Кирүү

Бешик ыры

Алдей алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.

Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисте толгон эт келет.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.

Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.

Ой-пикирлер



2021-03-02
Асылай
Абдан сонун.Буга чейин текстин билбейле Ырдай берчумун.Мурда бир жаттаган боюнча
2021-01-17
Мага
Базар жок
2020-09-04
Нуркыз
Рахмат видеону менин бобогум уктап калды ушул воды ырдап берсем