Кирүү | Катталуу

Лексикология

Лексикология - тилдин сөздүк курамынын азыркы жана анын мурунку тарыхый өсүш абалын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Лексикология гректин leхis — сөз, logos — окуу деген сөзүнөн алынган, демек сөз жөнүндөгү окуу дегенди билдирет.

ЛЕКСИКА

Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат.

СӨЗДҮН КУРАМЫ ЖАНА СӨЗДҮК ФОНД

Тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөздүн курамын түзөт. Сөздүн курамындагы эн башкы нерсе - сөздүк фонду болуп саналат. Ага тилдин уюткусу болгон уңгу сөздөр кирет.
Сөздүн курамына караганда сөздүк фонду өтө жай өзгөрөт.

ДИАЛЕКТИЛИК ЛЕКСИКА

Белгилүу бир диалектиге мүнөздүү болгон же ал диалектиде адабий тилдеги маанисинен башка да маани берген сөздөр: сыйыр (уй), сүдрө (сүйрө), чыз (сыз), чөжө (жөжө), турпак (топурак), шорпо (сорпо), буун (муун), сагат (саат) ж.б.

ЖАЛПЫ ЭЛДИК ЛЕКСИКА

Тилдеги жалпыга белгилүү, түшүнүктүү жана күндөлүк турмушта даныма колдонулуучу сөздөр: киши, окуучу, борбор, коом, базар, эл, эмгек, китеп, алтын ж.б.

КӨП МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР

Бир сөздүн көп мааниде колдонулушу. Мисалы, аш (тамак) - аш (ашып кетүү), там (тамуу) - там (уй), таң (таңуу) - таң атуу, көз: а) адамдын көзү; б) терезенин көзү; в) ийненин көзү.

ЖЕКЕ МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР

Бир нерсенин атын билдирип турган сөздөр жеке маанилүү создөр деп аталат. Мисалы, адам, шаар, кыш, жамгыр, тоо, мектеп, бала, китеп ж.б.

СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК МААНИСИ

Ар бир сөздүн өз башындагы материаллык мааниси лексикалык мааниси деп аталат. Мисалы, мал, сүт, уй, китеп, темир, чагылган, машина, жыгач, үстөл ж.б.

СӨЗДҮН ГРАММАТИКАЛЫК МААНИСИ

Сөздөрдүн грамматиканын карамагына түшкөндө сүйлөмгө карата өз ара катышка ээ болгон маанисин айтабыз. Мисалы, Сабак башталды. Сабак - зат атооч, жалпы зат атооч, атооч жондөмөсүндө турат. Сабак сүйлөмдүн ээси, эмне? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат; башталды - этиш, баяндооч.

СӨЗДҮН ӨТМӨ МААНИСИ

Жаратылыштагы кээ бир нерселердин, түшүнүктөрдүн атынын тилде мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр аркылуу берилиши сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Мисалы, тумшук - канаттуулардын тумшугу, тоонун тумшугу, кочкор тумшук; туяк - малдын туягы, артыңда туяк (бала) калды; кол - кол койду, кол жыйнады; түлкү (жырткыч айбан), түлку (куу, плдамчы, митаам).

СИНОНИМДЕР

Айтылышы ар түрдүү, мааниси бири-бирине жакын сөздөр. Мисалы, бөрү - карышкыр, акылдуу - эстүү, киши - адам, мыкты - сонун, кооз - сулуу - көркөм, бактылуу -таалайлуу, көк — асман; эс — акыл, төмөн — ылдый, өйдө -жогору, жүгүр - чурка, эл - журт - калк, атак - даңк, жакшы дурус - мыкты - түзүк.

ОМОНИМДЕР

Айтылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр.
Мисалы, ат (зат атооч) - ат (этиш), ак (сын атооч) - ак (этиш), жаш (сын атооч) - жаш (зат атооч), үй (зат атооч) - үй (этиш), жат (этиш) - жат (тактооч), кат (зат атооч) - кат (этиш), ээ (сүйлөмдүн ээси) - ээ (кожоюн); бак (таалаи) (зат) - бак (этиш).

АНТОНИМДЕР

Мааниси бири-бирине карама-каршы айтылган сөздөр ан-тонимдер деп аталат. Мисалы, аз - көп; өйдө - төмөн; чоң
- кичине; келим - кетим; баш - аяк; улуу - кичүү; ак -кара; жакшы - жаман; жаш - кары; ачуу - таттуу; илгери
- кийин; арык - семиз ж.б.

