өнөрүнүн чет жакасын көрдүк. Көп жактуу таланттагы асыл адамдын кулкмүнөзүн, жаркын шыгын кеңенирээк жана тереңирээк билиш үчүн Адамкалый менен көзү өткөнгө чейин бирге жүрүшүп, бирге турушкан Чалагыз, Ысмайыл, Шекербек өндүү замандаштарына кайрылганымда Чалагыз карыя: "Адамкалыйдын таланттуу экенине шек кылбайбыз. Ал ооз комузда пендеде жок кагуучу. Гармонду да келиштире тартчу. Куурчак оюнуна алгач негиз салган да Адамкалый эле. Комузду да жакшы чертүүчү. Ал эми оркестрде мондалинде ойноочу. Баарынан да ал өтө кишичиликтүү адам эле. Ал ар дайым ар убакта элдин кызыкчылыгын ойлогон жана алар үчүн колунан келишинче кам көргөн. Биз оюн коюп чыккаңда бир айылдан экинчи айылга жете албай калган убактарда Адамкалый кайданжайдан унаа таап, ал турсун тамакашын да кошо ала келүүчү. Ал ушунчалык адамга жугумдуу, бат эле ичикойнуңа кирип кеткен, Элчил, уюштургуч эле. Сөздүн кыскасы маркум Адамкалыйдын кадыры артисттерге да, элге да ошончолук чоң эле. Байбатыровдун бригадасы оюн коюп келатат дегенде айылдан айыл дүрбөп, өнөрүн көрүүгө ашыгуучу" — деп, мүнөздөсө, ырчы Ысмайыл: "Чакем айткандай Адамкалыйда чынында адамгерчилик да, талантда мол болуучу. Өзгөчө мага куурчактары менен байларды шылдындап күлгөнү, гармонду таңшыта тартканы, ооз комузду кубулжута какканы аябай жакчу. Аларды угуп, көрүп отуруп, жаратылыш берүүчү адамына түркүн өнөрдү да, сөздү да, акылды да, өңдү да берет турбайбы деп, таң калуучумун. Менимче андай ар түрдүү өнөрдүн устаты сейрек жаралат го деймин", дегеңде, Ысакемдин (Ысмайылдын) сөзүн кунт коюп угуп отурган Шекербек: "Чакем менен Ысмайыл айткандай, Адамкалый улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган адамгерчилиги мол адам эле. Ал өмүрү өткөнчө мен артистмин деп боюн көтөргөн жок. Адамкалый өкмөттүк кадырлуу эс алууга чыкканга чейин биздин топту жетектеп жүрдү. Кокус бирибиз ооруп кал"сак же бир жерден экинчи жерге унаа таппай жете албай турсак, ал заматта барын таап өз жайына келтире коючу.

Адамкалыйдын дагы бир артыкчылыгы — ал өтө шайыр, сылык сөздүү, маданияттуу, жөнөкөй эле. Баса, кайран кишинин өнөрү артында калбай калды. Гармондо, ооз комузда ойногон күүлөрү грампластинкаларга жазылбай кетти. Балким, убагында жазып алсак, азыркыдай кур жалак калбайт элек" — деп ал отургандарды аянычтуу карады. Элдик музыкалык өнөрдүн бирденбир сактоочусу жана жайылтуучусу Адамкалый Байбатыров 1953-жылы 13июлда дүйнөдөн кайтты. Бирок, кыздарыбыз жүк түбүндө олтурушул, эрмек, көңүл ачуу үчүн кагышкан темир комузду бүткүл дүйнө элине таанытып кетти. Залкар шайырдын 1939-жылы уюштурган темир комузчулар ансамбли 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин VI фестивалында күмүш медалды жана лауреат деген ардактуу наамды жеңип алды. Кыргыз адабияты менен искусствосунун 1958-жылкы Москвада өткөн он күндүгүндө ал коллектив калк кастарына татыды.

Адамкалый негиздеген темир комузчулар ансамблинин азыркыдай деңгээлде көтөрүлүшүнө, дүйнөлүк атак-даңкка жетишине маркум төкмө акын, комузчу, кыл кыякчы, обончу, аткаруучу, ырчы Токтосун Тыныбеков көп күч жумшаган эле. Ал Байбатыровдон ооз комузду кагуунун терең сырларын өздөштүрүп, бүтүндөй анын репертуарын үйрөнөт. Токтосун устатынын өнөрүн өлтүрбөй түбөлүккө калтыруу үчүн кыргыз филармониясына кыздардын темир комузчулар ансамблин уюштурат. Ал Кара-Молдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри менен жана өзүнчө жекече да бир тууган союздук республикаларда, бир нече чет өлкөлөрдө гастролдордо болду. Ансамбль өлкөбүздө өткөн майрамдык чоң концерттерге, фестивалдарга, конкурстарга катышып жогорку бааларды алууда.

...Кыргыз талаасы кандай кең болсо, Адамкалыйдын даңкы да элибизге ошоңдой кеңири тараган. Ала-Тоонун түштүгү менен айтылуу Таластан, Сарыөзөн кең Чүй менен көк шибердүү Ысыккөлдөн, ак селделүү Нарындан Адамкалый Байбатыровдун канаттуу күүлөрүн көшүлө угасың. Ага болгон кумарыңды

Ой-пикирлер