Кирүү

Турмуш. Турмушту терең таанып жазалы

Бул кездетурмушөзү ар бир эле кесиптеги кишилерден көптү билишти талап этип калды. Тек өз кесибинин алкагынан чыкпай ошого тийиштүү нерселерди эле билишим керек деген киши баарыдан мурда ошо өз кесибин жөндөмдүү өтөй албайт. Өз багытына, мүнөзүнө карай чоң чеберчиликти жана кенен билимди талап эткен татаал кесиптерди айтпаганда талаачылык, мал асыроо, ал тургай кай бир тар түшүнүктөгү кишилер кем баасынткан иштер, анчейин жеңил көргөн кесиптер билимди, эпти устаттыкты талап этип калды. Малчы менен маектешип көр. Ал тек жайытта мал кайрып жүргөнүнө азыр канагаттанбайт.

адабиятчы аздыр-көптүр өз салымы менен советтик зор адабиятты түзүшүүдө. Ал эми жетекчилерибиз союздун мүчөлөрүнө жекече мамиле кылуу менен ар бир адабиятчынын мүмкүнчүлүгүнө карай талам коюшпастан кээде орунсуз дооматтарын айтышат. Бир адамдын өзүнөн ар башка темадан китеп жазышты талап кылган учурлар да жок эмес.

"Сен айыл чарбасынан чыкпай койдун. Өндүрүштөн жазбайсың. Интеллигенцияны унуттуң!" — деген жемени ушул кездерге чейин угуп келатабыз. Дал ушундай мамилелер да көп учурда өз багытын анча баамдап алалек авторлорду бирде тигиге, бирде буга урундуруп, башын маң кылышы ыктымал. Андай учурларда жазуучу бардыгына жетишүүгө шашат. "Таламга жооп берем" менен желип-жортуп турмушту үстүртөн көрүп, жүүнү бош "чыгармасын жаратууга" ашыгат. Албетте, кудрети жетишсе, жазуучу өз ишин пландуу жүргүзүү менен чыгармачылык өмүрүндө көп тармактуу эмгектерин түзсө, ал анын эрки. Аны куттукташка тийишпиз. Бирок, антип үзүрлүү иштөө көп адамдын колунан келе бербес. Менимче, өз ишинен ийгилик бергиси келген жазуучу бир багытта көбүрөөк иштегени дурус болор эле.

Адам эс тараткандан өзү көбүрөөк өскөн чөйрөнү кеңири билет. Артыкча бала кезден көрүп өскөн турмуш тез таанылат. Эмесе, жазуучу өнөктүктүн талабына алданбастан каалаган, өзүнө тааныш теманы тандаган учурда "ийне менен кудук казган" сыңары талыкпай иштеп ийгиликке жетишер. Кийинки жылдарга чейин көркөм өнөр менен адабиятта орун алып келген бир беткейлик — турмуштун көлөкө жагын танып, жарык жагын гана көрүү, турмушту кеңири таанышка жол ачмак тургай ой-сезимди мокотуп, белгилүү зыянын тийгизди. Адамды тарбиялаш үчүн аны мактай бербестен кемчилигин көзүнө көрсөтө айтыштын өзү алда- канча күчтүү, таасирлүү болорун биз чындыктан көрүп жүрөбүз. Адабият менен көркөм өнөрдө өкүм сүрүп өткөн "конфликтасыз теориясына" таянып алышып, айрым сынчылар бүгүнкү турмуштан жазылган китептерди сынаган кезде, андагы автор тарабынан туура берилген терс каарман болсо, аны бөлүп карашты. "Советтик кишиге ушак. Бизде мындайлар жок!" — деген куру кыйкырыктар, китептин авторуна саясий айыптарды тага салуу артыкча жер-жерлерде көбүрөөк өкүм сүрдү. Кармашкан эки алп сыңары — эски менен жаңынын күрөшү бой тирешип турган кездерде эчен курч окуялар, карама-каршылыктар, эскини көксөп, жаңыны түшүнбөгөндүктүн негизинде жаралган далай татаал мүнөздөр пайда болору закондуу иш.

