Кирүү

Чамгарактап турган кези

Чамгарактап турган кези. Адатта, ит ез айылында, тетен, ез үйүндө, короо жайында, бироолордон анча коркпойт. Ээси тур-ганда келген адамдарга, мал-салга баатыр көрүнөт. Куйругун чам-гарактатып, жонунун түгүн чыгарат. Ээсинен буйрук күтөт. "Ал" -деп койсо, алын билбей, түз эле атырылып барып тиет. "Айыл итинин куйругу чагарак" - деген макал ушундайдан келип чык­кан. Ал бара-бара "чагарактап турат" болуп айтылып калган. Буга боз үйгө көчүгүн такап үрүүсү үндөшөт. Демек, сөздүн ток этээ-ри мында "чамгарактап турган кези" адамдарга етме мааниде айтылып жатпайбы! Кор дүнүйөнүн ооматы аркылуу эсирип, ар

кимден айбыкпай, коркпой-уркпой терт тарабы түгөл, кыбыла ке-зин билдирип отурбайбы!

Чамгарак - боз үйдүн түндүгүнүн чабагынын ортосундагы кар-шы-терши коюлган жыгачтары. Үйдөн бирдеме чыкса: "Ой, чамага-рак кимдики, чырды өз үйүңдө чыгаргын", - дейбиз. Чамгарак бийик-те турат. Ит адамдын жоругу буга ундошет.

Ой-пикирлер