Кирүү

Ак тамак, көк тамак

Элге кеңири белгилүү күүлөрдүн бири — Атай Огомбаевдин "Ак тамак, Көк тамагы". "Ак тамак, Көк тамакты" чертүүнү самаган комузчулар аз эмес. Ошолордун ичинде Атайдын жакын шакирти Шекербек Шеркул уулунун "Ак тамак, Көк тамагы" жогорку чеберчиликте аткарылышы менен айырмаланат. "Мен Атакемден (Атайдан) болгону эки гана жаш кичүү болчумун, — деп эскерген Шекербек, — чынын айтсам комузда чертүүнү, ырдоону да ошол Атакемден үйрөнгөм. Кийин мени филармонияга алып келген да ошол Атакем болду.

Сен чертип ырдап жүр деп "Ак тамак, Көк тамагын" мага дыкаттык менен үйрөттү. Ал учурда мен дагы филармонияда иштеп калган болчумун. Ошондо филармонияда бир эле айылдын жаштарынан Эркесары, мен, Сейдрахман Акчекеевдер бар эле. Ошентип Ак тамак сабалай учуп, Көк тамагына жете албай Чаткалдын белине чыгып алып, кай тарапка учуп кетти болду экен деп издеп жатканы", — деп айтып, сөөмөйлөрүн соймоңдотуп, комуздун башына чыгарып алып ойсоктотсо, куду эле чымчыктай болуп калаар эле. Ак тамак, Көк тамак аттуу эки чымчык болот.

Ак тамагы — аялы. Көк тамагы — күйөөсү. Булар Таластагы "Кең-Кол" атанын тушуңдагы калың токойдун ичинде илгерки Акун кандын кызы Айчүрөк конгон чынар терекке уя салып, турмуш күгүп жашап турушат. Күңдөрдүн биринде аялы Актамак күйөөсү Көктамакка мындай дейт: —Таласың ак кар, көк муз кетпеген, мөмө-чөмө бышпаган салкын жер болот экен. Андан көрө Кара-Буура, Чаткалдын ашуусун ашып, Аксы багытына кетели. Анда коон, дарбыз, анжыр, курма, алма, өрүк, шабдалы, жүзүм ар түрдүү жемиштер көп. Анда күйөөсү Көктамак: — Эй Актамак ынагым. Таласта эле туралык. Алтай, Каңгай, Кундуз, Жылдыз, Үрүмчү, Турпан, Кулжаны таштап, Манас атам жайлаган жер эмеспи. Жайдын толук кезинде кыз жытындай атыр жел.

Шагырап коюлган шагылы жок, куюн учурар чаңы жок. Жайыты кенен, токою калың, балыгы сууда ойногон мындай жер болобу? Анда аялы Актамак: — Эмесе, сайрашалы, жеңгенибиз жеңилгенди ээрчитип кете берели, — дейт. — Мейли, мурун кимибиз сайрайлы? — дейт күйөөсү Көктамак. — Үй ээси сиз. Кезекти сизге бердим, — дейт аялы Актамак. Ошондо Көктамак сайрайт. — Эми кезек сиздики, — дейт күйөөсү Көктамак. Актамак сайрайт. Аялынын мукам, кооз күү кайрыктарына күйөөсү Көктамак суктанат, ыраазы болот. Ак тамакты булакка киринтип, канатын чапкылатып, кайра учуп, уясына конушат. Бутактан бутакка куушуп ойнойт. Чынар теректин боору менен улам жогорулап, тумшугу менен курттарды чокуп жеп, кылда башына көтөрүлүп айлананы карашат.

Улам алым-сабак сайрашып, биринин кайрыгын бири толуктап, ааламды шаңга бөлөшөт. Акыры күйөөсү Көктамак жеңилип, Чынардан учуп чыгышып, Кара-Бууранын өзөнү менен өр талаша канатын каккылап, Аксы багыты кайдасың деп сапар улашат. Алдыда аялы Ак тамак канат куйругун таранып, кубанычтан кулпунуп учуп барат. Күйөөсү Көктамак кайкып сызып, аялынын соңунда. "Ак тамак, көк тамак" күүсүнө мазмундаш Айдаралы да "Эти ак, сүтү ак" аттуу күүнү жараткан. Анда "Эки чымчыктын кайымдаша сайрашканы, бышыкчылыктуу ысык жерди издешип, сапар чегишкени баяндалат.

Айдакең бул күүнү черткенде комуздан эки чымчыктын эки башка үнүн алып, канат каккандарын дырылдатып, кайымдашканын быжыратып, "мунусунун эти ак, тигинисинин сүтү ак, бактан бакка, шактан шакка мына минтип сайрашканы деп, эпкиндете чалып, кебетесин эки чымчыкка окшоштуруп, элестерин элге жеткире чертчү экен". (Б. Алагушев. Кылымдардын кылдары. Ф., 1983, 35-бет). Бул күүлөрдүн баяны мазмун жагынан бири-бирин кайталап тургансыганы менен, чыгарманын авторлору (Атай, Айдараалы) өз ыкмасы, өз стили менен айырмалуу эки башка комузчулар болгондуктан, күүдө берейин деген ой (идея) эки башка мааниге чечилген. Мисалы, Айдараалы эки чымчыктын мамилесин өзүнө таандык куудулдук өнөрү менен берсе, Атай каармандарынын (Ак тамак, Көк тамак) ой мүдөөсүн, кылык жоруктарын кол ойнотуу аркылуу жеткирген.

Ой-пикирлер