Жүйөөлү кеп
Жүйөөлү кеп. Арийне, ата-баба салтында, ар бир элдин аде-бинде, урук, урууларда "кепке кемтик, сөзгө сөлтүк" болбошу үчүн этиет жүрүү, туура жолду багыттоо, нукура таалим-тарбия көрүү сыяктуу сапаттарды аркалашкан. Бироолор бир күнөө кетирсе, ал айыл ичинде белгилүү. Ууру кылса, ушак суйлесе, эр олтурсе, эриш бузса, кийинки муундары үчүн да бетке чиркоо болгон. "Алардын тукуму ушундай, ата-бабаларынан бери айтылып келе жаткан соз" -делет. Кеп-соз кыябы келе калганда башкача турде дал ошол айып-тарын, таалуу жерин толгоп, айтууга кыргыздар чебер да, чечен да, жүйөөлүү да болушат. Мында, "Силер эмнеңерге мактанасыңар, бизди билбейт дейсиңерби?" - деп, соз баштаганда кепке шылкыят. "Уят олумдон да катуу" - дегендей мындай жагдайларына алар сына түшөт. Ошон үчүн ар бир журтчулук аяр жүрүшкөн.