Эң жакшы, эң жарык нерсенин да белгилүү кемтиги болуп калышы ыктымал. Мөмөлүү, берекелүү дарактын түбүнө түшкөн көлөкөсү бар. Анын көлөкөсү айтылбаса дарактын толук сүрөтү берилбес эле. Турмуш — татаалдыгы, көп сырдуулугу менен сулуу. Анын сырын ачуу таланттуу сүрөтчүгө да оңойлук менен келе бербейт. Ал эми тема жөнүндө кеп козголсо, биз көбүнчө адамды эстен чыгарып: "Шахты жөнүндө такыр жок!", "Пахтаны аз жазасыңар!" "Өндүрүштөн эчтеме жок!" деген жемени жетекчилерден баштап консультанттарга чейин, ал тургай көйкашка сынчыларга чейин айта салыш өнөкөт. Көп учурларда булардын жемеси өздөрү тараптан ойлонуп айтылбастан "Айттым болду, бир милдеттен кутулдум. Жазасыңарбы, жазбайсыңарбы өз ишиңер" деген маанай менен айтылат. Ушундан кийин өз милдетин даана түшүнө албаган кээ бир авторлор "таламга жооп беришке ашыгышат". Шахта жөнүндө, же фабрика жөнүндө жазууга убадасын берет. Ошентип, мында да баягы өнөктүк башталат. Турмушка үстүртөн кароо өкүм сүрөт. Бардыгын куруучу, бардыгын жаратуучу адам экинчи планда калтырылып, машина, маалымат, ар түрдүү түшүнүксүз терминдер биринчи катарга келишет. Мейли бул планда роман жазылсын, мейли повесть, аңгеме жазылсын. Көркөм чыгарма катарында окуучунун сезимин козгоп, ички дүнүйөсүн байытмак турсун кайра анын сезимин мокотуп, тажатып коюучу супсак китептер түзүлүүдө. Мындай китептердин кемчилигин көрүүдөн мурда: "маанилүү тема жөнүндө жазылган" — деп маалымат беришке ашыгабыз. Ошентип, өнөктүк менен башталган ишибиз өнөктүк менен токтолот.

Натыйжада арзан табылган "китеп" ара төрөлгөн баладай кыска өмүрүн аяктайт. ...Жазуучунун "өнөктүгү" өзүнчө десек жаңылышпайбыз. Ал тийип-качып жүрүп арзан табылга менен китеп жарата салышка эч акысы жок. Кандай гана объектини тандабайлык алдыңкы катарда адам турат. Анткени, турмуш дегенде, биз биринчи иретте адамды элестетебиз! Бардыгы адамдын колу менен жаралат. Ар кандай кубаныч да, кайгы да, демилге, алга умтулган зор тилектер да адамдын сезиминен чыгат. Ошондуктан, адамдан татаал эч машина жок экендиги баарыбызга белгилүү. Боорукерлик, таш боордук, ак ниеттүүлүк, кара ниеттүүлүк, чеберчилик, осолдук, мейирмандык, зыкымдык, айтор, жакшылыкка алып баруучу оң сапаттар да жамандыкка кабылтычу терс сапаттар да ар бир адамда бар. Жалгыз айырмысы биринде терс жагы көбүрөөк болсо, биринде оң жагы басымдуу. Бири өз кемчилигин тез көрүп, тез жоё алса, экинчиси өз кемчилигин оңой менен сезбейт, андан оңой менен кутула албайт.

Кандай гана баатыр болбосун анын өз алдынча боштугу, коркоктугу болорун, кандай гана кеменгер акылман болбосун анын белгилүү кемчиликтери болоорун бизге турмуш өзү дайым далилдеп турат. Мына ушул жагынан алып караганда "адам жанынын инженери" аталган жазуучу — чын инженерлик милдетин жогорку деңгелге көтөрмөйүнчө, ал турмушту да кеңири көрө албайт. Бул жөнүндө да "минтсең" же "антсең" турмушту жакшы билип аласың деген белгилүү рецепт жок. Мында да ар кимдин өз жөндөмдүүлүгү, байкагычтыгы, сезгичтиги билет. Ошол эле колхоз талаасында жүрүп, дүнүйөгө жорго минген жолоочудай үстүртөн караган жазуучуларыбыз толуп жатат. Эгин аянтынын арасынан данга зыян келтирүүчү момойлорду, кошаяктарды илип алып жүргөн айры куйрукту, кулалыны көрүп алып: "Эгинге зыян келтирүүчү канаттуулар менен күрөшүү керек" деп, "ураан таштаган" жазуучуларды жолуктуруп жүрөбүз? Албетте, "көрбөс төөнү көрбөйт" деген лакап да бар.

Бул көрбөстүк жазуучуга туура келбейт. Жазуучулук көз көрөгөч, жазуучунун фантазиясы (кыялы) учкул! Талаа түздө жүргөн же станоктун жанында турган кези эмес, кабинетинде, ээн үстөлүндө жазып олтурган кезинде өзү сүрөттөгөн окуяны көз алдына туура элестетмейинче, ар бир каарманды жекече көрмөйүнчө турмушту туура берип жатам деп ишенүүгө болбойт. Сөз — комбайн жөнүндө баратса, жемден чубурган кызыл көзгө көрүнүп, комбайнердүн тери колуңа таамп, самандын жыты мурдуна келип турсун. Сөз — станок жөнүндө баратса, иштелип жаткан нерсе ар бир майда жигине чейин көз алдыга туура элестесин. Эгерде күңгөйдүн көрүнүшүн сүрөттөсөң, андагы өсүмдүк, жан-жаныбардын тиркчилиги өз өзгөчөлүгү менен көз алдыңа туура тартылсын. Береги токум бетиндей такырда өзүнчө түйшүктөнгөн узун мурут кара коңузду карап токтоло калсан, каармандын бетине жерден тийген күндүн илеби кандай тийгенин туура сез. Ал эми сөз адам жөнүндө баратса, сен анын кыймылын көр, айткан кебин ук, ойлоп турган оюн тап. Айтор, өзүнүн оң жана тетири сапаттары менен тирүү киши көз алдыңда турсун. "Советтик адам мындай болбойт" деген чечим турмушту калыс байкоодо белгилүү зыянын келтиргени айтылды.

