Кирүү

Иш кагаздарынын негиздери

Иш кагаздарынын негиздери
Өнүккөн туруктуу коомдо иш кагаздарынын (документтердин) көп түрү колдонулат. Ошондон улам иш кагаздарын жүргүзүү үчүн ишканаларда, уюмдарда, фирмаларда, мекемелерде иш билги мыкты адистер талап кылынууда. Ал эми көзкарандысыздыктын өткөн 14 жылынынын ичиндеиш кагаздарын мамлекеттик тилдежүргүзүүдө бир топ эле баш аламандыктарга жол берилди. Азыркы мезгилге чейин иш кагаздарын жүргүзүүдө бирдиктүү тутумга жетише элекпиз. Ошондуктан коомдо иш кагаздардын туура жана сапаттуу даярдалышына жетишүү муктаждыгы келип чыгууда, ал үчүн атайын окуу-усулдук колдонмолорду, монографияларды басып чыгаруужана фирма, кампаниялардын, уюмдардын жөнөкөй кызматкеринен тартып жетекчилерине чейин окутууну иш жүзүнө ашыруу зарылчылыгы жаралып олтурат.

Иш кагаздарынын негизин албетте, алардын ар кыл тармактарда колдонулушу жана алар менен иштөөнүн талаптары түзөт. Иш кагаздары түрдүү формаларга, техникалык, аткаруучулук өзгөчөлүктөргө, өзүнчө тилдик бөтөнчөлүктөргө эгедер. Түзүлүшү, узун-кыскалыгына карап жөнөкөй жана татаал деп негизинен эки түргө бөлүүгө болот. Ал эми иш кагазында ишкананын иш аракеттерине ылайык – иш кагаздары тышкы жана ички иш кагаздары болуп бөлүнөт. Тышкы иш кагаздары бул ар түрдүү түзүмдөрдүн (уюмдар, мекемелер, ведомстволор, ишканалар ж.б.) жазышууларында колдонулган иш кагаздары.

Аларга төмөнкүлөр кирет: келишим, ишенимкат, ишсапар күбөлүгү, кызматтык каттарж.б.у.с. Ички иш кагаздары бул бир уюмдун же мекеменин ички иш аракеттерин, жетекчиликке катардагы кызматкерлердин өтүнүчтөрүн, суроо-талабын орундатуу үчүн колдонулган иш кагаздары. Буларга: арыз, түшүнүк кат, тилкат, буйрук ж.б. кирет. Жөнөкөй иш кагаздары өзүнө бир гана маселени камтып, кыска жана так жазылат. Ал эми чоң чогулуштарга, актуалдуу маселелерге арналган иш кагаздары материалдын текстинин өлчөмүнүн чоңдугу менен айырмаланат жана татаал формага ээ болот.

Иш кагаздарын жүргүзүүдө төмөндөгүдөй талаптар коюлат: диалекти сөздөрдү колдонбоо; кесиптик терминдерди орду менен жана туура маанисинде колдонуу; артыкбаш сөздөрдү, сөз айкаштарын колдонууга жол бербөө; ыксыз сөздөрдү, көркөм сөз каражаттарын колдонууга жол бербөө; ойдун тактыгы, ачыктыгы, түшүнүктүүлүгү; иш кагаздарынын сабаттуулугу (алуучу адамдын аты-жөнүн, мекеменин жана уюмдун аттарын, иш кагазынын так күнүн туура жазуу); тексттин туура жасалгаланышы (пункттарга ажыратуу, абзацтарды сактоо, катар номурлардын көрсөтүлүшү). Көпчүлүк мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары төмөндөгүдөй жол менен жол-жоболоштурулат: 1. Уюштуруучуиш кагаздары (устав, уюмдаштыруучу келишим, штаттык тизим). 2. Таратып берүүчү иш кагаздар (буйрук, чечим, көрсөтмөлөр). 3. Өздүк иш кагаздары (буйрук, өздүк көктөм, эмгек китепчеси). 4. Каржы-бугалтердик иш кагаздар (жылдык отчет, бугалтердик отчет, смета, кассалык китеп, текшерүү актысы, бугалтердик баланс). 5. Кабардандыруу-маалыматчыл иш кагаздар (акт, кат, телефонограмма, тилкат, протокол).

Ой-пикирлер