Жылан чакпаса, жылкы теппесе
"Жылан чакпаса, жылкы теппесе". Адатта, жылан чагат, жылкы тебет. Чаккан жыландын уусу болот, денеге тарайт. Адам-дыбы, айбанаттыбы жабыркатат. Жылкы тепсе ошондой болушу мумкун. Албетте, бул түшүнүктүү дечи. Өтмө мааниде айтканда эчтемеден эчтеке жок, бири-биринен алыстоолор, салкын мами-лелер, ич-ара катташпай кетүүлөр, саламдардын солгундашы, тим-ден-тим туруп эле аралары ачуулуулары ж.б. жүйөөлүү себептер-сиз эле тым-тым болуулары.
Муну жамаатка да, коомдук турмушка да байланыштырышат. Тынчтык шартта да, өсүп-өнүү мезгилинде да күтүүсүз эле эконо-миканын, элдин жашоо-тиричилигинин чөгүшү, туңгуюкка барып токтолушу, тартип-тазалыктын жоктугу, ууру-каракчыларынын, кызыл кулактардын, алып-сатарлардын, сүткорлордун, сойкулар-дын ж.б. биз айтпай кеткен терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү, ачар-чылык, букарачылык, кедей-байга жиктелиши, коррупция, аң-се-зимдин уулана башташы, кыргыздарда чиновниктердин есуп, зы-янкечтикке айланышы, ынтымактын өз-ара ыдырашы, биреолердун жооп бербей калышы, арийне, кара чаар жылан чакпады, женден жен туруп эле каракер жылкы теппеди.