Ал тургай толгон жакшы сапаттары менен бирге кишилердин ар кимисинин өзүнчө кемчилиги болору талашсыз болду. Буларга бир катар мисалдарды келтирсек да болот: жакында ири колхоздун төрагасы менен тааныштык. Сөз жок, ал чарбанын жайын жакшы билет. Өзү башкарган артелдин кожолугу жолго коюлуп, өткөн жылдарга караганда кирешеси арткан. Райондук кеңешмеде иши макталып, жүзү жарык. Алдында "Победа!" Балким, ушундан чыгар, биз таанышкан жакшы башкарма бир 276 аз көп көлөң, ал тургай оройлугу да байкалат. Жакын тааныша келгенде, дагы жакшы сапаттары менен бирге анын башка кемчиликтери байкалды. Сөзсүз төрага биздин киши. Бирок ал кемчилигин сезиш үчүн, өзүнө окшогон кейипкерди окуган китебинен жолуктурса, аны ойлонтор беле? Албетте, ойлонтот. Же, мына, Сырттакы малчыларга келатып, ээн ашууда, жолдун бетинде ыксыз жатып калган таштарды тазалап жүргөн карыяны жолуктурдук. Биз аны жолчу деп болжогонбуз. Бирок тааныша келгенибизде карыянын жолчу эмес, малчы экенин билдик. — Ташты эмне үчүн терип жүрөсүз? — деген биздин суроого карыя мындайча жооп берди: — Ээ, балам, жол деле биздики да. Колхоздун, өмкөттүн машинелери өтөт. Өз ордунда жатпаган таштар дөңгөлөктөргө зыянын тийгизбей коючубу.

Карыянын бул ак ниеттүүлүгү — кадимки жакшы сапат! Ал эми биздин кээ бир жаштарыбыз, ал тургай комсомолдор өзүнө тагылган милдеттүү иштерин кош көңүл аткарганы жалганбы? Ал мындай турсун оройлук, улууну сыйлабастык же андан да жаман жоруктарга баруучулук толуп жатпайбы? Тарбиялык жактан жаштарга таасир бериштин ордуна биздин көп "таттуу" китептерибиз алардын жүрөгүнө тийгени жалганбы? Тарбиянын эри күчтүүсү кемчиликти бетке айтуу, жашырып-жапбай ачык антуу эмеспи. Башканы айтпаганда: "Биздин кишилерде кемчилик болбойт!" деп жүргөн кездерде, кээ бир адамдар зөөкүрчүлүктү атайы сыймык катарында көрүп, мас болуп алышып көчөдө кыйкырын сөгүнүү алар үчүн анчейин көрүнүш. Зөөкүрлүк зыяндуу экенин бетке айтып, коомчулук тарабынан катуу сын жүргөндөн бери көчөдө кыйкырчу мастар да азайды. Ичкиликтин тизгини тартылып, баштакы "эч оңолбос" зөөкүрлөр эми тартиптүү, коомдук иштерге катышкан пайдалуу кишилердей боло башташты... Ал эми келечектин кишилерин тарбиялаш милдети мойнунда турган биздин педагогдордун, адамдын ден соолугун сактап, анын өмүрү үчүн кам көргөн врачтарыбыздын кемчиликтери канча!

Бул — кемчиликтерди гана көрөлү деген сөз эмес. Турмуштагы чындыкты туура байкайлы дейбиз. Асыл затты бир аз кирдетип турган чаң сыңары дүнүйөгө көз караштары тар айрым кишилердин мүнөзүндөгү кемчиликтер — терс сапаттар. Бирок турмуштан жолуктурган жакшы менен жаманды ылгабай таразага сала берүү жазуучунун милдети эмес. Турмуштан тандап алган чындыкты жазуучунун курч, тунук фантазиясы дагы иргеп-ылгап, ага терең мазмун, бийик идея кошуу менен өңү өчпөс сүрөт, унутулгус мүнөздөрдү, жарык элестерди түзөт. Ошентип, акыл-эс, жазуучулук ой-сезим иштеп чыккан жана аны көркөм жараткан чынчыл чыгармаларды берели. Турмушту терең көрбөгөн жазуучу — жоокери жок колбашчы. Ал канчалык айкырып, кылычын күнгө чагылыштырган менен да жалгыз өзү зор жеңишке ээ боло албайт!

Ой-пикирлер