Кирүү

Массалык маалымат каражаттары (СМИ)

Массалык маалымат каражаттары(СМИ) –  азыркы мезгилдеги жогорку  өнүгүүгө жетишкен саясий иш-аракеттердин инструменти жана механизми. Массалык маалымат каражаттарына басма сөз, радио, телекөрсөтүү, интернет, кино, үн жазуу кирет; келечекте  –  ири коммуникациялык системаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Алардын аракеттери саны боюнча түрдүү аудиторияларга ырааттуулук менен маалыматтарды жайылтуу, идеологиялык, экономикалык, маданий жана саясий таасир тийгизүүнү өзүнө камтыйт.

Азыркы Массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүндө илимий-техникалык революция чоң түрткү берген. Анын жардамы менен XX к. ортосунда эле чоң көлөмдүү сөз, видео, музыкалык маалыматтарды тез убакыттын ичинде жана массалык түрдө көрсөтүү жана тираждоо камсыз болду. Ушуга жараша журналист, техникалык жана кызмат кылуучу персоналдардан профессионалдык топ болгон маалымат жана  үгүт кызматкерине чейинки жогорку квалификациялуу Массалык маалымат каражаттарынын (СМИ) кызматкерлеринин тобу түзүлгөн.  Бул  чөйрөнүн адистери  башкаруу аппаратында, массалык профессионалдык, коомдук жана саясий уюмдарда катышышат. Массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшү жана азыркы коомдун турмушундагы алардын коомдук-саясий ролунун жогорулашы менен маалымдуулук, сөз эркиндиги жөнүндөгү маселелер тыгыз байланышкан. Аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү Массалык маалымат каражаттарын бийликтен же коомдук уюмдаштырылган топтордон кандай даражада көз каранды экендиги менен аныкталат. Албетте, Массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы куру кыял, чындыгында алар мамлекеттин жана коомдун ар түрлүү топторунун көз караштарын чагылдырышат. Алардын саясий ролу коомдогу социалдык-саясий күчтөрдүн катышы менен аныкталат. Азыркы мамлекеттердин Массалык маалымат каражаттарын монополияга алуу же катуу идеологиялык тескөө салганга мүмкүнчүлүгү бар.

Айырмасы демократтык мамлекетте Массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн жана продукциясын тикелей тескөө өзгөчө мезгилде гана (маселен,  согуш мезгилинде) жана аз убакытка гана мүмкүн. Башка убактарда кыйыр текшерүүнүн ыкмаларынан негизинен финансы укугунан пайдаланышат. Массалык маалымат каражаттарын тек-шерүү ыкмаларына карата аларды шарттуу түрдө төмөндөгүдөй бөлсө болот: мамлекет тарабынан көзө- мөлдөнүүчү (Би-Би-Си, Улуу Бри-тания, РАИ Италия), жеке коммер-циялык (Си-Эн-Эн, АКШ), коопе-ративдүү (Италиянын ТВ 6-кана-лы); улуттук же эл аралык маалымат агентстволору, газета тресттери, басма борборлору ж. б. Массалык маалымат каражаттарынын өз алдынчалыгынын деңгээлин катаал коммерциялык факторлор да чектеп коёт. Социалдык башкаруунун жана саясий алдоонун, социалдык топтордун мамилесин тескөөнү, маданиятта жайылтуунун ири куралы болупМассалык маалымат каражаттарыкоомдук-саясий мамилелердин  башкы элементине айланат.  Алар саясий күрөшкө, анын мазмунуна жана формасына, идеологиялык, саясий жана маданий  үгүтөөнүн  өзгөчөлүктөрүнө бийликтегилердин саясатынын жарыкка чыгып жана бурмаланышына, миллиондогон адамдардын жүрүм-турумуна, жашоосуна көрүнүктүү таасир тийгизишет.

Эреже катары Массалык маалымат каражаттары башкаруучу чөйрөгө колдоочу мамиле кылып, жашап жаткан түзүлүштүн жактоочулары болушат. Массалык маалымат каражаттарынын үстүнөн тике же кыйыр теске салууна жасаган аракеттер коомдук турмуштун ай-рылгыс бөлүгү болуп саналат. Массалык маалымат каражаттарын тике текшерүүнү орно-тууга умтулуулар аз эмес, барыдан мурда бул араттерге авторитардык, диктатордук, тоталитардык тартиптер кайрылышат. Бул учурда атамекен-дик  М.  м.  к-н текшерүү гана орнотулбастан, душмандын Массалык маалымат каражаттарыга киришине жана жайылуусуна тоскоол кылууга техникалык барьер коюлат. Ошентип,  өз коомун маалыматтан четтеп калуусуна дуушар кылышат. Массалык маалымат каражаттарын монополиялаштыруу бери-лүүчү кабарлардын мазмунун бирдейлештирүүгө алып барат.

Кабарлардын бардыгы бир гана максатка багытталат  – жашап жаткан тартипти жана аны ишке ашырып турган инсанды кубаттоо, ошол тартиптин артыкчылыгын күбөлөндүрүү, берилген тартип  үчүн белек маалыматка каршы ой пикирлерди жана ишенбөөчүлүктө тарбиялоо. Сөз эркиндиги сыяктуу эркиндиктер жашоосун токтотот же сөз жүзүндө гана сакталып калат. Массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен жабык коом түзүлөт. Анда маалыматка бир гана роль –  техникалык жетишээрлик каражаттардын жардамы менен калктын массасын толугу менен баш ийе турган кылып калыптандыруу ыйгарылат. Массалык маалымат каражаттары(СМИ) жада калса тартип  үчүн коркунучсуз болгон саясий тең салмактап туруучунун  ролун да ойнобой калат. Бирок, мындай абал өтө жагымсыз жана коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн: көзөмөлгө алынганМассалык маалымат каражаттарымурдагыдай, үстөмдүк кылуучу режим менен жалпы калктын жана өзүнчө алынган топтордун ортосундагы чыныгы байланыштын каналы катары кызмат кылалбайт. Башкаруучу күчтөр коомдогу абал  тууралуу реалдуу  эмес, өзүлөрү каалаган маалыматтарды алышат.

Бул болсо карама-кар-шылыктардын курчушу жана  кризистин өнүгүшүндө аларды курал-сыздандырат. Азыркы Массалык маалымат каражаттарынын техникалык мүмкүнчүлүгүнүн  өнү-гүшү, ири маалымат системасынын түзүлүшү, Өз коомун маалыматтан бөлүп салууга же өз маданиятын жана коомун башка жашоодон обочолонтуп салууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мунун баары Массалык маалымат каражаттарынын саясий ролун маанилүү кылууда.

Ой-пикирлер