Кирүү

Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт

"Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт". Кайынага - келин-дин эринин агалары. "Калтайбаса" - уялбаса, улуулук, кайынага-лык, сыпат, абийирди сактабаса - деген мааниде. "Келтейбейт" - ал антип жаткан соң, келини эмнеден уялмак эле, ага карата мамиле кылуу. Ушундан улам ич-ара сыр ачуулар, кеп айтуулар, ортодон махабат мамилелери тутанып кетүүлөр да пайда болот.

" Узун көбөө тон кийип, Көйкөлөсүң, кайынага. Өзүңдөн кичүү теңдүүгө, Сүйкөнөсүң, кайынага". (эл ыры)

Жаштар оюндарында, жоро отуруштарда, сармерденде, кайы-нагасына беттей, ушинтип соз каткан келиндери да чыккан. Арийне, мындай жоруктар мындайраак, кыйыр, жети ата еткен, кыз алышпа-ган туугандар арасындагы кайынага, кайынэже, жезде, тайжезде ортолорунда жел өтүүчү эмес. Алар бири-биринен уяттуулукту, өтө абийирдүүлүктү сакташа турган. Дагы бир мисал, "Кунажын кезун сүзбөсө, букачар мурунтугун үзбөйт" - деген макал бар. Кунаажын - ургаачы торпок. Букачар - биттелбеген эркек торпок. Өтмө маа-ниде алганда кунаажын - бешкекул, букачар - улан. Түшүнүктүүдүр... Экөө ич-ара махабат тууралуу сырдашпаса, бул балакет кайдан болот эле деген ой жатат.

Ой-пикирлер