НЕОЛОГИЗМДЕР

Тилдин сөздүк курамында пайда болгон жаңы сөздөр. Мисалы, космонавт, спутник, учкуч-космонавт, кораблъ, ракета, автоматтык станция, орбита, акционердик коом, рэкет, бизнес, акимиат, пейджер, спикер, мэр ж.б.

ЭСКИРГЕН СӨЗДӨР

Тилдин сөздүк курамында эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр. Мисалы, хан, буурсун, булдурсун, найза, бараң, болуш, зоот, калкан, кошуун, саадак, жасайыл, ак олпок, миң башы, он башы
Эскирген сөздөр тарыхый сөздөр жана архаизмдер болуп экиге бөлүнөт.

ТАРЫХЫЙ СӨЗДӨР

Белгилүү бир тарыхый доорго тиешелүү колдонулуп, кийин колдонуудан чыгып калган, бирок элдик оозеки чыгармаларда, көркөм Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" (Э.Абдулдаев, Д.Исаев, 1969) кирет. Мисалы, аалам - дүйнө жүзү, жер жүзү. Аарчы - бет аарчы, жүз аарчы - бети-колду сүртө турган кол жоолук. Жобо - белгилүү бир маселе боюнча эрежелердин, закондордун жыйындысы. Кабык - бир нерсенин сыртын кап-тап турган бөлүгү. Болушуу - бир жакка, экинчи тарапка талам-даш, жардамдаш болуу, ага жан тартуу.

КОТОРМО СӨЗДҮК

Бир тилдеги сөздөрдү экинчи же үчүнчү тилге которуп берген сөздүк. Буга проф. К. К. Юдахиндин "Орусча-кыргызча" (1957), "Кыргызча-орусча сөздүгү" (1965) кирет. Же "Англисче-орусча-кыргызча сөздүктөрү", "Орусча-англисче-кыргызча сөздүктөрү" ж.б.

ТЕРМИНОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК

Илимдин, техниканын ар кайсы тармагындагы терминдерге түшүнүк берген сөздүк. Буга проф. Б.Ө.Орузбаеванын "Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү" (1972) кирет. Мисалы, активный глагол - активдүү этиш, анализ - талдоо (тыбышты, муунду, сөздү, сүйлөмдү же мүчөнү бөлүктөргө ажыратып талдоо). Гласные долгие - созулма үндүүлөр. Местоимения указательные - шилтеме ат атоочтор.

ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК СӨЗДҮК

Айрым терминдерге, түшүнүктөргө, тарыхый окуяларга, олкөлөргө, географиялык аттарга, белгилүү, өтө көрүнүктүү адамдарга, кубулуштарга ж.б. түшүндүрмө берген, сүрөттөр ме-нен жабдылган сөздүк.
Буга Кыргыз энциклопедиясынын 6 томдук сөздүктөрү, Нарын, Ысык-Көл, Ош областтарынын энциклопедиялык сөздүктөрү кирет.

СИНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ

Тилдеги айтылышы ар башка, мааниси бирдей болгон сөздөргө түшүнүк берген сөздүк. Буга Ш.Жапаров, К.Сейдакматовдун "Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү", К.К.Сартбаев, С.Үсөналиевдин "Кыргыз тилинини синонимдер сөздүгү" (орто мектептин окуучулары үчүн, 1973) кирет. Мисалы, абийирдүу - уяттуу - ар-намыстуу, ызааттуу; залим - таш боор, ырайымсыз, кара ниет, канкор.

АНТОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ

Тилдеги айтылышы бири-бирине карама-каршы келген сөздөргө түшүндүрмө берген сөздүк. Буга "Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү" (1988) кирет. Мисалы, аз - көп, арбын; жакшы - жаман; улуу - кичуу; узун - кыска; өйдө - төмөн; оң - тетири; оң - сол ж.б.

ТОПОНИМИКА

Географиялык энчилүү аттарды жыйноочу жана изилдөөчү илим: Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Сары-Булак, Чуй, Кемин, Тоң, Жети-Өгуз.

ОНОМАСТИКА

Адам аттарын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Мисалы, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Акыл Карачач, Кыз Сайкал.

КАЛЬКА

Бир тилдеги сөздү же сөз айкаштарын өз калыбынан бузбай экинчи тилге ошондой эле сөз тизмектеринин жардамы менен которуу. Мисалы, доска почета - ардак такта, красный уголок
- кызыл бурч, литературный язык - адабий тил, учитель -мугалим, преподавателъ - окутуучу, ученик — окуучу.

Ой-пикирлер