Кирүү

Токтосун

1963-жыл. Декабрь айы. Улуу күүчү, комузчу Кара-Молдонун туулган күнүнүн сексен жылдыгы туулуп өскөн айылы Корумдуда өттү. Бул салтанатка катышууга шаардан теңтуш замандаштарынан Саякбай, Чалагыз, композиторлордон — Абдылас, Акмат, филармониянын артисттеринен Токтосун, ж. б. барышты. Кеченин өтүшүнөн музыкалык берүү уюштуруш үчүн адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышып, борбордун угуучуларынан, адистеринен жогорку бааларды алат. Токтосун байыркы темир комуздун калк арасында кадырбаркын өтө бийик көтөргөн таланттуу профессионал аткаруучу болгон. Токоңдун жаркын аткаруучулук шыгы да комузда көрүнгөн. Ал Ныязаалынын "Кара өзгөй", "Кер толгоо", Атайдын "Маш ботой", "Маш Камбаркан", "Кыз кербез", Токтогулдун "Тогуз кайрык", "Чайкама", "Чоң кербез", Айдараалынын "Көйрөң күү", Майлыбайдын "Шалкы күү" деген күүлөрүн өзүнчө стилде, өзгөчө мүнөздө аткарган.

Токтосун Б. Кулболдиев жетектеген комузчулар ансамблине да катышып, чакан коллективдин да мыкты аткаруучуларынан болгон. Токоң кыл кыякты да тартып, ырларды коштоп, элдик күүлөрдү аткаруучу. Айрыкча ал кыл кыяктын коштоосунда элдик "Паризат" аттуу ырды өтө берилип ырдоочу, өкмөт менен партиябыз Т. Тыныбековдун аткаруучулук чеберчилигин жогору баалап, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды берген жана "Ардак белгиси" ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен да сыйлаган.

Т. Тыныбеков 1947-жылдан КПССтин, 1953-жылдан СССРдин Жазуучупар Союзунун мүчөсү болгон. Ал акын катарында жетисегиз ырлар жыйнактарын да чыгарган. Токтосун таланты ташкындап турган курагында 55 жашында 1982-жылы октябрь айында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Ой-пикирлер