Кирүү

Этнос — коом эмес

Этнос — коом эмес

"Этнос... — социалдык-тарыхый категория жана анын генезиси менен өнүгүүсү табияттын биологиялык мыйзамдары аркылуу эмес, коомдук өнүгүүнүн өзгөчөлүү мыйзамдары тарабынан аныкталат"3 деген башка бир көз караш да бар. Муну кандайча түшүнсөк болот? Тарыхый материализм теориясына ылайык өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшү өндүрүш мамилелеринин өзгөрүшүнө алып келет, ал болсо таптарды жаратуучу диалектикалык процессти пайда кылып, ал кийин таптарды жок кылуучу процесстерге жол бошотот. Бул — материянын кыймылынын коомдук формасына мүнөздүү болгон өтө зор көрүнүш. Бирок буга этногенездин кандай тиешеси бар? Эмне, француздар же англичандар сыяктуу белгилүү этностордун пайда болушу феодалдык коомдук түзүлүштүн пайда

болушу менен хронологиялык же территориялык жагынан дал келип жатабы? Же бул этностор феодализмдин кыйрап, капитализмге өтүшү менен кошо жок болуп кеттиби? Баса, ошол эле Францияда "социалдык- тарыхый" категория болуп эсептелген Француз королдугу XIV кылымда эле француздардан башка да келтбретондорду, баскаларды, провансалдарды, бургунддарды өз ичине камтып турбады беле. Же алар этнос эмес беле? Көптөгөн далилдердин ичинен ушул эле бир далил В. И. Козловдун аныктамасынын бир жактуу экенин айтып отурган жокпу? Эгерде ушундай болсо, анда бул маселе талаш-тартышка шылтоо болуп берет.

Диалектикалык материализм материянын кыймылдарынын ар түрдүү, механикалык, физикалык, химиялык, биологиялык формаларын бөлүп көрсөтөт да, аларды жаратылышка таандык кылат. Материянын кыймылынын коомдук формасы болсо өзүнө мүнөздүү болгон бардык көрүнүштөрү менен бирге адамзатка гана тиешелүү. Ар бир адам жана адамдардын жамааты техникасы менен доместикаттары (малы жана маданий өсүмдүктөрү) менен бирге материянын кыймылдарынын мезгилдерде (тарых) жана мейкиндикте (география) тынымсыз байланышта болуп туруучу коомдук жана жаратылыш формаларынын таасирине дуушар болуп турат. Маалыматтарды байкоого жана изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү бирдиктүү бир комплекс түрүндө (тарыхый география) жалпылоодо биз аны эки өңүттөн: социалдык жана табигый өңүттөрдөн кароого милдеттүүбүз. Биринчи өңүттөн биз коомдук уюмдарды: уруу бирикмелерин, мамлекеттерди, теократияларды, саясий партияларды, философиялык мектептерди, ж. у. с., экинчи өңүттөн этносторду, т. а. гомеостаз чегинде кайталангыс жүрүш-туруш адатына жана өзүнө тиешелүү жашоо ритмине ээ болгон, салыштырмалуу алганда кыска мезгилдин ичинде жаралып, анан кайра тарап кетип турган, бирок ар учурда өзүнүн өзгөчөлүү түзүлүшүн сактап кала алган адамдардын жамааттарын көрөбүз.

Таптар — социалдык-тарыхый категориялар экендиги белгилүү. Таптык коомго чейин уруулардын же уруктардын бирлиги, мисалы, кельттердин кланы өңдүү түзүлүштөр болгон. "Социалдык категория" деген түшүнүк кеңири мааниде алганда туруктуу институттарга, мисалы, мамлекетке, чиркөө уюмдарына, полиске (Элладада) же феодго колдонулушу ыктымал. Мындай категориялар этностордун чектери менен өтө сейрек учурларда гана дал келип калары, т. а. мында түздөн-түз байланыштын жок экендиги тарыхты билген ар бир жанга белгилүү. Айтмакчы, Москвада кызматкерлер, жумушчулар жана татарлар жашайт деп айтуу туура боло- бу? Биздин көз карашыбызда бул абсурд, ал эми В .И. Козловдун пикири боюнча ушундай деп айтса болот экен. Демек, жаңылыштык постулаттын өзүндө камтылып турат. Ал аз келгенсип, материянын кыймылынын коомдук формасына толугу менен тиешелүү болгон экономика улуттук чектерди бузуп жатат. Жалпы европалык рыноктун ар түрдүү өлкөлөрдө окшош техниканын, бирдей билимдердин, коңшу элдердин тилин оңой үйрөнүп алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу XX кылымда Европада этностук

өзгөчөлүктөрдү жоюп салууга тийиш эле го. Чындыгында эмне болду? Ирланддар өзүнүн байыркы, дээрлик унутулган тилин кайра үйрөнүп, Улуу Британиядан бөлүнүп кетишти. Кийинки 300 жыл ичинде өздөрүн эзилген эл катарында эсептешпеген Шотландия менен Каталония да өз алдынчалыкка умтулушууда. Бельгияда эзелтен ынтымактуу жашап келе атышкан фламанддар менен валлондор өз ара кутургандай күрөш ачып, эки этностун студенттери көчөлөрдө мушташууга чейин барышууда4. Байыркы убактарда да этностук жана коомдук-саясий жогорулоолордун же төмөндөөлөрдүн дал келүүлөрү кокустук экени байкалып тургандыктан биз мындан өнүгүүнүн эки бөлөк багытынын же математика тили менен айтканда, эки көз каранды эмес өзгөрүүлөрдүн интерференциясын көрөбүз. Муну өтө каалаган учурларда гана байкабай калууга болот.

Ой-пикирлер