Кирүү

Штаттык тизим

Штаттык тизим – жалпысынан уюмдун кызматтык жана сандык курамын, эмгек акы фондусун бекемдөөчү иш кагазы. Бул иш кагазы уюмдун жалпы бланкына жол-жоболоштурулуп, төмөнкүдөй маалымдаректерди камтыйт: уюмдун аталышы, иш кагаздын түрүнүн аталышы, иш кагаздын даярдалган күнү, орду , мекеменин грифи, тексти, визасы, колу . Штаттык тизимдин тексти кызматтын аталышын, штаттык бирдиктин санын, кызмат акысынын өлчөмүн, кошумча акыны (жеке ж.б.), эмгек акынын айлык фондусун жана эскертүүлөрдү камтыган таблицалар, графалар түрүндө түзүлөт. Штаттык тизимге кадрлар бөлүмүнүн башчысы кол коюп, башкы эсепчи виза салып жетекчи тарабынан бекитилет, анын колу , уюмдун мөөрү менен бекитилет.

Ой-пикирлер