Жолой

Жолой Боогачинов Фрунзе шаарына — деп, жазган 1928-жылы А. Затаевич,— апыскы ЖапапАбаддан упгайган Кыргыздын башка шайырларындай эле Жолой да элге өзүн бир эле мезгилде кыякчы, комузчу, ырчы, куудул катары көрсөтөт. Ал байманаптарды чыгармаларында шылдындап, карапайым калктын таламын талашкан. Айрыкча Жолой укканды жана көргөндү карк күлкүгө толтурган куйкумдуу ырларында, чакан аңгемелеринде байманаптардын ач көздүгүн, элди алдап эзгендигин жана төбөлдөрдүн колуна — кол, бутуна — бут болгон эшендердин, молдолордун жосуну бузук жоруктарын мыскылдаган. Айрыкча Жолой Чилтенге — илгери молдолор орозо айтында жардын боорун ойдуртуп "үңкүр кылып анын ичинде кырк токочу менен (кырк күн жашашкан. Алар күндүзү такыр эшикке чыгышпастан, кечинде баштарына чаландарын жаап чыгышат) кирген молдолорду өткөрө шылдыңдап, күйбөгөн жерин күл кылган. Жолой комуз чертип, кыяк тартуу, куудулдануу менен бирге элдик ырларды да аткарган жана өзү да ыр чыгарган. Бирок, ал чыгармалар эч жерде жазылып калбаган. Жолойдун замандашы жана курбалдашы Барпы Сапековдун бизге берген маалыматына караганда ал 1932—1934-жылдары райондук театрда артист да болуп иштеген.

Жолой Токтогулдун сүйүктүү окуучуларынын биринен болгон. Ал Токондун бай музыкалык мурастарын калк арасына жайылтууда көп эмгек сиңирген. Белгилүү шайыр Токондун ырларын ырдап, күүлөрүн чертүү менен бирге, өзүнүн бүткүл чыгармачылык шыгын, улуу акындын таалимтарбиясында өнүктүргөн. Ошондуктан, ал Токоң кайда барса кошо барып, анын алтындай сөздөрүн, классикалык чыгармаларын үйрөнүүгө, нускасын алып калууга умтулган.

Көрүнүктүү кыл кыякчы 1934-жылы дүйнөдөн кайтат. Бирок, өзү өлсө да, артына эл менен дайым бирге жашай турган музыкалык мурастарды таштап кетти. Айрыкча Жолойдун чыгармалары кыл кыяк күүлөрүн илимий жактан изилдөөдө баалуу салымдарды кошмокчу. Жолойдун тарткан күүлөрүнөн М. Раухвергер "Чолпон" балетине "Байге", К. Молдобасанов "Саманчынын жолу" балетораториясына "КарачачЗейнеп", "Жолойдун Кер толгоо" аттуу күүлөрүн пайдаланышкан. Алар авторлордун чыгармаларынын ажарларын ачууда башкы материал катары пайдаланылган.

Дагы сунуштайбыз