Эр мушташ
Эр мушташ (эр уруш). Кыргыздар табиятында мушташып көрүшпөгөн, мушташты сүйүшпөгөн. Ачуулары бири-бирине келе калса, жакалашуусу, анча-мынча кер-мур айтышуусу, күнөө кимден көбүрөөк кеткенин се-зишүүсү, кайра жакаларынан колдорун кое бершип, ич ара өзүлөрү эле, же калыстар аркылуу кеп-сөзгө, жүйөөгө моюн сунушуусу.
"Жакалаша кетишип", "камчы үйрүшүп", "тизгин кагышып", "те-минишип", бул өңдүүлөр элибизде ото одоно көрүнүштөр. Мындай-ларга эл ичи, аксакалдар жол бербеген. Күнөө кеткенин айыпка жыгып койгон. Ал калктын ыркын кетирүү болгон. Азыр уялбай эле бул спорт оюндарынын катарына кирүүдө. Эржигиттержайдактөштөнгөн. Бет, жаак, чеке тарамыштары түйүлүп, кандары кайнайт. Былчылда-та мушташат. Ошого да эл топтолуп, бүт денелери дүрбөшөт, калты-ракбасат. Батыш, чыгыш, түндүк, түштүкжумуруяттарын көрүп, алар-ды туурап, көзгө көрүнгөндү көпчүлүккөжасай берүүбүз менен алар пайдабыз, көрөр күнүбүз кайсылар?
Биринчиден, элдик маданият, ата-баба ыйык жолу кайда ка-лат? Эгемендүүлүк десе эле башкалардын кунарсыз жагдайларын туурообу? Белимчилик кылуубу? Бул башка мусулман өлкөлөрүндө барбы?
Экинчиден, салт-санаабыз, каада-наркадашып, акыры мушташып кан суюлууга өттүбү? Элибиздин эчтеке менен иши жок ушун-дай одоно жосундарды көрүп калуудабы?
Үчүнчүдөн, мушташып жүрүп, чыныгы спортсмен аталабы? Бети-баштары тырыйып, куник көрүнөбү? (Боксер, каскадер, каратэ кыр-гыздын табитине ойдогудай коошобу?). Ар бир элдин улуттук өз бөтөнчөлүк-өзгочөлүктөрү бар. Ага адамзатты куштарлантып кел-ген. Эми биз мушташып, дымактанабызбы? Бир чактары "Мешок чабыш" пайда болгон. Ал ат майданындагы таң-тамашаларга кир-ген. Жайдак минип мешокко саманды жарым-жартылай толтуруп алып, бири-бирн башка-көзгө койгулашса, чет елкөлүктөр маашыр алуучу. Арсыздар үчүн кыраан-каткы. Алар ошондой одоно көрүнүштөргө талгактары кануулары.
Төртүнчүдөн, кызыл-төш мушташуу - кызыл кандын бузулушу, суудай суюлушу жана жинденүүсү. Мындайды көргөндө эле кыжыр-дануусу, кыжырдануусун токтото албашы. Муштумдары түйүлүп оту-руп, тура калышуу. "Чыр чыккан жерди көргөндө, чын күлүктөй
ээлирүүсү". (Райкан). Демек, кан-сөөлү качышы. Ырайымдуулук жүздүн жоголушу.
Бешинчиден, андайлар үй-бүлөчүлүктөгү кажы-кужуну кетере албашы. Биз көрүп-билип жүргөндөй, мындайлардын кызуу кандары тукумкуучулукка да доо кетирүүсү. Коймаарек, айкөл, жайдары, конур, сылык сыяктуу кыргыз мамилелерден кол жууп калышы. "Боксер ыргыта бир койду", "Ал эр мушташка катышат, өлтүрүп коет", "Мушташты эле самап турат", "Токтоно албай турат", "Тишин күбүп салды", "Ушундай да оюн-тамашаны чыгарышабы?" ж.б.у.с. кептер Кыргыз Ата тукумуна аброй, сыймык, сыйлык алып келеби? Арийне, биз жогоруда айткан жана айтпай калган "Эр уруш" элибиздин абал-тан келген адебин, келечеги менен жаш муундардын тарбияланы-шында деле улуттук сөөлөт да эмес. Мындай жорук - жүрөк каны коюу асыл калкыбыздын касиетинин кунун учуруу. Бул башка му-сулман өлкөлөрүндө бар бекен? Муну ойлонуу зарыл.
"Эр мушташтын" т.а. муштум менен мушташтын эң эле жаман жагдайы - жан эттери желип, бири-бирине өчпөс так калтыр-гандар, ирбитин келтирип өч алуусу. Ич ара сөөкөчтүүлүгү. Акыры андан төрөлгөн муундун ойдогудай өсүшүндө кедерги мендем-дин шексиздиги.
Жүрөк каны коюу, кой маарек, коңур адамдын, ушинтип, кызуу кандуу - суюк кандуу болушу м.а. "каны суюк", атка конушу, айла-на чөйрөсү, бала-бакырасы өз жактары үчүн да уятка калуусу. Бул урукка, бир атанын тукумдарына, бара-бара урууга, акыры Кыргыз Атага доо кетирип коюусу. Айтымдарында, Чаткалда орөөнүндөгү Чапай айылында кыпчактар жашашат. Балдары кез-кез эр көкүрөктөнүп, мектептерге келишип, окуучуларды атайын мушташу-уга чакырат. Мында ураан талашуу турат. Мындайга Союздун уба-гындажол берилбеген. Акыры мушташ ыйманды, адепти, ынтымак-ты, ырысты жеп жутуусу. Бул тутанса ортко айланат.
- "Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп"
- Тушоо кесиш айтымы
- Ата-эне балдарды өстүрүү жана үйлөндүрүп энчилер берүү салты
- Чач сатуу жосуну
- Тукумду жакшыртуу