Кирүү

"Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны"

"Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны". Бала ат жалын тартып минээри менен эле ата-эненин кубанычы артылат. Азыр деле эркек бала малга-башка тээкболот. Илгери "ат-адамдын канаты" аталгандыктан алыс-жакында аш-тойлор, таң-тамашалар арбын. Аларга созсуз ат менен бара коро турган. Андай жагдайлар балага унутулгус элес калтырган. Албетте, эл керген, жер корген бала укмуштарга кубе болгон. Кагылат-согулат, таалим-тарбия алат, бирөөлөргө таасирленет. Айрым үлгүлүү жагдайларын, ошондой жердеги оң каада-салтын, үрп-адатын бала өзүнө сиңирет. "Жер тамырынан эл тамыры коп", жакындары чыгат. Таанышуулар, достошуулар, илгери-кийин кайын журт, куда-сөөк күтүүлөр, ж.б. байланыштар өөрчүйт. Аттан ат тандап, баласына арнап, айыл аралатуу - аталык камкордук болуп саналат.

Ой-пикирлер



2020-09-24
Бермет
Тушунбодум