Кирүү

Кыргыз элинин адабияты

Дүйнөдөгү ар бир улуттардын өздөрүнүн улуттук көркөм өнөрү жана Кыргыздардын сүйлөгөн сөздөрү уйкаш
келет " деп жазган. Башка улуттардын интеллигенттери
да кыргыз элинин чечендигин, шыктуулугун, акындыгын,
акылдуулугун айрыкча оозго алышат. Ааламга атагы
кеткен "Манас" дастаны, ошондой эле кенже
дастандардан "Курманбек", "Эр Төштүк", "Кожожаш",
"Жаңыл Мырза" сыяктуу көптөгөн дастандар жана
"Жейренче чечен" сыяктуу сансыздаган жөө жомоктор,
махабат ырлары, салт ырлары, эмгек ырлары, кошоктор
улутубуздун чексиз акыл оюнун оргуп чыккан булактары
жана маданият казынабызга салган баа жеткис
каухарлары, булардын ичинен "Манас" дастаны
үстүндө кыскача токтолуп өтөмүн. "Манас" дастаны
тарых болбосо да, бирок тарых менен тыгыз
байланышы бар. Анткени кыргыз эли өзүнүн коомдук
өнүгүшүн, эрктүү турмушун, улуттук мурасын коргоо
үчүн байыртадан зулумга каршы күрөш кылып келе
жаткан жоокер эл. Маселен, кыргыз эли эрабыздан
мурун ундардын баскынчылык зордук зомбулугуна
каршы, андан кийин 11 - 12-кылымдарда кара кытайдын
(кидан) зордук зомбулугуна, анын аркасынан Чыңгызхан
жана анын уулдарынын зордук зомбулугуна каршы катуу
күрөш кылып келди. Андан кийин жана 17 - 18-
кылымдарда моңгулдарда Жуңгария кандыгына каршы
күрөш калды. Ошол замандарда кыргыз элинин тарткан
катуу зулуму, зулумга каршы күрөшү кандуу согуштар,
катуу айыгышуулар жана анын идеялык таасири
урпактан урпакка улана берди. Эмгекчи эл массасы
өздөрүнүн башынан өткөрүлгөн тарыхый окуяларын, ой
максатын, эңсеген тилегин, адабий жанр аркылуу
билдирмекчи жана урпактарга калтырмакчы болушту.
Бул улуу тилек акыры "Манас" дастанын жарыкка
чыгарды. "Манас" дастанынын жаратуучусу бир киши
болбостон, калың эл. Дастандын мазмуну жалгыз гана
зулумга каршы күрөшүү гана эмес, балким кыргыз
элинин турмушу, коомдук түзүлүшү, бийлик түзүмдөрү,
согуштук өнөрү, улуттук салт-санаа, үрп-адаттары,
маданияты, диний ишеними сыяктууларды да өз ичине
алат. Ошон үчүн бул дастаныбыз өтө зор коомдук
кымбатка ээ. Биз эле эмес, башка элдермн
илимпоздору дастаныбызды "Турмуш энциклопедиясы",
"Талаа Илиядасы" деп жогору баалашат. Бул туура баа,
ага башка сөз кошуунун кажаты жок.

Байыркы заман кыргыз эли тарыхый окуяларды
жазып калтырбагандыгы үчүн дастандын жарыкка
чыккан убакты анык эмес, ошондой болсо да,
дастандагы окуяларга карап изилдегенде 11 - 12-
кылымдардан баштап жарыкка чыга баштагандыгы анык.
Кара кытайлар да ушул доордо кыргыздарга басып кире
баштаган. Моңгулдар дагы аларга удаалаш басып
кирип, кыргыздарды кыргын кылган. Бул эки эл менен
кыргыздардын катуу согушу үзүлбөй уланып турган.
Дастаныбыз мына ушул доорлордо өздөрүнүн зулумга
каршы күрөштөрүнүн күзгүсү иретинде элдин
жүрөгүнөн оргуп чыккан.

Дастаныбыз алгачында жөнөкөй, кыскараак болгон,
замандын, коомдун өркүндөшүнө шайкеш бара-бара
жаңы окуя, жаңы мазмундар кошулуп байып олтурган.
Эл ичинде сакталып келе жаткан байыркы вариант
боюнча айтылган кээ бир эпизоддор жана 19-кылымдын
ортосунда Кашкарга саякатка келген казактын атактуу
аалымы Чокан Валихановдун эл ичинен жазып алган
"Манас" жомогунун эстеликтери дастаныбыздын
алгачкысындай жөнөкөй болгондугун далилдеп отурат.
Азыр дастаныбызда айтылган 7 урпакка чейин жеткен
жомоктор түрлүү айырма боюнча эл арасынан жыйнап
алынган 500 миң саптан артат (кытайдагы варианты -
ред.)

Ой-пикирлер