Кирүү

Шаршендин токтогул менен учурашуусу

"Токтогул эң даңктуу, өтө салттуу, түгөнбөгөн ырдуу" деп угамын. Ушул акынга бир кезиксем деп кумар болдум, бирок муунум эле титирейт. Токтогул чайканада уктап жаткан экен. "Бул эмнеси? Эл көп ырдатып чарчаткан го" деп ойлодум. Бу кишини батынып ойгото албай эмне кыларымды билбедим. Аңгыча бирөө арак ичип олтурган экен. Ошол аракты алып алып аракка: "Э арак, өң карама тамаксың, кедейге, кембагалга азапсың, анча-мынча кишини тоотпойсуң",— деп, күрсүлдөп жибердим эле, Током I
ойгонуп башын көтөрдү.

— И, салоомалеким, Токо! Сизди мурун көрбөгөн экенмин, үстүңүзгө кирбеген экенмин. Мен болсом ушул
элдин күчтүүсүмүн, жалгыз үй болсом да түптүүсүмүн. Сиз менен эсендешейин деп келдим. Токо, Шаршен деген менмин,— дедим.

Анда Токтогул колун сунуп:

— Оо балам, укчумун кабарыңды, отур, отур! — деди да, комузун алды. Мен жанына отура кеттим.

— Кеп өңдө-түстө эмес Шаршеним. Таңдайыңдын агын айт да, маңдайыңдын багын айт, баалуу иш кылбаса, эр азамат жарыбайт. Бу туугандарың Токоңдун күүсүн угуз деп ээрчип келишкендир, эмесе, ырдап берейин. Келе комузду. Током комузду колуна алып, минтип ырдады:

Колумдагы комузум,
Кошо чыгат добушум.
Кооздоп ырдайт элине
Өнөрпоздун жолу ушул
Уят болот өңдөнөт
Унчукпай бекер коюшум.
Салам айтам журтума,
Сагынган мен бир ырчыңа.

Ар ким ашык болчу эле
Сагынышып сыртымдан.
Саал ылдыйлаган кезегим
Күлүктүк күч курчумдан.

Агарды балдар сакалым,
Арманым айтып жатамын.

"Акын Током кайда?" деп
Астачы элем катарым.
Андагыдай эмесмин,
Алтымыш тогуз жашадым.
Айтам десем айталбайм
Айтпасам

Калкым, сынат назарың.

Жаш чагымды ойлосом,
Керүүдө жайлуу тал элем.
Керегим тийчү жан элем
Келин-кыздын жанында
Кеп айтып турчу бала элем
Кечки күйгөн шам элем.

Бала чакты ойлосом,
Капталда калың тал элем,
Кадырым бийик жан элем,
Камандарга-манапка
Каяша берчү бала элем.
Караңгыда шам элем
Азыр ойлойм өзүмдү
Кериге оттоп мал болдум,
Кебимди таппай дал болдум.
Кеңгиреген жаман чал болдум.

Эми болжойм өзүмдү
Капталга оттоп мал болдум.
Каруум кетип дал болдум
Капырай, каңгыраган чал болдум.

Абалым жок, алым жок
Арып калган кезегим.
Алтымыш ашып жетимишке
Барып калган кезегим.

Жол жоргодон бул тапта
Танып калган кезегим.
Жону жука ылдыйлап
Карып калган кезегим.

Оңбогон ушу карылык
Оозумда отуз тишим жок
Өңүм менен түсүм жок
Өңгөчө менин күчүм жок.

Мурункудай элестеп
Түнкүсүн көрчү түшүм жок.
Ойноп күлөр кишим жок,
Бала болгон кезегим,
Эчтеме менен ишим жок.

Абаң сайрайт, нарк ушул
Ар кайеынын салты ушул.
Айтып бердим азыраак
Аңгеменин жартысын.
А балдар, токтоп калайын,
Аңгеменин арты ушул.

Менин Токтогулга кайтарган жообум:

Токо, билбеген экенмин,

Бирге жүрбөгөн экенмин.

Чынын айтайын,

Сүрдөгөн экенмин.

Токо, башка ырчылар ырдаса,

Эки күн же жети күн ырдайт

А менин ырым чай кайнар-кайнаганча түгөнбөйт,
Кээде кайнай электе түгөнүп кетет.
Мына ырдап көрөйүн:

О торгойдой Токо, билбедим,
Ортодо нечен тоосу бар.
Тобунда бирге жүрбөдүм.
Далай даңкыңды угуп сүрдөдүм,
Тамаша ырларым бар эле?
Токо, жагар бекен бир кебим?

Күлүктөй Токо, билбедим,
Көпчүлүктө бирге жүрбөдүм.
Көрө электе сүрдөдүм
Күлкүлүү ырым көп эле,
Токо, жагар бекен бир кебим?

Азыраак айтпай каламбы?
Ардактуу Током, аманбы?
Учурашпай каламбы?
Улуу Током,, аманбы?

Аргымак, күлүк, тобурчак
Ат минген Током, аманбы?
Ак калпак кыргыз ичинде
Нарк билген Током, аманбы?
Токо, менин акындыгым аз эле
Ар ишке оозум маш эле
Токо, ырчылыгым аз эле
Ышкыга оозум маш эле.

Чоң ырчы, Током, сен элең,
Чочуган иниң мен элем.
Комузчу Током, сен элең
Корунган иниң мен элем.
Букарага болушуп
Намысчыл Током аманбы?
Бир жума чапса талыбас
Алысчыл Током, аманбы?

Кедейлердин кенчисиң,
Күмүш Током, аманбы?
Кечке чапса талыбас
Күлүк Током, аманбы?

Токо, акын жок жерде акынмын,
Айтайын деп жатырмын.
Алдымдан жоо качырса,
Кайра тартчу баатырмын.
Ардактуу Токо, толук ук,
Амандашып жатырмын,
Агайин астап калганда,
Айдоодо жүрчү бакырмын.

Ырчы жок жерде ырчы элем,
Эмгекчи элдин алдында
Эрмек болуп турчу элем
Азыраак жерге жеткирбес
Алабарман курч элем.
Ак сакалга жакынмын
Ашына себер мурч элем.

Кызык-кызык кеп айтсам,
Калкым, кулак салып турчу элең
Токо, мен да акын элем ортого
Аралашып жүрчү элем
Сарбагыш менен солтого
Усталык жайым бар эле,
Токо, картөшкө кошкон сорпого!..

Чайканада эл көп. Күлкү. "Шаршен да жакшы айтты. Оо, чиркин, Токомдун дабышы комуз менен кошо кетет экен" деп, эл тарады.

Ой-пикирлер