Кирүү

Түрк тилдери

Түрк тилдери

Түрк тилдери- генетикалык жана типологиялык жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жакын тектеш тилдердин тобу, алтай тилдеринин уясындагы тил. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер СССР, Румыния, Турция, Иран, Афганистан, Монголия, Кытай, Болгария, Югославия жана Албанияда жашайт. Түрк тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жок, предлог ордуна жандоочтор колдонулат; сүйлөмдө же сөз айкашында аныктооч аныкталгычтан мурда келет. Түрк тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыкты сактаса да, өзүнө жакын тектеш тилдердин (Монгол, тунгус, манчжур) алда канча бөлүнүп чыккан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болгон. Түрк тилдери төмөнкүдөй классификацияланат: а) Огуз тилдеринин тобу. Огуз түркмөн топчосу (М.Кашгаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк огуз тили; азыркы түркмөн жана түндүк Кавказдагы түркмөн тилдери); б) Кыпчак тилдеринин тобу: азыркы татар жана башкырт тилдери, байыркы кыпчак тили, кумук, каракалпак, ногой, казак тилдери ж.б. в) Карлук тобу: а) карлук уйгур топчосу (караханийлер мамлекетинин тушундагы 10-11кылымдагы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили); г) Карлук-хорезм топчосу (байыркы өзбек тили, уйгур тилдери).Түрк тилдерин жана анын орус тили менен карым - катышын иликтөө байыркы мезгилдерде эле болгон. Бирок түрк тилдери Россияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын обьектиси катары 19-кылымда гана изилдене баштаган. Белгилүү түркологдорго: В.В.Радлов, П.М.Мелиоранский, Ф.Е.Корш, В.А.Богородицкий, Э.В.Севортян, М.Ресянен, Б.М.Юнусалиев, В.Томсендер кирет.

Ой-пикирлер