Кыргыз адабиятынын башаты
Байыркы мезгилде кыргыздардын байыркы түрк руна (Орхон-Енисей) жазуусунун кыргыз вариантында жазылган жомокчу-акындардын бар болгонун билдирген кызыктуу габарды камтып турат. Алсак, Уюк Архандагы эстеликтеги уйкаштык менен берилген жазууда акын жөнүндө эскерилип, эстелик жазуу акындын өз атынан айтылган1321. Ал текст төмөнкүчө:
"Беш матыбыз,
шадымыз,
Элим Чэндем адырылдым!
Эр эрдемим
Эбимиз ачда бен!
Эр эрдемим акун
Эр атым Яш Акун бен!"
Биз мында аллитерация менен катар калган башка эстелик жазуулардагыдан айырмаланып, өзгөчөлүү уйкаштыкты байкайбыз. Ыр азыркы акын жомокчулардын баяндоо манерасына бир кыйла эле жакын (айрыкча кенже эпос "Мендирманды" айтканга)1322, мында уйкаш саптан кийин уйкаш эмес сап кетет, муну, биз жогоруда белгилегендей, Ф. Корш кыргыз ырынын мүнөздүү белгиси деп эсептейт. Сөзмө-сөз которгондо текст төмөнкүчө айтылат:
Беш азаматтан,
Шадыбыздан,
Чэне элимден
Айрылдым
Үйүм Ачда еди
Айтылуу акынмын мен,
Жаш Акын — ардак атым менин!
Эстелик жазуулар атактуу адамдардын бейиттерине гана коюлаарын эске алсак, элдик ырчынын бейитине коюлган эстелик маркумдун чоң акын экенинен кабар берет, байыркы замандарда кыргыздарда акындар чоң урматка ээ болушкан.
Байыркы кыргыз эстелик жазуусунда "акун" деген сөз турганын белгилеп кетемин, ал мыйзам ченемдүү түрдө азыркы кыргыз тилиндеги, ошондой эле башка түрк тилдериндеги да "акын" деген формага өткөн; бул, мисалы, "катун" сөзүнүн азыркыча "катын" формасына өткөнүнө окшош.
Келтирилген мисалдар стилистика жагындагы да, мазмун жагындагы да бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып көрсөтүп берди дегенден алыспыз. Азырынча филологдордун, лингвисттер менен тарыхчылардын изилдөөлөрүнүн предмети гана болгон бул тексттер адабият таануучунун изилдөөсүнүн предмети да болорунда шек жок. Буга бардык байыркы кыргыз тексттерин басып чыгаруу жардам бере алмакчы.
Бирок, биздин көз карашыбызча, жогоруда келтирилгендер кыргыз адабиятынын тарыхын енисейлик эстелик жазуулардан, атап айтканда, Бегренин текстинен — 648- жылдан баштоо керек деп айтууга толук жетиштүү боло алат.
Биз макалыбызды төмөнкүдөй корутунду менен аяктамакчыбыз: Орхон түрктөрүнүн адабий тилинин таасири астында түзүлгөн, байыркы түрк тилинде жазылган Енисейдеги байыркы кыргыз эстелик жазуулары адабий образдарды, метафораларды, эпикалык цитаталарды, адабий гиперболаларды камтып турат, б.а. алардан адабий стилистиканын изи ачык эле байкалат.
Байыркы кыргыз тексттеринин уйкаштыктардан турары шексиз, ал эми алардын бир бөлүгү түзүлүшү жана сюжети боюнча эпоско окшош келет.
Мына ушул корутундулардын негизинде енисейлик эпитафияларды кыргыз адабиятынын эң байыркы үлгүсү катарында кароо керек.