Кирүү
Айыл чарба бөлүмү
Агрардык өнөр жай комплексин башкаруунун республикалык жогорку мектеби — агрардык өнөр жай системасында иштеген жетекчи кадрлар менен башкы адистердин билимин өркүндөтүү мектеби.
Агрардык өнөр жай комплекси — айыл чарба продукциясын, азык-түлүк жана айыл чарба чийки затынан эл көп керектөөчү буюм чыгаруучу, алар менен калкты жабдуучу эл чарба тармактарынын жыйындысы.
Агрардык өнөр жай комплекс бөлүмдөрүнүн өз ара экономикалык мамилелери — өндүрүш процессинде, продукция алмашууда жана кызмат көрсөтүүдө айыл чарба ишканаларынын өз ара экономикалык байланышы.
Агрардык өнөр жай комбинаты — жаңы типтеги айыл чарба бирикмеси. Ал администрациялык райондун базасында түзүлөт.
Агрардык өнөр жай ишканасы — составында өнөр жайлык өндүрүшү (айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуу боюнча) бар айыл чарба ишканасы.