Кирүү

Беш таш

Беш таш, топ таш жаш балдардын, кобунчо кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бироо колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, учтен, акыры тертеену чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты кекелете акырын ыргытып, анын биреосун колунун сыртына тосуп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге тушкен таштарды сол колунун бармак, сеемейун жерге такап, экөөнү алдынан еткере бирден шилтейт. Жыдыбай баарын еткерсе, оюнун улап экиден, учтен, акыры тертеену бир шилеп еткорот. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине берет.
(К.Т.Э.)
Жашынмак дагы жаш балдардын, кыздардын оюну болот. Эки болунуп ойнойт. Жашынмак деген оюндун туру мындай болот. Балдар эки болунуп алып чеп жашырышат, чепту таап алса, берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат.
Мисалы, жыйнаган отундун, чептун араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын тубу, терек, тал, карагайдын бутактарынын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же чыгдандын ичине, тактанын алдына, жуктун бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кийе коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казанаяк жакта кызмат кылган болуп журе берет. Аларды ете кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.
Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса, берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса, алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын кыраакы, эстүү бала экен делип калат.

Ой-пикирлер